Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

15-БӨЛҮМ

Көзөмөлчүлөр жыйналышка кантип кам көрүшөт?

Көзөмөлчүлөр жыйналышка кантип кам көрүшөт?

Финляндия

Насаатташат

Көңүл бурушат

Кабар айтышат

Биздин уюмда акча алып кызмат кылган диний жетекчилердин тобу жок. Ыйык Китепте Кудайдын эли оторго салыштырылат. 1-кылымда жыйналыш жаңыдан негизделе баштаганда Кудайдын оторуна кам көрө турган көзөмөлчүлөр дайындалган. Бүгүнкү күндө да жыйналышты көзөмөлдөп, насааттап турган көзөмөлчүлөр бар. Алар аксакалдар деп да аталат (Элчилер 20:28). Кудайдын мыйзамын терең түшүнгөн, Кудайдан корккон аксакалдар жыйналыштагыларга «аргасыздан эмес, даярдуулук менен, арам жол менен пайда көрүш үчүн эмес, чын көңүлдөн» кам көрүшөт (1 Петир 5:1—3). Көзөмөлчүлөр кандай милдеттерди аткарышат?

Алар бизди жетектеп, кам көрүшөт. Аксакалдар жыйналыштагыларды Ыйык Китепте жазылгандарга ылайык насааттап, ар бирине Кудай менен ынак мамиледе болгонго жардам беришет. Аларга ушундай маанилүү жоопкерчиликти Кудай артканын билгендиктен анын элине үстөмдүк кылышпайт. Тескерисинче, биздин пайдабыз үчүн эмгектенип, Кудайга кубанып кызмат кылышыбызга өбөлгө түзүшөт (2 Корунттуктар 1:24). Койчу оторундагы ар бир коюн карап, жакшы баккандай эле, аксакалдар да жыйналыштагылардын ар бирине көңүл бурганга аракет кылышат (Накыл сөздөр 27:23).

Алар Кудайга жаккан иштерди кылганга жардам беришет. Аксакалдар Кудайга болгон ишенимибизди бекемдеш үчүн жума сайын жыйналыш жолугушууларында бизди насааттап турушат (Элчилер 15:32). Кудайга берилгендикте кызмат кылган аксакалдар кабар айтуу ишин жетектешет, биз менен бирге башкаларга кабар айтышат жана кызматыбызды жакшы аткарышыбыз үчүн окутуп-үйрөтүшөт.

Ар бирибизге көңүл буруп, ишенимибизди бекемдешет. Жыйналыштагы аксакалдар Жахаба Кудай менен тыгыз мамиледе болушубузга жардам бериш үчүн үйүбүзгө келип же Падышалык залынан бизге көңүл буруп, Ыйык Китептен аяттарды окуп берип, ишенимибизди бекемдешет (Жакып 5:14, 15).

Аксакалдар жыйналыштагы милдеттерин аткаргандан тышкары, үй-бүлөсүнө кам көрүп, аларды багыш үчүн иштеп акча табышат. Ооба, биз үчүн талыкпай эмгектенип жаткан көзөмөлчүлөрдү урматтап-сыйлашыбыз керек (1 Тесалоникалыктар 5:12, 13).

  • Аксакалдар жыйналышка кантип кам көрүшөт?

  • Аксакалдар ар бирибизге кандайча көңүл бурушат?