Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

12-БӨЛҮМ

Кабарды кантип таратабыз?

Кабарды кантип таратабыз?

Испания

Белорус

Гонконг

Перу

Иса пайгамбар өлөрүнө аз калганда: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат. Ошондон кийин дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет»,— деген (Матай 24:14). Жакшы кабар дүйнө жүзүнө кандайча таратылууда? Иса пайгамбардын жолдоочулары ал колдонгон ыкманы колдонуп, жакшы кабарды дүйнө жүзүнө таратып жатышат (Лука 8:1).

Үймө-үй кыдырып айтабыз. Иса пайгамбар шакирттерине үймө-үй кыдырып кабар айтууну үйрөткөн (Матай 10:11—13; Элчилер 5:42; 20:20). Анын 1-кылымдагы шакирттери кабарды белгилүү бир аймакта айтышкан (Матай 10:5, 6; 2 Корунттуктар 10:13). Биздин күндөрдө да кабар айтуу иши уюшкандыкта жүргүзүлүүдө. Ар бир жыйналышка аймак бөлүнүп берилген. Мунун аркасында Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жарыялап, Иса пайгамбардын буйругун аткарып жатабыз (Элчилер 10:42).

Бардык жерде кабар айтабыз. Иса пайгамбар эл көп жүргөн жерлерде, мисалы, деңиздин жээгинде, кудуктун жанында кабар айткан (Марк 4:1; Жакан 4:5—15). Биз да, андан үлгү алып, бардык жерде: көчөдө, ишкер аймактарда, сейил бактарда жана телефон аркылуу кабар айтабыз. Мүмкүнчүлүк болуп калганда кошуналарыбыз, чогуу иштешкендерибиз, классташтарыбыз жана тууган-туушкандарыбыз менен Кудай жөнүндө сүйлөшөбүз. Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн ушундай иш-аракетинин аркасында миллиондогон адамдар өмүрдү сактап кала турган жакшы кабарды угуп жатышат (Забур 96:2).

«Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды кимге айтсам болот? Кабарга кулак каккандарды кандай сонун келечек күтүп турат?» — деп ойлонуп көргүлө. Бул жакшы кабарды создуктурбастан башкаларга айткыла.

  • Эмне тууралуу «жакшы кабар» жарыяланышы керек?

  • Жахабанын Күбөлөрү Исадан үлгү алып, кантип кабар айтып жатышат?