Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5-БӨЛҮМ

Жыйналыштан кандай пайда алабыз?

Жыйналыштан кандай пайда алабыз?

Аргентина

Сьерра-Леоне

Бельгия

Малайзия

Көптөр жашоодогу маанилүү суроолорго жооп таба албагандыктан динге ишенбей, диний уюмдарга барбай калышты. Анда эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү уюштурган жыйналыш жолугушууларына барып көрүшүңөр керек? Ал жактан кандай пайда аласыңар?

Бири-бирин чындап сүйгөн, бири-бирине кам көргөн адамдар менен болуу кубаныч тартуулайт Б.з. 1-кылымында Иса пайгамбардын жолдоочулары Кудайга сыйыныш үчүн, Ыйык Китепти изилдеп, бири-бирин бекемдеш үчүн чогулуп турушкан (Еврейлер 10:24, 25). Алар андай жолугушууларда бири-бирине чыныгы достордой, бир туугандардай мамиле кылышкан (2 Тесалоникалыктар 1:3; 3 Жакан 14). Биз да Кудайга сыйыныш үчүн чогулуп турабыз. Жыйналыш жолугушуулары бизге кубаныч тартуулайт.

Кудайдын Ыйык Китептеги кеңештерин жашоодо кантип колдонсо болорун үйрөнөбүз. Байыркы убакта Кудайдын эли эркек-аял, жаш-кары дебей Кудай жөнүндө билим алыш үчүн чогулуп турчу. Бүгүнкү күндө өткөрүлгөн жыйналыш жолугушууларында Кудайга бекем ишенген, Ыйык Китепти жакшы билген эркектер Кудайдын Ыйык Китепке жаздырып койгон кеп-кеңештерин жашоодо кантип колдонсо болорун үйрөтүшөт (Мыйзам 31:12; Некемия 8:8). Жыйналыштан Кудайды даңктаган ырларды ырдап, талкууга катышып, келечекке болгон үмүтүбүздү эл алдында жарыялай алабыз (Еврейлер 10:23).

Кудайга болгон ишенимибиз бекемделет. Бир пайгамбар: «Силерди көрүүгө куштармын, анткени... силердин жана менин — баарыбыздын ишенимибиз менен бири-бирибизди бекемдешибизди каалайм»,— деп жазган (Римдиктер 1:11, 12). Падышалык залына келгенде бири-бирибиз менен маектешкенибиз Кудайга болгон ишенимибизди бекемдеп, Кудай жолунан чыкпаганга түрткү берет.

Ушул айтылгандардын баарын өз көзүңөр менен көрө алышыңар үчүн силерди жакынкы арада боло турган жыйналыш жолугушуусуна чын жүрөктөн чакырабыз. Жахабанын Күбөлөрү силерди ­жылуу тосуп алышат. Келгендер акча төлөшпөйт жана жыйналыш өткөрүлүп жаткан маалда эч кандай акча чогултулбайт.

  • Жыйналыш жолугушууларын өткөрүүдө кимдерден үлгү алабыз?

  • Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарына келүүдөн кандай пайда аласыңар?