Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ

Өзүмдөн башканы ойлочу эмесмин

Өзүмдөн башканы ойлочу эмесмин
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1951

  • ӨЛКӨСҮ: ГЕРМАНИЯ

  • МУРУН: ТЕКЕБЕР КИШИ БОЛГОН

МУРУН.

Кичине кезимде биз Чехия менен Польшанын чек арасына жакын жайгашкан, Германиянын чыгышындагы Лейпциг шаарында жашачубуз. Алты жашымда атамдын жумушуна байланыштуу адегенде Бразилияга, андан кийин Эквадорго көчүп кеттик.

Ал эми 14кө чыкканымда Германиядагы жатак мектепте окумай болдум. Ата-энем тээ алыстагы Түштүк Америкада калгандыктан, өзүмө өзүм кам көрчүмүн. Ошентип өзүмө гана таянып жашагандыктан, текебер боло баштадым. Кылган иштерим башкаларга кандай таасир этип жатканын ойлоп да койчу эмесмин.

17 жашымда ата-энем Германияга кайтып келди. Башында чогуу турдук, бирок өзүмдү өзүм билип жашап көнүп калгандыктан алар менен бир үйдө жашай албай, 18 жашымда үйдөн кетип калдым.

Ошол кезде жашоонун маңызын түшүнбөй, бушайман болуп жүргөм. Ар кандай адамдардын жашоосуна, ар кандай уюмдарга байкоо салып көргөн соң, адамдар жерди талкалап сала электе, кооз жерлерди кыдырып чыгуудан өтөр эч нерсе жок окшойт деген бүтүмгө келдим.

Ошентип, мотоцикл сатып алдым да, Африкага кетип калдым. Бирок көп өтпөй эле аны оңдош үчүн кайра Европага кайтып барыш керек болду. Бир күн өткөндөн кийин Португалиянын деңиз жээгине жеттим. Ошол жактан мотоциклды таштап, кайык менен саякаттоону чечтим.

Мен Атлантика океанын кесип өтүүгө даярданып жаткан жаштарга кошулуп, жолго чыктым. Алардын арасында жүргөн болочок жубайым Лаура менен таанышып калдым. Алгач Кариб аралдарына бардык. Андан соң ал жактагы Пуэрто-Рикого бир аз токтоп, кайра Европага кайтып келдик. Лаура экөөбүз жашаса боло тургандай моторлуу кайык жасаганга ылайыктуу кайык тапсак деп ойлогонбуз. Бирок ал оюбуз ишке ашкан жок. Анткени ошондон үч ай өтпөй эле аскер кызматына чакырылып калдым.

Анан Германиянын аскер-деңиз флотунда 15 ай кызмат өтөдүм. Ошол кезде Лаура экөөбүз баш кошуп, саякатыбызды улантууга даярдык көрө бердик. Аскер кызматым аяктап бараткан учурда кайыктын корпусун сатып алып, акырындап кайык жасай баштадык. Биз кайыкка  түшүп алып, ар кайсы жерлерди кыдырабыз деп кыялданчубуз. Ошол учурда аскер кызматым аяктап, бирок кайыкты бүтө элек болчубуз. Так ошол маалда Жахабанын Күбөлөрүнө жолугуп, Ыйык Китепти окуй баштадык.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.

Башында мага жашоомду өзгөртүүнүн деле зарылдыгы жоктой сезилген. Анткени жубайым экөөбүздүн никебиз мыйзамдуу түрдө катталган болчу, тамекимди да ага чейин эле таштап койгом (Эфестиктер 5:5). Ошондой эле Кудайдын колунан бүткөн жаратылышка суктанып, аны изилдеш үчүн дүйнө жүзүн кыдырып саякаттоонун да эч кандай жаман жери жок деп ойлочумун.

Бирок, чынында, кулк-мүнөзүмдү өзгөртүшүм керек болчу. Анткени текебер, өзүмө таянган киши болчумун жана жөндөмдүүлүктөрүмө, жетишкендиктериме аябай корстон элем. Ошондуктан өзүмдөн башканы ойлочу эмесмин.

Бир күнү Ыйык Китептен Иса Машаяктын тоодо айткан насаатын окуп калдым (Матай 5—7-бөлүмдөр). Башында анын бакыт тууралуу айткандарын, мисалы, ачка болгондор жана суусагандар бактылуу дегенин түшүнгөн жокмун (Матай 5:6, шилтеме). «Кантип эле ошондойлор бактылуу болсун?» — деп ойлондум. Бирок Ыйык Китепти көбүрөөк изилдеген сайын баарыбыздын рухий муктаждыгыбыз бар экенин, башкача айтканда, Кудай жөнүндөгү билимге муктаж экенибизди, бирок ал муктаждыгыбызды канааттандырыш үчүн адегенде ошондой муктаждыгыбыз бар экенин аңдай билишибиз керек экендигин түшүндүм. Көрсө, Иса Машаяк: «Рухий муктаждыгын сезгендер бактылуу»,— деп ошону айткан экен (Матай 5:3).

Ыйык Китепти изилдей баштагандан кийин Лаура экөөбүз Германиядан кетип, Францияда, андан кийин Италияда жашадык. Кайсы жерге барбайлы, дайыма Жахабанын Күбөлөрүнө жолукчубуз. Мен алардын ортосундагы сүйүүгө, биримдикке суктанчумун. Алар дүйнөнүн кайсы бурчунда жашашпасын, бири-бирине бир туугандарча мамиле кыларына көзүм жетти (Жакан 13:34, 35). Убакыттын өтүшү менен жубайым экөөбүз да Жахабанын Күбөсү болдук.

Ошондон кийин да иштечү жактарымдын үстүнөн иштей бердим. Лаура экөөбүз кайык менен Африкага барып, андан соң Атлантика океанын кесип өтүп, Кошмо Штаттарга барууну чечтик. Ошол жакка бет алып, учу-кыйыры көрүнбөгөн, түбү чексиз океанда кичинекей кайык менен кетип баратканыбызда, кудурети зор Жаратканга салыштырмалуу өзүмдүн эч ким эмес экенимди түшүндүм. Жолдо баратканда убакыт көп болгондуктан, Ыйык Китепти баш көтөрбөй окудум. Мага Исанын жашоосу жөнүндө баяндалгандар, өзгөчө, анын, укмуштуудай жөндөмдүүлүктөргө ээ жеткилең киши болсо да, бой көтөрбөгөнү жана өзүнүн эмес, асмандагы Атасынын эркин аткарууну көздөгөнү зор таасир этти.

Биринчи кезекте Кудайдын эркин аткарууга көңүл топтошум керектигин түшүндүм

Ошолор жөнүндө ой жүгүрткөндөн кийин жашоомдун баарын өзүмө жаккан нерселерди кылуу менен өткөрбөй, биринчи кезекте Кудайдын эркин аткарууга көңүл топтошум керектигин түшүндүм (Матай 6:33). Ошондуктан Кошмо Штаттарга барганыбызда ал жакта калып, Кудайга көбүрөөк кызмат кылууну чечтик.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ?

Керт башымдын кызыкчылыгын ойлоп жашап жүргөн кезимде кандайдыр бир чечим чыгарганда анын тууралыгына шектене берчүмүн. Азыр болсо Кудай акыл берип, туура багыт көрсөтүп тургандыктан, мурдагыдай шектенбей калдым (Ышая 48:17, 18). Андан сырткары, Кудайга сыйынып, башкаларга аны таанып-билүүгө жардам бергендин аркасында жашоом маңыздуу болуп калды.

Ыйык Китептеги кеңештерди колдонгондуктан Лаура экөөбүздүн ортобуздагы мамилебиз да чыңдалды. Ошондой эле кызыбыз да Жахабаны таанып-билип, аны сүйгөн кыз болуп чоңойду. Бул да Жахабанын батасы.

Албетте, жашообуз дайыма эле ойдогудай боло бербейт. Бирок Жахабанын жардамы менен бардык кыйынчылыктарды жеңип, ага андан ары да кызмат кыла берерибизден күмөн санабайбыз (Накыл сөздөр 3:5, 6).