Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ

Таптакыр өлгүм келчү эмес

Таптакыр өлгүм келчү эмес
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1964

  • ӨЛКӨСҮ: АНГЛИЯ

  • МУРУН: ӨСПҮРҮМ КЕЗИНДЕ ЭНЕ БОЛГОН

МУРУНКУ ЖАШООМ

Мен эл жык отурукташкан Лондондун Паддингтон районунда төрөлгөм. Апам, үч эжем болуп турчубуз. Атам болсо иччү. Үйгө кээде келсе, кээде таптакыр эле жоголуп кетчү.

Бала чагымда апам күндө кечинде Кудайдан тиленип жүр деп үйрөткөн. Забурлар гана жазылган кичинекей Ыйык Китебим бар болчу. Ал жактагы ырларды өзүмчө обонго салып ырдай берчүмүн. Бир жолу башка бир китептен «эртеңки күндү көрбөй турган күн келет» деген сөздөрдү окугам. Ошол сөздөр эсимден такыр кетпей койгон. Кээде түнү менен уктабай алдыда кандай күн болот деп ойлонуп чыкчумун. «Жашоо ушинтип эле бүтүп калбайт болуш керек. Мен эмне үчүн жаралгам?» — деп ойлоно берчүмүн. Таптакыр өлгүм келчү эмес.

Ошол кезде окультизмге аябай кызыга баштагам. Өлгөндөр менен сүйлөшүүгө аракет кылчумун, мектептеги досторум менен мүрзөлөргө барчубуз, коркунучтуу тасмаларды көрчүбүз. Андай тасмаларды көргөндөн аябай корксок да, кызыгып көрө берчүбүз.

Он жашымда эле туура эмес жолго түшүп кеткем. Тамеки чегип, ага бат эле көнүп кеттим. Кийинчерээк нашага өттүм. 11 жашымда биринчи жолу ичкилик ичип көрдүм. Ичкиликтин даамы жакпаса да, мас кылганы жакчу. Ошондой эле музыканы, бийлегенди жакшы көрчүмүн. Кечелерге, түнкү клубдарга көп барчумун. Эч кимге билгизбей үйдөн түндө кетип калып, таңга маал келип калчумун. Эртеси чарчап калгандыктан сабактан качып кетчүмүн. Качпаган күндөрү болсо көбүнчө тыныгуу учурунда ичип алчумун.

Мектепти бүтөр жылы бааларым жаман болуп кеткен. Апам эмне кылып жүргөнүмдү билчү эмес, ал жаман окуп калганымды билгенде аябай ачуусу келди. Экөөбүз катуу урушуп кетип, үйдөн кетип калдым. Убактылуу жигитим Тони менен жашап жүрдүм. Ал талап-тоногондорго кошулуп жүрчү, баңгизат сатчу. Анын кызуу кандуу экенин баары билчү. Көп өтпөй боюма бүтүп калды. Ошентип, 16 жашымда уулдуу болдук.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ

Жахабанын Күбөлөрүнө биринчи жолу жалгыз бой энелерге берилген жатаканадан жолуккам. Ал жактан мага бир бөлмө берилген болчу. Эки Жахабанын Күбөсү жатаканадагылардын айрымдарына келип турушчу. Бир күнү алардын талкуусуна катыштым. Мен алардын айткандары туура эмес экенин далилдейм деп ойлогом. Бирок алар жылуу-жумшак сүйлөп, ар бир суроомо Ыйык Китептен жооп берип жатышты. Алардын сылыктыгы, жумшактыгы аябай жакты. Ошондуктан алар менен Ыйык Китепти изилдөөгө макул болдум.

Көп өтпөй Ыйык Китептен жашоомду өзгөрткөн бир нерсени билдим. Кичинемден бери эле өлүмдөн коркчумун. Бирок Ыйык Китептен Иса Машаяктын өлгөндөрдүн тирилерин айтканын билдим (Жакан 5:28, 29). Кудайдын жеке мага кам көрөрүн да түшүндүм (1 Петир 5:7). Өзгөчө, Жеремия 29:11деги: «Мен силерге байланышкан ой-ниетимди жакшы билем,— дейт Жахаба.— Силерге алаамат эмес, тынчтык берүүнү, келечек менен үмүт берүүнү ниет кылып жатам»,— деген сөздөр аябай таасир этти. Ошондон тартып жер бети бейишке айланганда түбөлүк жашоого үмүттөнүп калдым (Забур 37:29).

Жахабанын Күбөлөрү мага чын ниеттен жакшы мамиле кылышты. Биринчи жолу алардын жыйналышына барганда баары күлүп-жайнап, жылуу тосуп алышты (Жакан 13:34, 35). Алардын кылган мамилеси менен мен барып жүргөн чиркөөдөгүлөрдүн мамилесинин айырмасы асман менен жердей болчу. Жахабанын Күбөлөрү мени эч басынтпай жакшы кабыл алышты. Алар мага убакыт бөлүп, кам көрүп, көңүл буруп, иш жүзүндө да жардам беришти. Мен өзүмдү бир чоң үй-бүлөнүн мүчөсүндөй сездим.

Ыйык Китептен Кудайдын бийик нормаларына ылайык жашаш үчүн өзгөрүшүм керектигин түшүндүм. Тамекини таштоо оңой болгон жок. Ошондой эле уккан музыкаларым да наша чекким келген каалоону өстүрүп жатканын баамдадым. Андыктан андай музыкаларды укпай калдым. Ичкиликтен алыс болуш үчүн кечелерге, түнкү клубдарга барганымды токтоттум. Андан сырткары, оңолгонго түрткү бере турган досторду издей баштадым (Накыл сөздөр 13:20).

Ошол учурда Тони да Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп жүрүптүр. Жахабанын Күбөлөрү анын суроолоруна Ыйык Китептин өзүнөн окуп, жооп бергендиктен, Тони да уккандары чындык экенине ынаныптыр. Ал да аябай өзгөрүп, мурунку досторуна кошулбай калды, тоногонун, наша чеккенин токтотту. Жахабага жагыш үчүн экөөбүз тең адеп-ахлаксыз иштерибизди таштап, уулубузга жакшы тарбия беришибиз керектигин түшүндүк. Ошентип, 1982-жылы баш коштук.

«Азыр мурункудай болуп эртеңки күндү же өлүмдү ойлоп уктабай чыккан күндөрүм болбойт»

«Күзөт мунарасы» жана «Ойгонгула!» * журналдарына чыккан меникиндей жаман адаттарын таштай алгандардын өмүр баянын издеп окучумун. Алардын мисалы мага дем-шык берип, багынбай аракет кыла берүүгө күч берчү. Мен Жахабадан мага кол шилтеп койбошун сурап тиленчүмүн. Акыры Тони экөөбүз 1982-жылы июлда Жахабанын Күбөсү болдук.

ПАЙДАСЫ

Жахаба Кудай менен ынак мамиле өрчүткөнүм өмүрүмдү сактап калды десем болот. Тони экөөбүз оор учурларда Жахабанын колдоп жатканын сезип келебиз. Ошондой учурларда Кудайга таянганды үйрөнүп, бизге дайыма жардам берерине, колдоп-коргоп турарына ынандык (Забур 55:22).

Уулубуз менен кызыбызга Жахабаны таанып-билүүгө жардам берип жатканыма аябай сүйүнчүмүн. Азыр болсо неберелеримдин Кудайдын жолунда жүргөнүн көрүп кубанам.

Азыр мурункудай болуп эртеңки күндү же өлүмдү ойлоп уктабай чыккан күндөрүм болбойт. Тони экөөбүз жума сайын Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарын кыдырып, бир туугандарды бекемдеп турабыз. Алар менен ийиндеш туруп башкаларга, эгер Иса Машаякка ишенишсе, түбөлүк өмүр сүрө аларын айтып жүрөбүз.

^ 17-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылат.