Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Тиленүү

Тиленүү

Тиленүүбүздү кимдир бирөө угабы?

«Оо, тиленүүлөрдү Угуучу, сага ар кандай адамдар келет» (Забур 65:2).

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Кээ бирөөлөр адамдын тиленүүсү «үйдүн шыбынан жогору көтөрүлбөйт» деп коюшат. Өзгөчө, азап-кайгыны көп көргөндөр тилегин кимдир бирөө угарына күмөн санашат.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте: «Жахабанын [Кудайдын] көзү адил адамдарды көрүп, кулагы алардын жалынычын угат. Ал эми жамандык кылгандардан Жахаба жүзүн бурат»,— деп жазылган (1 Петир 3:12). Кудайдын үнүбүздү угарына шек жок. Бирок ал анын акыл-насаатына кулак каккандардын тиленүүсүнө өзгөчө көңүл бурат. Анын бизди укканга даяр экени Ыйык Китептеги: «Биз Кудайдын эркине ылайык эмне сурабайлы, анын бизди угарына шектенбейбиз»,— деген сөздөрдөн да айкын көрүнүп турат (1 Жакан 5:14). Бирок, бул аятка ылайык, Кудайдан чын жүрөктөн тиленген киши кандай өтүнүч-тилектер Кудайдын эркине ылайык келерин, ага эмне жагар-жакпасын билиши керек.

 Кантип тиленүү керек?

«Тиленгенде... окшош эле нерселерди кайталай бербе» (Матай 6:7).

КӨПТӨР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Буддизм, католицизм, индуизм жана ислам сыяктуу диндерде тиленүүбүздү канча жолу кайталаганыбызды санап туруу үчүн теспе колдонуу керек деп айтылат.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Кудайга кайрылганда сөздөрүбүз жүрөктөн чыгышы керек. Ошондой эле белгилүү бир сөздөрдү жаттап алып, кайра-кайра кайталай бербешибиз керек. Анткени Ыйык Китепте: «Тиленгенде, дүйнөнүн адамдарындай болуп, окшош эле нерселерди кайталай бербе, себеби алар көп сөз айтканда Кудай угат деп ойлошот. Силер алардай болбогула, анткени Кудай, асмандагы Атаңар, эмнеге муктаж экениңерди сурай элегиңерде эле билет»,— деп жазылган (Матай 6:7, 8).

МУНУ БИЛҮҮ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Эгер адам Кудайга жаккандай тиленбесе, убактысы да бекер кетет, тилеги да кабыл болбойт. Андан сырткары, Ыйык Китепте Кудайдын эркине ылайык иш кылууну каалабагандардын тиленүүсү Кудай үчүн жийиркеничтүү экени айтылган (Накыл сөздөр 28:9).

Кимден тиленишибиз керек?

«Тапканга мүмкүнчүлүк барда Жахабаны [Кудайды] издегиле. Ал  жакын турганда, ага кайрылгыла» (Ышая 55:6).

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Кээ бирөөлөр Марияга же болбосо периштелерге жана «ыйык» деп эсептелген адамдарга кайрылышат. Көптөр ал «ыйыктар» жана периштелер Кудайдын алдында алар үчүн арачылык кылат деп үмүттөнүшөт.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте «Асмандагы Атабызга» — Кудайга — кайрылышыбыз керектиги айтылган (Матай 6:9). Ыйык Китепте: «Эч нерсени ойлоп тынчсызданбагыла, бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү, жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле»,— деп да жазылган (Филипиликтер 4:6).