Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайга жагуу мүмкүнбү?

Кудайга жагуу мүмкүнбү?

Ыйык Китептен Кудайдын алдында ишенимдүүлүгү менен белгилүү болгон айрым кишилер жөнүндө окуганда: «Мен эч качан алардай боло албайм! Менин кемчилигим көп, көп жаңылам»,— деп ойлонгон учурларыңар болду беле?

Аюп пайгамбар «кемчиликсиз, түз жүргөн киши» болгон (Аюп 1:1)

Ыйык Китепте Аюп пайгамбар тууралуу: «Ал кемчиликсиз, түз жүргөн... киши эле»,— деп жазылган (Аюп 1:1). Лот болсо «адил киши» катары сүрөттөлгөн (2 Петир 2:8). Ал эми Дөөтү пайгамбар Кудайдын көз алдында «дайыма туура иштерди кылганы» менен белгилүү болгон (1 Падышалар 14:8). Келгиле, Ыйык Китепте жазылган ал кишилердин жашоосунда болгон айрым окуяларга токтололу. Ошондо 1) алардын да жаңылган учурлары болгонун, 2) алардан көп нерсеге үйрөнсө болорун жана 3) күнөөлүү пенде болсок да, Кудайга жагуу мүмкүн экенин биле алабыз.

АЛАР ДА ЖАҢЫЛЫШКАН

Кудай «мыйзамсыздардын ооздукталбаган уятсыз жүрүм-турумунан улам катуу кыйналган адил Лотту куткарып калган» (2 Петир 2:7)

Аюп пайгамбар удаа-удаа келген көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болгон. Ошондуктан ал акырында Кудай үчүн адамдын ага ишенимдүү болгону баары бир деп ойлоп жаңылыштык кылган (Аюп 9:20—22). Ошондой эле өзүн адил деп эсептеген. Андыктан анын сөзүн угуп тургандарга ал өзүн Кудайдан да адил эсептеп жаткандай сезилген (Аюп 32:1, 2; 35:1, 2).

Лот бир жолу токтоосуз иш-аракетти талап кылган жагдайда чечкинсиздик кылган. Ал Содом деген шаарда жашаган жана Содом менен жанындагы Амор деген шаардын аябай бузулган тургундарынын айынан «абдан кыйналган» (2 Петир 2:8). Кудай Лотко ал шаарларды кыйратарын, ошондуктан үй-бүлөсү менен ал жактан чыгып кетиши керектигин айткан. Андай эскертүүнү уккан Лот создуктурбашы керек эле. Бирок ал шашкан эмес. Акырында Кудай периштелерди жиберип, алар Лотту, аялын, эки кызын колдорунан алып, шаардын сыртына жетелеп чыгышкан (Башталыш 19:15, 16).

Дөөтү пайгамбар Кудайдын көз алдында «дайыма туура иштерди кылып, [ага] бүт жүрөгү менен кызмат кылган» (1 Падышалар 14:8)

Дөөтү пайгамбар болсо кумарын ооздуктай албай ойноштук кылган. Андан да жаманы, күнөөсүн жашырыш үчүн аялдын күйөөсүн өлтүртүп салган (2 Шемуел 11-бөлүм). Ыйык Китепте: «Дөөтүнүн бул кылганы Жахабанын көз алдында жаман иш эле»,— деп жазылган (2 Шемуел 11:27).

Ооба, Аюптун, Лоттун жана Дөөтүнүн жаңылган учурлары болгон. Алардын кылган иштеринин айрымдары олуттуу күнөө болгон. Ошентсе да алар Кудайга баш ийип, ага кызмат кылууну чын жүрөктөн каалашкан. Кылган күнөөсү үчүн өкүнүшкөн жана оңолууга дилгир болушкан. Ошондуктан Кудай аларды кечирип, сүйүктүү кызматчылары катары көргөн. Ыйык Китепте алар Кудайга берилген кишилер катары сүрөттөлгөн.

АЛАРДАН ЭМНЕГЕ ҮЙРӨНӨ АЛАБЫЗ?

Күнөөлүү пенде болгондуктан баарыбыз көп жаңылабыз (Римдиктер 3:23). Андыктан күнөөбүздү моюнга алып, өкүнүшүбүз жана оңолгонго аракет кылышыбыз керек.

Аюп пайгамбар, Лот жана Дөөтү пайгамбар оңолуш үчүн эмне кылышкан? Аюп пайгамбарды алсак, негизи, ал кынтыксыз киши болгон. Ошондуктан Кудай ага жаңылып жатканын айттырганда, ал оюн өзгөртүшү керектигин түшүнүп, сөзүн артка алган (Аюп 42:6). Лот да Кудайга берилген киши болгон. Муну анын Содом менен Амор шаарларынын тургундарынын адеп-ахлаксыз жүрүм-турумун туура эмес деп эсептегенинен билүүгө болот. Ал, болгону, тезинен иш-аракет кылыш керек болгон учурда создуктуруп жүрүп алган. Бирок акыр-аягы Кудайдын каарына калган шаарлардан чыгып кеткен. Ошондой эле Кудайдын буйругуна толугу менен баш ийип, шаардан чыгып баратканда артын караган эмес. Дөөтү пайгамбар да олуттуу күнөө кылып, Кудайдын мыйзамын бузса да, чын жүрөктөн өкүнүп, кечирим сураган. Бул анын жакшы адам болгонун көрсөткөн (51-забур).

Кудайдын бул адамдарды жактырганы таң калыштуу деле эмес, себеби ал күнөөкөр пенделеринен көп нерсени күтпөйт. Ал «биздин эмнеден жаратылганыбызды билет, топурак экенибизди унутпайт» (Забур 103:14). Эгер Кудай көп мүчүлүштүк кетирерибизди билсе, анда бизден эмнени күтөт?

Кудай «биздин эмнеден жаратылганыбызды билет, топурак экенибизди унутпайт» (Забур 103:14)

КУДАЙГА ЖАГУУ МҮМКҮНБҮ?

Канткенде Кудайдын ырайымына ээ боло аларыбызды Дөөтү пайгамбардын Сулайманга берген кеңешинен билүүгө болот. Ал: «Уулум Сулайман, атаңдын Кудайын таанып-бил, ага бүт жүрөгүң, бүт жаның менен кызмат кыл»,— деген (1 Жылнаама 28:9). «Бүт жүрөгүң менен» деген эмнени билдирет? Бул сөздөр Кудайды чын жүрөктөн жакшы көрүүнү жана анын эркин, талаптарын аткарууга ынтызар болууну билдирет. Бул адам эч качан күнөө кетирбеши керектигин эмес, Кудайга баш ийип, анын оңдоп-түзөгөнүн кабыл алууга даяр болушу керектигин билдирет. Мына ошондуктан, тактап айтканда, Кудайды сүйгөндүктөн жана ага баш ийүүнү каалашкандыктан, Аюп пайгамбар Кудайдын көз алдында «кемчиликсиз» киши катары, Лот болсо «адил» киши катары, ал эми Дөөтү пайгамбар «дайыма туура иштерди кылган» киши катары белгилүү болгон. Алар күнөөлүү пенде болушса да, Кудайдын ырайымына ээ боло алышкан.

«Бүт жүрөгүң менен... кызмат кыл» деген сөздөр Кудайды чын жүрөктөн жакшы көрүүнү жана анын эркин, талаптарын аткарууга ынтызар болууну билдирет

Эгер жаман ойлор келип жатса, туура эмес сүйлөп алсак же билбей жаман иш кылып алсак, ушул кишилердин мисалын окуп, жубансак болот. Кудай биздин азыр жеткилең боло албасыбызды билет. Ал аны бүт жүрөгүбүз менен сүйүшүбүздү жана ага бүт жүрөгүбүз менен баш ийүүгө аракеттенишибизди каалайт. Эгер ошентсек, Кудайдын ырайымына ээ болорубузга шектенбесек болот.