Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Күйөөлөр, үйдүн тиреги болгула

Күйөөлөр, үйдүн тиреги болгула

КҮЙӨӨ аялына кайсы жагынан кам көрүшү керек? Көптөр: «Күйөөнүн негизги милдети — үй-бүлөсүнө материалдык жактан кам көрүү»,— деп ойлошот. Бирок кээ бир аялдар материалдык жактан бардык нерсе менен камсыз болсо да, өздөрүн эмоциялык жактан коопсуз сезишпейт, атүгүл коркуп жашашат. Мисалы, Испанияда жашаган Роза жолдошу жөнүндө: «Күйөөм башкалар менен сылык-сыпаа сүйлөшчү, үйдө болсо мага катаал мамиле кылчу»,— дейт. Нигериялык Жой болсо мындай дейт: «Күйөөмдүн оюна кошулбаганымда, ал мага: „Мен сенин күйөөң болгондуктан баарын мен айткандай кыласың“,— деп айтчу».

Күйөө өз милдетин канткенде туура аткарат? Аялы күйөөсүнүн «үйүнөн бейкуттук табышы» үчүн, күйөө эмне кылышы керек? (Рут 1:9).

КҮЙӨӨНҮН БИЙЛИГИ ЖӨНҮНДӨ ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Кудайдын алдында күйөөнүн да, аялдын да абалы бирдей. Ыйык Китепте алардын ар биринин үй-бүлөдө өз милдети бар экени жазылган. Ошондой эле анда аялдын күйөөсүнүн «мыйзамына» баш ийиши керектиги айтылган (Римдиктер 7:2). Көптөгөн уюмдар ишти көзөмөлдөп турууга башчыларды дайындагандай эле, Кудай да күйөөнү аялдын башчысы кылып дайындаган (1 Корунттуктар 11:3). Андыктан үй-бүлөдө жетекчиликти колго күйөөлөр алышы керек.

Күйөөлөр Кудай берген бийликти кантип колдонушу керек? Ыйык Китепте: «Күйөөлөр, аялыңарга болгон сүйүүңөрдү муздатпагыла. Машаяк да жыйналышты сүйгөн»,— деп айтылат (Эфестиктер 5:25). Иса Машаяк эч качан үйлөнбөсө да, эркектерге жакшы күйөө болгонго жардам берген мыкты үлгү калтырып кеткен. Келгиле анда, анын үлгүсүнө токтололу.

ИСА МАШАЯКТЫН МЫКТЫ ҮЛГҮСҮ

Ал адамдарды жубатууга, аларга жардам берүүгө дилгир болгон. Иса Машаяк кыйналгандарга жана түйшүк тарткандарга: «Мага келгиле. Мен силерди сергитем»,— деп айткан (Матай 11:28, 29). Ошондой эле адамдарды ар кандай оорулардан айыктырган жана аларга Кудайга жакындаганга жардам берген. Анын сөзсүз жардам берерин билгендиктен көптөр ага тартылып турган.

Күйөөлөр кандай үлгү ала алышат? Жүгүн жеңилдетиш үчүн жубайыңарга кол кабыш кылууга мүмкүнчүлүк издегиле. Айрым аялдар өздөрүн үйдө жүргөн жумушчудай эле сезишет. Мисалы, Роза: «Мен күйөөмдүн малайындай эле болчумун»,— дейт. Ал эми жубайы менен бактылуу жашап жаткан Квеку мындай дейт: «Аялымдан эмне жардам керек экендигин сурап турам. Аны жакшы көргөндүктөн үй тиричилигинде көп кол кабыш кылам».

Сылык жана түшүнүктүү болгон. 12 жылдан бери азаптуу оорудан кыйналып жүргөн бир бечара аял Исанын ооруларды айыктыра ала турган кереметтүү күчкө ээ экенин угуп: «Сырт кийимине эле колумду тийгизсем, айыгып калам»,— деген ой менен анын кийиминин этегине колун тийгизген. Ал жаңылган эмес. Анткени колу тиер замат оорусунан айыккан. Муну көргөндөрдүн айрымдары анын кылганын туура эмес көрүшү мүмкүн болсо да, Иса аялдын аргасыздан ошенткенин түшүнгөн *. Ал аны: «Кызым, сени ишенимиң айыктырды»,— деп жубаткан. Ал аялдын оорусун билгендиктен аны уяткарып, айыптаган эмес. Мындан Исанын канчалык түшүнүктүү болгонун көрүүгө болот (Марк 5:25—34).

Күйөөлөр кандай үлгү ала алышат? Аялыңар өзүн жаман сезип турганда түшүнүктүү жана чыдамдуу болгонуңар өзгөчө маанилүү. Ошондой эле кээ бир нерселерге аялыңардын көз карашы менен караганга жана эмне үчүн анын тигиндей же мындай сезимде болуп жатканын түшүнгөнгө аракет кылгыла. Мисалы, Рикардо: «Келинчегимдин сиркеси суу көтөрбөй турганын байкаганда көңүлүн оорутуп ала турган сөздөрдү сүйлөп албаганга аракет кылам»,— дейт.

Шакирттери менен пикирлешип турган. Иса Машаяк шакирттери менен көп сүйлөшчү. Ошондуктан ал: «Силерге Атамдан уккандарымдын баарын ачып бердим»,— деп айта алган (Жакан 15:15). Айрым нерселер жөнүндө ойлонуп, Кудай менен сүйлөшүш үчүн Исанын кээде жалгыз болгусу келгени чын. Бирок ал шакирттерине да убакыт бөлүп, жүрөгүнүн түпкүрүндөгү сезимдерин айтчу. Алсак, кылмышкер катары айыпталып, өлөрүнө бир түн калганда бушайман болуп, аябай кыйналып турганын ачык эле айткан (Матай 26:38). Ал алар менен көңүлүн ооруткан иштерди кылып алышканда да сүйлөшпөй койгон эмес (Матай 26:40, 41).

Иса Машаяктын үлгүсү жөнүндө ойлонуу жакшы күйөө болууга жардам берет

Күйөөлөр кандай үлгү ала алышат? Жубайыңарга сезимдериңерди, эмне жөнүндө ойлонуп жатканыңарды айтып тургула. Антпесе аял кишиге күйөөсү башкалар менен жакшы эле сүйлөшкөндөй, ал эми үйдөн сүйлөшкүсү келбегендей сезилиши мүмкүн. Анна деген бир аял жолдошу ага ойлорун, сезимдерин айтканда анын жакшы көрөрүнө ынанып, ага мурункудан да жакын болуп каларын айтат.

Аялыңарды коркутуп, сүйлөбөй жүрө бербегиле. Бир келин мындай дейт: «Күйөөмдүн көңүлүн оорутуп алганда, ал бир нече күн бою сүйлөбөй коёт. Ал ошенткенде мени күнөөлөгөндөй, жаман көргөндөй сезилет». Ал эми Иса Машаяктын үлгүсүнө карманганга аракет кылган Эдвин: «Бир нерсеге кыжырданганда нааразычылыгымды дароо айтып кирбей, көйгөйдү шашпай отуруп талкуулаш үчүн ылайыктуу убакытты күтөм»,— дейт.

Макаланын башында сөз кылынган Жой күйөөсү Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштагандан тартып бир топ өзгөргөнүн байкаган. Ал мындай дейт: «Күйөөм жакшы жакка өзгөрдү, ал Иса Машаяктан үлгү алып, мага көбүрөөк көңүл бурганга аракет кылат». Миллиондогон башка жубайлар да Ыйык Китепти изилдөөнүн пайдасын көрүүдө. Силер да анын пайдасын көргүңөр келеби? Анда Жахабанын Күбөлөрүнүн бирине кайрылып, силерге Ыйык Китепти изилдөөгө жардам беришин сурансаңар болот.

^ абз. 10 Кудайдын Муса пайгамбарга берген мыйзамына ылайык, ал аял таза эмес болчу жана ал тийген кишилердин баары таза эмес болуп эсептелмек (Лебилер 15:19, 25).