Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Иса Машаяктан тиленүү туурабы?

Иса Машаяктан тиленүү туурабы?

ЖАКЫНДА эле бир изилдөөчү ар кандай диндин өкүлдөрү болгон 800дөн ашуун өспүрүмдөн Иса Машаяк адамдардын тиленгенин угат дегенге ишенер-ишенбесин аныкташ үчүн сурамжылоо жүргүзгөн. Алардын 60тан ашуун пайызы ишенерин билдиришкен. Ал эми бир кыз «Иса» деген сөздү чийип салып, ордуна «Кудай» деп жазган.

Силер бул туурасында кандай ойдосуңар? Тиленгенде Кудайдан тиленишибиз керекпи же Исаданбы? * Бул суроого жооп алыш үчүн адегенде Иса Машаяк шакирттерине тиленүүгө байланыштуу эмнелерди айтканына токтололу.

ИСА КИМГЕ КАЙРЫЛЫШЫБЫЗ КЕРЕКТИГИН АЙТКАН?

Ал кимге кайрылышыбыз керектигин үйрөтүп да, көрсөтүп да берген.

Иса Машаяк асмандагы Атасынан тиленип, бизге үлгү калтырган

ЭМНЕ ДЕП ҮЙРӨТКӨН? Иса Машаяктын шакирттеринин бири: «Мырзам,.. бизге тиленгенди үйрөтчү»,— деп суранганда, ал Атабызга — Кудайга — кайрылышыбыз керектигин айткан (Лука 11:1, 2). Ал тоодогу насаатында да калың элди Атабыздан тиленүүгө үндөгөн. Ошондой эле аларды: «Кудай, асмандагы Атаңар, эмнеге муктаж экениңерди сурай элегиңерде эле билет»,— деп ынандырган (Матай 6:6, 8). Өлөрүнө аз калганда болсо шакирттерине: «Атамдан менин атымдан эмне сурабагыла, ал берет»,— деген (Жакан 16:23). Исанын сөздөрүнөн анын да Атасы, биздин да Атабыз болгон Жахаба Кудайга гана кайрылышыбыз керектигин билүүгө болот (Жакан 20:17).

КАНДАЙ ҮЛГҮ КАЛТЫРГАН? Башкаларды үйрөткөндөй эле, Иса Машаяк өзү да: «Ата, асман-жердин Жаратканы, сени эл алдында даңктайм»,— деп Кудайга кайрылган (Лука 10:21). Бир жолу болсо асманды карап: «Ата, мени укканың үчүн ыраазымын»,— деген (Жакан 11:41). Ал эми өлөрүнүн алдында: «Ата, рухумду сенин колуңа тапшырам»,— деп айткан (Лука 23:46). Иса Машаяктын Атасына, «асман-жердин Жаратканына», кайрылганынан кимден тиленишибиз керектиги ачык-айкын көрүнүп турат (Матай 11:25; 26:41, 42; 1 Жакан 2:6). Иса Машаяктын алгачкы жолдоочулары, устаты үйрөткөндөй, Кудайга кайрылышканбы?

ИСАНЫН АЛГАЧКЫ ЖОЛДООЧУЛАРЫ КИМГЕ КАЙРЫЛЫШКАН?

Иса Машаяк тирилип, асманга кеткенден кийин, душмандар анын жолдоочуларын куугунтуктап, коркутуп-үркүтүшкөн (Элчилер 4:18). Ошондо алар жардам сурап «баары биримдикте Кудайдан катуу үн менен» тиленишкен. Ошондой эле Кудайдан ыйык кызматчысы «Исанын атынан» аларга андан ары да жардам бере беришин суранышкан (Элчилер 4:24, 30). Мындан Исанын жолдоочулары анын берген көрсөтмөсүнө карманып андан эмес, Кудайдан тиленгени көрүнүп турат.

Ушул окуядан бир нече жыл өткөндөн кийин элчи Пабылдын башкалар менен бирге ишенимдештери үчүн тиленгени жөнүндө жазгандарынан кимге кайрылганын байкасак болот. Ал: «Силер үчүн тиленгенибизде Кудайга, Мырзабыз Иса Машаяктын Атасына, ар дайым ыраазычылык айтабыз»,— деп жазган (Колосалыктар 1:3). Бир жолу болсо: «Мырзабыз Иса Машаяктын аты менен Кудай Атабызга ар дайым бардык нерсе үчүн ыраазычылык айткыла»,— деп да жазган (Эфестиктер 5:20). Бул сөздөр элчи Пабылдын башкаларды Исанын атынан Кудайга кайрылууга үндөгөнүн айгинелөөдө (Колосалыктар 3:17).

Биз да, Иса Машаяктын алгачкы жолдоочуларына окшоп, Исанын көрсөтмөлөрүнө кармансак, аны сүйөрүбүздү далилдейбиз (Жакан 14:15). Андан сырткары, асмандагы Атабыз Жахаба Кудайдан гана тиленсек, Забур 116:1, 2де айтылгандай: «Мен Жахабаны жакшы көрөм, анткени ал үнүмдү угат... мен аны өмүр бою чакырам»,— деп айта алабыз *.

^ абз. 3 Ыйык Китепке ылайык, Кудай менен Иса Машаяк бирдей абалды ээлебейт. Бул тууралуу көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин 4-бөлүмүн карагыла.

^ абз. 11 Кудай тилегибизди кабыл кылышы үчүн, анын осуяттарына ылайык жашашыбыз керек. Тиленүү жөнүндө көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин 17-бөлүмүн карагыла.