Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ

Көпкө күрөшүп, акыры, арылдым

Көпкө күрөшүп, акыры, арылдым
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1953

  • ӨЛКӨСҮ: АВСТРАЛИЯ

  • МУРУН: ПОРНОГРАФИЯ КӨРЧҮ

МУРУН.

Атам 1949-жылы Германиядан Австралияга көчүп келиптир. Ал тоо кен өнөр жай жана электр энергия өндүрүү тармагынан жумуш издеп, Виктория шаарынын элет жерине отурукташып калыптыр. Ал жактан апам экөө үйлөнүп, 1953-жылы мен төрөлүптүрмүн.

Бала кезимде апам Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган, ошо себептен кичинекейимен тартып эле Ыйык Китеп жөнүндө билем. Бирок атам бир да динди жактырчу эмес. Ал аябай ачуулуу болуп кеткендиктен, апам андан коркчу. Ошентсе да Ыйык Китепти жашырынып изилдей берди. Билгендерин атам жокто карындашым экөөбүзгө айтып берчү. Ал бейиш жөнүндө жана Ыйык Китепте жазылгандарга ылайык жашасак, бактылуу болорубуз жөнүндө айтчу (Забур 37:10, 29; Ышая 48:17).

Атамдын катаалдыгына чыдабай 18ге чыкканда үйдөн кетип калдым. Апамдын Ыйык Китеп тууралуу айткандарына ишенсем да, алардын канчалык баалуу экенин түшүнчү эмесмин. Ошон үчүн аларга ылайык жашабай калдым. Кийин көмүр шахтасына электрик болуп орноштум. 20га чыкканда үйлөнүп, үч жылдан кийин кыздуу болдум. Ошондон тартып жашоодо чынында эмне маанилүү деген ой көкүрөгүмөн кетпей койду. Ыйык Китептеги кеңештерди колдонсо, үй-бүлө бактылуу болорун билгендиктен Жахабанын Күбөлөрү менен аны изилдей баштадым. Бирок жубайым караманча каршы болду. Бир жолу жыйналышка барганымдан кийин, ал Ыйык Китепти изилдегенимди токтотушумду же үйдөн кетишимди талап кылды. Аргам түгөнүп, айтканына көнүп бердим. Ошентип, изилдөөмдү токтотуп койдум. Туура экенин билип туруп ушундай кылганыма кийин аябай өкүнүп калдым.

Бир жолу кесиптешим порнография көрсөтүп калды. Аны көргөндө бир чети кызыксам, бир чети жаман болдум. Абийирим кыйнап, өзүмдү күнөөлүү сезип жүрдүм. Ыйык Китептен билгендерим эсимде болгондуктан, Кудай мени жазалайт болуш керек деп жүрдүм. Бирок порнографияга болгон каалоом өсүп отуруп, акыры, ага карата көз карашым өзгөрдү. Бара-бара анын кулуна айландым.

20 жылдан ашык убакыттын ичинде апам үйрөткөн нерселерден алыстагандан алыстай бердим. Акылым эмнеге толгону жүрүм-турумуман көрүнүп турчу. Уят сөздөрдү сүйлөп, адепсиз тамашаларды жакшы көрчүмүн. Жыныстык мамилеге карата көз карашым бурмаланып калган. Ошондуктан ойношторум бар болчу. Акыры, өзүмдү жек көрө баштадым.

Ошентип жүрүп аялым экөөбүз ажырашып кеттик. Ошондон кийин турмушумдун таш-талканы чыкты. Бир күнү жүрөгүмдөгүнүн баарын Жахабага төгүп тилендим. Арадан 20 жыл өтсө да Ыйык Китепти кайрадан изилдөөгө кириштим. Ал кезде атамдын көзү өтүп кеткен, апам болсо Жахабанын Күбөсү болуп калган.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.

Ушунчалык бузулуп кеткендиктен, Ыйык Китептеги жогорку нормаларга ылайык жашоо мүмкүн эместей сезилчү. Ошентсе да Ыйык Китепте айтылган бейкуттук жүрөгүмөн орун алышын самачумун. Оозуман жаман сөз чыгарбоону жана терс мүнөзүмдү оңдоону чечтим. Андан сырткары, адеп-ахлаксыздыкка барбаганга, кумар оюндарын ойнобогонго, ичкиликти таштаганга жана иштеген жеримден эч нерсе уурдабаганга бел байладым.

Жумуштагылар менин эмне үчүн өзгөрүүнү чечкенимди түшүнбөй, азгырганга үч жыл бою аракет кылышты. Эгер мурункудай болуп ачууланып же уят сөздөрдү айтып алсам, алар жеңишке жеткенсип маашырлана: «Аа, Йоз баягы таз кейпин кийиптир»,— деп күлүп калышчу. Ал сөздөр жүрөгүмдү аябай жаралачу! Көп учурда көңүлүм чөгүп, колуман эч нерсе келбечүдөй сезилип кетчү.

Иштеген жерим электрондук түрдөгү жана кагаз түрүндөгү порнографияга жык толгон эле. Мурун жумуштан бири-бирибизге жаман сүрөттөрдү компьютер аркылуу жөнөтүп турчубуз. Бирок порнография көргөн адатымды таштамакчы болгондон кийин деле, алар, өчөшкөнсүп, ошондой сүрөттөрдү мага кайра-кайра жөнөтө беришчү. Аябай кыйналып кеткендиктен Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берген бир тууган менен сүйлөшүп, кеңеш сурадым. Ага ичимдегинин баарын айттым. Ал кунт коюп угуп, алсыз жагым менен кантип күрөшө аларымды көрсөткөн аяттарды окуп берди. Ошондой эле Жахабадан жардам сурап дайыма тиленүүгө үндөдү (Забур 119:37).

Бир жолу жумуштагылар чогулган кечеге барып калдым. Баары келгенде, аракечтиктен арыла албай жүргөн эки кишиге сыра берүүнү атайын сунуштадым. Отургандар: «Жок, бербеш керек! Алар ичкилигин таштай албай жүрүшпөйбү!» — деп каршы болушту. Мен болсо: «Көрдүңөрбү, мен деле булардай болуп жатпаймынбы»,— дедим. Ошондо алар порнография көрүү адатымды таштоо мага канчалык кыйын болуп жатканын түшүнүп, кийин азгырбай калышты.

Жахабанын жардам бергенинин аркасында убакыттын өтүшү менен порнография көрүү адатымды таштадым. 1999-жылы өзүмдү Кудайга арнап, Жахабанын Күбөсү болдум. Жаман нерселерден арылып, бактылуу жашаганга дагы бир мүмкүнчүлүк бергени үчүн Кудайга ыраазымын.

Мурда мен көпкө чейин жакшы көрүп жүргөн нерселерди Жахаба эмне үчүн жек көрөрүн түшүндүм. Көрсө, ал, мээримдүү атадай болуп, мени порнографиянын залакасынан коргогусу келиптир. Накыл сөздөр 3:5, 6-аяттардагы: «Бүт жүрөгүң менен Жахабага таян, өз түшүнүгүңө ишеним артпа. Бардык жолдоруңда Кудайды эстеп жүр, ошондо ал сенин жолдоруңду түздөйт»,— деген сөздөрдүн калети жок. Ыйык Китептеги нормалар адамды жаман нерселерден коргоп эле койбостон, бактылуу кылат (Забур 1:1—3).

ПАЙДАСЫ.

Мурда мен өзүмдү жек көрчүмүн, азыр өзүмдү сыйлап калдым, жан дүйнөм да тынч. Жаман иштерден алысмын, Жахабанын мени кечиргенин, колдоп жатканын сезем. 2000-жылы Каролинге үйлөндүм. Ал да Жахабаны аябай жакшы көрөт. Экөөбүз ынтымакта, бактылуу жашап жатабыз. Жаман ишке барбаган, Кудайды да, бири-бирин да сүйгөн элдин арасында жүргөнүбүзгө сыймыктанабыз.