Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ТООДОЙ ТОСКООЛДУКТУ БАСЫП ӨТКӨН КИТЕП

Чирип жок болуу коркунучу

Чирип жок болуу коркунучу

ЭМНЕ КОРКУНУЧ ТУУДУРГАН? Башында Ыйык Китепти жазгандар жана аны көчүргөндөр папирусту, пергаментти колдонушкан * (2 Тиметей 4:13). Ыйык Китептин сакталып калышына ал материалдар кандай коркунуч туудурган?

Папирус бат эле айрылып, өңү өчүп, чирип кетчү. Ричард Паркинсон менен Стивен Квирк аттуу египтологдор: «Папирус аябай эскиргенде жипчелеринен башка эч нерсе калчу эмес. Ага тийип койсоң, бир ууч чаң болуп үбөлөнүп калчу. Ошондой эле нымдан көгөрүп же чирип кетчү. Же кемирүүчүлөр, курт-кумурскалар, өзгөчө, термиттер жеп салышчу»,— дейт. Папирустардын айрымдары табылгандан кийин өтө жарык же нымдуу жерге туруп калгандыктан бат эле чирип кеткен.

Пергамент папируска караганда бышыгыраак болчу, бирок ал деле жакшы сакталбаса, нымдуу жерге же күнгө туруп калса, жарабай калчу *. Курт-кумурскалар да ага өч болчу. Ошо себептен байыркы учурдагы кол жазмалардын көбү бүгүнкү күнгө чейин сакталган эмес. Байыркы жазмалар ушундайча жок болуп кеткен болсо, анда Кудайдын Сөзү да жок болуп кетиши керек эле да.

САКТАЛЫП КАЛЫШЫ. Жүйүттөрдүн мыйзамы ар бир падышаны Муса пайгамбар жазган беш китепти «көчүрүп алууга» милдеттендирген (Мыйзам 17:18). Мындан тышкары, дасыккан көчүрмөчүлөр б.з. 1-кылымына чейин Ыйык Жазманын бир топ көчүрмөлөрүн жасап коюшкан. Алар Ысрайылдагы, атүгүл алыскы Македониядагы синагогаларда да окулчу (Лука 4:16, 17; Элчилер 17:11). Байыркы кол жазмалардын айрымдары бүгүнкү күнгө чейин кантип сакталып келген?

Жансыз деңиз түрмөктөрү деп белгилүү болгон, кургакчыл аймактагы үңкүрдөн табылган кумурадагы кол жазмалар бир нече кылым бою сакталып келген

Жаңы Келишимди изилдеген Филип Комфорт: «Жүйүттөр Ыйык Жазма көчүрүлгөн түрмөктөрдү кумураларга сакташчу»,— дейт. Иса Машаяктын жолдоочулары да Ыйык Жазманы ушундайча сактап келишкен. Чопо кумуралардан, айрыкча, кургакчыл аймактардагы кичинекей караңгы бөлмөдөй болгон жерлерден жана үңкүрлөрдөн байыркы кол жазмалардын айрымдары табылган.

НАТЫЙЖАСЫ. Ыйык Жазманын көчүрмөсүнүн миңдеген бөлүктөрү бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган. Алардын айрымдары атүгүл 2000 жылдай мурунку убакка таандык. Ушунчалык көп убакыт мурун жазылган байыркы башка кол жазмалардын бири да сакталган эмес.

^ 3-абз. Папирус сууда өскөн папирус өсүмдүгүнөн жасалчу. Пергамент жаныбардын терисинен жасалчу.

^ 5-абз. Мисалы, АКШнын Көз карандысыздык декларациясы пергаментке жазылган. Азыр 250 жылдан аз убакыттын ичинде анын жазуулары өчүп, дээрлик окулбай калган.