Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жубайыңарды кадырлап-сыйлагыла

Жубайыңарды кадырлап-сыйлагыла

Үй-бүлөлүк бакыттын сыры

Жубайыңарды кадырлап-сыйлагыла

Аман *: «Айназик бир нерсеге капа болсо кечке ыйлай берет. Сүйлөшөйүн десем, кыжырданып, ооз ачпай отуруп алат. Кээде аны такыр түшүнбөй кетем»

Айназик: «Аман үйгө келгенде, ыйлап отургам. Ага эмне үчүн капа болуп жатканымды айтайын десем, акырына чейин укпай эле: „Майда-чүйдө нерселерге эле капалана бересиң, андай нерселерге маани бербе да“,— деп койду. Ошондо ого бетер көңүлүм чөгүп, сүйлөшкүм келбей калды»

СИЛЕРДЕ да ушундай жагдайлар болуп калабы? Алар экөө тең жакшы эле сүйлөшкүлөрү келет, бирок бири-бирин түшүнбөй кеткен учурлары көп болот. Эмне үчүн деп ойлойсуңар?

Эркектер менен аялдар бири-биринен кыйла айырмаланат. Аялдар ичиндегисин төкпөй-чачпай айтып берип, шашпай сүйлөшкөндү жакшы көрөт. Ал эми эркектер көйгөй болгондо аны тез аранын ичинде эле чечип салганга жакын келет жана айрым нерселерге башын ооруткусу келбейт. Ушундай айырмачылыкка карабай, жубайлар бири-бири менен канткенде жакшы пикирлеше алышат? Ал үчүн алар бири-бирин урматтап-сыйлашы керек.

Башкаларды урматтаган киши алардын көз карашын сыйлайт, сезимин түшүнгөнгө аракет кылат. Балким, силер бала кезиңерден эле улууларды урматтап-сыйлаганга үйрөтүшкөндүр. Бирок жубайыңарды урматтоо кыйынга турушу ыктымал, себеп дегенде аны өзүңөргө тең көрүшүңөр мүмкүн. Турмушка чыкканына сегиз жыл болгон бир келин мындай дейт: «Күйөөм башкалар менен сүйлөшкөндө аларды кунт коюп угуп, аларды жакшы түшүнөт. Мага да ошондой мамиле кылса дейм». Силер да досторуңарды, атүгүл бейтааныш адамдарды кунт коюп угуп, алар менен сылык-сыпаа сүйлөшөттүрсүңөр. Ал эми жубайыңар мененчи?

Жубайлар бири-бирин урматтабаса, үй-бүлөдө талаш-тартыш, чыр-чатак көп болот. Сулайман пайгамбар: «Курмандыкка чалынган этке толгон, бирок уруш-талаш кетпеген үйгө караганда тынчтык бар жердеги бир сындырым каткан нан артык»,— деп айткан (Накыл сөздөр 17:1). Ыйык Китепте күйөө аялын кадырлап-сыйлашы керектиги айтылат (1 Петир 3:7). Ошондой эле аялдын да «күйөөсүн терең урматташы» керектиги жазылган (Эфестиктер 5:33).

Жубайыңар менен пикирлешкенде аны кадырлап-сыйлаарыңарды кантип көрсөтө аласыңар? Келгиле, буга байланыштуу Ыйык Китепте жазылган кеңештерди карап көрөлү.

Жубайыңар оюн айткысы келгенде...

Көйгөй: көптөр укканга караганда, сүйлөгөндү жакшы көрүшөт. Силерчи? Ыйык Китепте: «Ким аягына чейин укпай туруп жооп берсе, акылсыздыгын көрсөтөт»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 18:13). Ошондуктан аягына чейин укпай туруп сүйлөгөндөн качкыла. Турмуш курганына 26 жыл болгон бир аял мындай дейт: «Жолдошума мени тынчсыздандырып жаткан нерсени айтып берип жатканда анын ошол көйгөйдү дароо эле чечип баштабай же көйгөйдүн себеби эмнеде экенин айтпай эле, мени кунт коюп угуп, түшүнгөнгө аракет кылышын каалайм».

Кээ бир жубайлар ичиндегисин бири-бирине айткандан тартынышат. Жакында эле турмушка чыккан бир келин: «Күйөөм оңой менен оюн айтпайт. Ошондуктан анын оюндагысын билиш үчүн чыдамдуу болуп, көпкө чейин күткөнгө туура келет»,— дейт.

Көйгөйдү кантип чечсе болот? Эгер ынтымагыңарды ыдыратышы мүмкүн болгон кайсы бир көйгөй тууралуу сүйлөшүш керек болуп жатса, ал тууралуу экөөңөрдүн тең көңүлүңөр ачык болуп турганда сүйлөшкөнүңөр оң. Бирок жубайыңар сүйлөшкүсү келбей жатса, эмне кылсаңар болот? Ыйык Китепте: «Адамдын жүрөгүндөгү ойлор — терең суулар, кыраакы киши аларды сузуп алат»,—деп айтылат (Накыл сөздөр 20:5). Мисалы, кудуктан суу ала турган болсоңор, чакага суу толгондон кийин аны шашпай, акырын алып чыгышыңар керек. Болбосо, суу төгүлүп калат. Анын сыңарындай, жубайыңарды оюн дароо айтканга кыйнай берсеңер, ал оюн айтпай коёт. Мындайча айтканда, силер анын оюндагысын «сузуп ала» албай каласыңар. Анын ордуна, жубайыңарга жумшактык, сылыктык менен суроо бергиле. Эгер ал оюн дароо айтпаса, чыдамдуу болуп күткүлө.

Жубайыңар сүйлөп жатканда, «укканга даяр болгула», «ал эми сүйлөгөнгө, ачууланганга шашпагыла» (Жакып 1:19). Жакшы уга билген киши жөн эле угуп койбойт, ал оюн айтып жаткан кишини түшүнгөнгө аракет кылат. Андыктан өмүрлүк жарыңар ичиндегисин айтып жатканда, аны түшүнгөнгө аракет кылгыла. Кандай угуп жатканыңардан жубайыңар аны канчалык деңгээлде урматтаарыңарды биле алат.

Иса пайгамбардын адамдарга жасаган мамилесинен башкаларды кантип угушубуз керектигин түшүнө алабыз. Мисалы, бир жолу оорулуу киши келип жардам сураганда, ал аны дароо эле айыктырып койгон эмес. Айыктырардан мурун аны кунт коюп уккан. Пес оорулуу кишинин сөздөрү Иса пайгамбардын жүрөгүн козгогон. Ал оорулуу кишини уккандан кийин гана айыктырган (Марк 1:40—42). Жубайыңар көйгөйүн айтып жатканда, силердин да ушундай кылганыңар маанилүү. Анткени жубайыңар анын көйгөйүн дароо эле чечип киришиңерди эмес, аны түшүнүшүңөрдү каалашы мүмкүн. Ошол себептен аны кунт коюп уккула. Өзүңөрдү анын ордунда коюп, кандай сезимде болуп жатканын түшүнгөнгө аракет кылгыла. Ошондон кийин гана жубайыңарга жардам берүүнүн жолун издегиле. Ушундай кылуу менен аны кадырлап-сыйлай турганыңарды көрсөтө аласыңар.

КЕҢЕШ: эмки жолу жубайыңар оюн айтып жатканда, дароо эле тигиндей же мындай кыл деп айтып кирбей, аны аягына чейин уккула. Ошондо жубайыңардын эмнени айткысы келип жатканын толук түшүнө аласыңар. Оюн айтып бүткөндөн кийин андан: «Сени кунт коюп уга алдымбы?» — деп сурап көргүлө.

Өзүңөр оюңарды айткыңар келгенде...

Көйгөй: «Айрым кинолордо, күлкүлүү телеберүүлөрдө жубайлардын бири-бирин жаман сөздөр менен тилдегени, мыскылдаганы, какшыктаганы боло жүргөн нерседей эле көрсөтүлөт»,— дейт Линда деген бир келин. Кээ бир үй-бүлөлөр болсо бири-бирин какшыктап, шылдыңдап сүйлөгөнгө көнүп калышкан. Андай үй-бүлөдө чоңойгондор кийин өзүнчө турмуш курганда ошол адатын таштай албай кыйналышат. Мисалга Канадада жашаган Айвини алалы. Ал: «Биздин үй-бүлөдө какшыктап, кыйкырып сүйлөмөй, бири-бирибизди жаман аттар менен атамай кадимки эле нерсе болчу»,— дейт.

Көйгөйдү кантип чечсе болот? Башкаларга өмүрлүк жарыңар жөнүндө айтып жатканда, «уккандарга пайда алып келиши үчүн, ыңгайы келгенде, аларды бекемдей турган сөздөрдү гана сүйлөгүлө» (Эфестиктер 4:29). Сөзүңөрдү угуп жаткандар жолдошуңар же колуктуңар жөнүндө жакшы ойдо калгыдай болушу керек.

Ал тургай, экөөңөр эле калганда да бири-бириңерди какшыктагандан, бири-бириңерге ат коюп кемсинткенден качкыла. Байыркы убакта жашаган Дөөтү пайгамбардын аялы Михал ага ачууланып, аны «акылсыз неме» деп айтканда, Михалдын сөздөрү Дөөтүгө катуу тийген. Ошондой эле Кудайга жаккан эмес (2 Шемуел 6:20—23). Мындан кандай сабак алса болот? Жубайыңар менен сүйлөшүп жатканда көңүлүн оорутуп албагыдай сүйлөгөнгө аракет кылгыла (Колосалыктар 4:6). Үйлөнгөнүнө сегиз жыл болгон Фил кээде аялы экөөнүн ортосунда түшүнбөстүктөр болуп кетерин ачык эле айтат. Ошондой учурларда ойлонбой сүйлөп алып, жагдайды ого бетер курчутуп аларын байкаган. «Талаш-тартышта колуктумду „жеңгеним“ менен экөөбүздүн мамилебизге доо кетерин түшүндүм. Анын ордуна, мамилебизди сактап калганга күч-аракет жумшаганым алда канча жакшы экенин байкадым»,— дейт Фил.

Байыркы убакта жашаган бир кайын эне келиндерине: «Күйөөңөрдүн үйүнөн бейкуттук тапкыла»,— деген (Рут 1:9). Эгер күйөөсү менен аялы бири-бирин кадырлап-сыйласа, алардын үйүндө бейкуттук өкүм сүрөт.

КЕҢЕШ: жубайыңар менен ушул бөлүмчөдө айтылган кеңештерди чогуу талкуулагыла. Андан: «Башкалардын көзүнчө сен жөнүндө айтып берип жатканда сени кемсинткендей сөздөрдү айтпаймбы? Кайсы жагынан өзгөрүшүм керек деп ойлойсуң?» — деп сурап көргүлө. Анан ал оюн айтканда, кунт коюп угуп, кеңештерин колдонгонго аракет кылгыла.

Жубайыңардын силерден айырмаланарын унутпагыла

Көйгөй: айрымдар баш кошкон эркек менен аял «бир дене болот» деген Ыйык Китептеги сөздөр алардын көз карашы, мүнөзү окшош болуш керек дегенди билдирет деп ойлошот (Матай 19:5). Бирок үй-бүлө кургандан кийин ал жаңылыш ой экенин түшүнүшөт. Анткени экөө окшош болбогондуктан келишпестиктер көп болорун байкай башташат. Жогоруда айтылган Линда мындай дейт: «Кандайдыр бир кыйынчылык же көйгөй болуп калганда, мен сары санаа боло берем, жолдошум болсо анча деле тынчсызданбайт. Кээде мага ал камырабай жүрө бергендей сезилет, ошондой учурларда буга эмне баары бирби деп ачуум келе берет».

Көйгөйдү кантип чечсе болот? Бири-бириңерди кандай болсоңор ошондой кабыл алып, көз караштарыңарды сыйлагыла. Мисалы, кулак менен көз эки башка функцияны аткарат, бирок жолдун кесилишинен өтүп баратканда эки орган тең чогуу иштейт. Баш кошконуна отуз жылдай болуп калган Адрин мындай дейт: «Көз карашыбыз Кудайдын осуяттарына каршы келбеген учурларда бири-бирибизден көз карашыбызды өзгөртүүнү талап кылбайбыз. Экөөбүз эки башка адамбыз, ошон үчүн оюбуз такай эле бирдей боло бербейт».

Өмүрлүк жолдошуңардын кайсы бир нерсеге болгон көз карашы же ою силердикине кайчы келгенде, өзүңөрдүн эле кызыкчылыгыңарды көздөгөндөн качкыла. Жарыңардын сезимин эске алгыла (Филипиликтер 2:4). Адриндин жолдошу Кайл мындай дейт: «Келинчегимдин оюна дайыма эле кошула бербейм, аны түшүнбөй калган учурларым деле болот. Бирок андайда өзүмдүн көз карашымды эмес, аялымды сүйөрүмдү эсиме салып турам. Анын көңүлү жайдары болуп, кубанып турса, мен да өзүмдү бактылуу сезем».

КЕҢЕШ: жубайыңдын кандайдыр бир маселелерге байланыштуу көз карашын жана аларды кантип чечери жөнүндө ойлонуп, сеникинен айырмаланган жакшы жактарын жаз (Филипиликтер 2:3).

Бири-бирин кадырлап-сыйлаган жубайлардын кармашкан колдору үзүлбөй, бактылуу өмүр сүрүшөт. «Жубайлар бири-бирин урматтап-сыйласа, бактылуу үй-бүлөлөрдөн болушат,— дейт Линда.— Ошондуктан дайыма өмүрлүк жарыңарды кадырлап-сыйлагыла».

[Шилтеме]

^ 3-абз. Ысымдар өзгөртүлүп берилди.

Ойлонуп көргүлө:

▪ Өмүрлүк жарымдын кандай жакшы сапаттары бар?

▪ Өмүрлүк жарымдын каалоосу Кудайдын осуяттарына каршы келбесе, макул боло билгеним эмне үчүн маанилүү?