Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | НИКЕ

Таарынычтан кантип арылса болот?

Таарынычтан кантип арылса болот?

КӨЙГӨЙ

Өмүрлүк жарыңардын көңүлдү ооруткан сөздөрү, ойлонбой кылган иштери оюңардан такыр кетпей жатат. Ошондон улам жүрөгүңөрдү жарыңарга болгон сүйүү эмес, таарынуу сезими ээлеп алды. Эми силерге чыдап жашагандан башка арга жоктой жана андай сезимден эч качан арылбачудай сезилет.

Анткен менен бул көйгөйдү чечсе болот. Бирок адегенде таарынууга байланыштуу айрым нерселерге токтололу.

ЭМНЕНИ БИЛИШИҢЕР КЕРЕК?

Жазылбаган таарыныч үй-бүлөңөргө алдыга жылууга тоскоол кылган оор жүк болот

Таарыныч үй-бүлөнү бузат. Эмне үчүн минтип айтууга болот? Анткени таарыныч үй-бүлө үчүн эң керектүү сүйүү, бири-бирине ишенүү, берилгендик сыяктуу сапаттарга терс таасир этет. Таарынычты кайсы бир көйгөйдүн натыйжасы эмес, кандайдыр бир мааниде көйгөйдүн өзү деп айтса болот. Ыйык Китепте таарынычка алдырып, ачууланбаш керектиги эскертилгени бекеринен эмес (Эфестиктер 4:31).

Таарына берсеңер, өзүңөр эле зыян тартасыңар. Таарынып жазылбай жүрө берүүнү, өзүңөрдүн денеңерди уруп, башка бирөөнүн денесинин оорушун күткөнгө салыштырса болот. Марк Зикел деген жазуучу үй-бүлөдөгү көйгөйлөр жөнүндөгү китебинде мындай деп жазган: «Силер таарынган үй-бүлө мүчөсү жыргап-куунап, жашоодон рахат алып, эч нерсени сезбей жүрө бериши мүмкүн». Мындан кандай жыйынтык чыгарууга болот? Ошол эле китепте: «Жүрөктөгү таарыныч силерди таарынткан кишиден да көбүрөөк жабыркатышы мүмкүн»,— деп жазылган.

Таарынып жазылбай жүрө берүүнү, өзүңөрдүн денеңерди уруп, башка бирөөнүн денесинин оорушун күткөнгө салыштырса болот

Баары өз эркиңерде. Айрымдар: «Таарынчудай иш кылып жатса, кантип таарынбай коёсуң»,— деши мүмкүн. Бирок минтип ой жүгүрткөн киши көңүлүнүн баарын өзүнүн бийлигинде болбогон нерсеге — башка адамдын иш-аракетине — топтоп алган болот. Ал эми Ыйык Китепте: «Ар ким өзүнүн иштерин текшерсин»,— деп айтылат (Галатиялыктар 6:4). Биз башка бирөөнүн сөздөрүн же иштерин теске сала албайбыз, бирок өзүбүздүн сезимдерибизди башкаруу өзүбүздүн колубузда. Демек, таарынбай коюу өзүбүздүн эркибизде.

 ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Таарынычтан арылгыла. Албетте, дароо эле өмүрлүк жарыңарды күнөөлөп кирүү оңой, бирок андай учурда таарынса да болот, кечирип койсо да болот. Андыктан Ыйык Китептеги: «Ачууңарды күн батканча баскыла»,— деген кеңешти колдонуп көрөттүрсүңөр (Эфестиктер 4:26). Кечиримдүү болуу никедеги көйгөйлөргө туура көз караш менен кароого жана аларды жакшыраак чечүүгө жардам берет. (Ыйык Китептеги принцип: Колосалыктар 3:13.)

Өзүңөрдү текшергиле. Ыйык Китепте айрымдардын ачууланууга, каарданууга жакын болору айтылган (Накыл сөздөр 29:22). Силер өзүңөрдү кандай адам деп сыпаттайт элеңер? «Ачуум чукул эмеспи? Таарынчаак эмесминби? Майда-чүйдө нерсени деле тоодой кылып жибермей адатым жокпу?» — деп ойлонуп көргүлө. Ыйык Китепте: «Айыпты... эскерте берген жакын досторду бөлөт»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 17:9; Насаатчы 7:9). Жубайлардын ортосунда да ушундай болушу мүмкүн. Андыктан таарынчаак болсоңор, көтөрүмдүү болгонго аракет кылгыла. (Ыйык Китептеги принцип: 1 Петир 4:8.)

Эмне маанилүүрөөк экенин түшүнгүлө. Ыйык Китепте: «Унчукпай турган убак бар, сүйлөй турган убак бар»,— деп айтылат (Насаатчы 3:7). Жарыңарга ар бир эле ката-кемчилигин айта берүүнүн зарылдыгы жок, кээде «сөзүңөрдү төшөктө жатканда ичиңерден айтып алгыла да, унчукпагыла» деген кеңешке ылайык иш кылса болот (Забур 4:4). Ал эми аны менен сүйлөшүүнү туура көрсөңөр, ачууңар тараганча күтө турганыңар оң. Биатрис деген бир аял мындай дейт: «Бир нерсеге капа болгонумда, адегенде көңүлүмдү жайына келтиргенге аракет кылам. Ошенткенимде кээде бир аздан кийин көйгөй анчалык деле олуттуу эмес экенин түшүнүп, сылыгыраак сүйлөп калам». (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 19:11.)

«Кечирүү» дегендин маанисин түшүнүү. Ыйык Китептин түп нускасы жазылган тилде «кечирүү» деген сөз «коё берүү» деген маанини туюнтат. Ошондуктан кечирүү ката-кемчиликтин олуттуулугун кемитишиңерди же өзүңөрдү эч нерсе болбогондой алып жүрүшүңөр керектигин билдирбейт. Жубайыңардын ката-кемчилигине караганда таарыныч ден-соолугуңарга жана экөөңөрдүн мамилеңерге көбүрөөк залакасын тийгизет. Кечирүү ушул нерсени түшүнүп, таарынычты коё берүүнү, башкача айтканда, таарынычтан арылууну билдирет.