Мазмунун көрсөтүү

Жашоонун маңызы эмнеде?

Жашоонун маңызы эмнеде?

Ыйык китепте эмне деп айтылат?

 Жашоонун маңызы жөнүндөгү ой көптөрдү ойго салып, «Биз эмне үчүн жаралганбыз?» же болбосо «Жашоомдун максаты эмне?» деген сыяктуу суроолорду туудуруп келет. Ыйык Китепте адам баласынын жашоосунун максаты Кудай менен тыгыз мамиле өрчүтүү экени айтылат. Ыйык Китептеги ушуну тастыктаган негизги ойлордун айрымдарына көңүл бурсаңар.

  •   Бизди Кудай жараткан. Ыйык Китепте: «Бизди [Кудай] жараткан, өзүбүздү өзүбүз жараткан эмеспиз»,— деп айтылат (Забур 100:3; Аян 4:11).

  •   Кудай бүт баарын, анын ичинде адамдарды да белгилүү бир максатта жараткан (Ышая 45:18).

  •   Кудай бизди «рухий муктаждык» менен жараткан. Андай муктаждыкка жашообуздун маңызы эмнеде экенин билүүгө умтулуу да кирет (Матай 5:3). Кудай биздин ошондой каалообузду канааттандырышыбызды каалайт (Забур 145:16).

  •   Рухий муктаждыгыбызды канааттандырыш үчүн Кудай менен жакын мамиле өрчүтүшүбүз керек. Айрымдар Кудай менен жакын мамиледе болуу мүмкүн эмес деп ойлошот. Бирок Ыйык Китеп бизди: «Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт»,— деп үндөйт (Жакып 4:8; 2:23).

  •   Кудай менен жакын мамиледе болуш үчүн анын бизге карата болгон ой-ниетине ылайык жашашыбыз керек. Анын ой-ниети тууралуу Насаатчы 12:13тө: «Кудайдан корк, анын осуяттарын аткар. Анткени адамдан талап кылынгандын баары — ушул»,— деп айтылган.

  •   Келечекте Кудай ага сыйынган, аны менен жакын мамиледе болгондордун баарын азап-кайгыдан арылтып, түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. Ошондо Кудайдын адамзатка байланыштуу баштапкы ой-ниети кандай болгонун толугу менен сезип, түшүнө алабыз (Забур 37:10, 11).