Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Масореттер Ыйык Жазманы кылдат көчүрүшкөн

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ТООДОЙ ТОСКООЛДУКТУ БАСЫП ӨТКӨН КИТЕП

Бурмалоо аракети

Бурмалоо аракети

ЭМНЕ КОРКУНУЧ ТУУДУРГАН? Ыйык Китеп сырткы таасирлерге, алсак, материалдардын жарактан чыгып калышына жана каршылыкка карабай сакталып калган. Бирок айрым көчүрмөчүлөр менен котормочулар аны бурмалоого аракет кылышкан. Алар көз карашын Ыйык Китепке эмес, Ыйык Китепти өз көз карашына дал келтирүүгө умтулушкан. Эмесе, ошол жөнүндө сөз кылалы.

  • Сыйына турган жер. Б. з. ч. 4—2-кылымдарда самариялыктардын Тооратын * жазгандар Чыгуу 20:17-аяттан кийин: «Гаризим тоосунда... Ал жерге курмандык жайын кур»,— деп кошуп коюшкан. Самариялыктар бул сөздөр Гаризим тоосуна ибадаткана курууга Ыйык Китепте негиз бар деп ырастоого көмөк кылат деп үмүттөнүшкөн.

  • Үчилтик окуусу. Ыйык Китеп жазылып бүткөндөн 300 жылдай өткөндөн кийин Үчилтик окуусун жактаган бир жазуучу 1 Жакан 5:7-аятка: «Асманда Ата, Сөз жана Ыйык Рух; бул үчөө бир»,— деген сүйлөмдү кошуп койгон. Бул түп нускадан табылган эмес. Ыйык Китепти изилдеген окумуштуу Брюс Мецгердин байкоосуна ылайык, ал сүйлөм «6-кылымдан тартып „Байыркы латын“ жана „Вульгата [латын]“кол жазмаларынан көп кездеше баштаган».

  • Кудайдын ысмы. Котормочулардын көбү жүйүттөрдүн ырым-жырымын бетине кармап, Кудайдын ысмын Ыйык Жазмалардан алып салышкан да, ордуна Жаратканга эле эмес, адамдарга, жансыз нерселерге, жалган кудайларга, атүгүл Шайтанга да карата колдонулган «Кудай», «Теңир» деген сыяктуу наамдарды жазып коюшкан (Жакан 10:34, 35; 1 Корунттуктар 8:5, 6; 2 Корунттуктар 4:4) *.

САКТАЛЫП КАЛЫШЫ. Биринчиден, Ыйык Китепти көчүргөндөрдүн айрымдары ишине олуттуу карабаса да, атүгүл атайлап бурмалоого аракет кылышса да, кылдат көчүргөн мыкты көчүрмөчүлөр көп болгон. Масореттер деп белгилүү болгон жүйүт окумуштуулары Еврей Жазмаларын б.з. 6—10-кылымдарында көчүрүп, азыр «Масорет тексти» деп аталган кол жазмаларды жаратышкан. Алар ката кетирип албаш үчүн ар бир сөздү, ар бир тамганы санап чыгышчу жана текстте ката бар деп шек санашса, талаачага белгилеп коюшчу. Масореттер Ыйык Жазманы өзгөртпөөгө чечкиндүү болушкан. Моше Гошен-Готстин аттуу профессор: «Алар текстти атайлап өзгөртүүнү чоң кылмыш деп эсептешкен»,— деп жазган.

Экинчиден, байыркы кол жазмалардын көбү учурдагы Ыйык Китепти изилдеген окумуштууларга каталарды табууга жардам берүүдө. Мисалы, диний жетекчилер кылымдар бою латын тилиндеги Ыйык Китеп түп нускадан так которулган деп айтып келишкен. Бирок макаланын башында айтылгандай, 1 Жакан 5:7ге түп нускада жок нерсени кошуп коюшкан. Ал ката көптөр бедел туткан «Король Яковдун Ыйык Китебине» да кирип калган! Бирок башка кол жазмалар табылгандан кийин эмне айкын болгон? Брюс Мецгер мындай деп жазган: «Ал сөздөр (1 Жакан 5:7деги) латын тилиндеги кол жазмадан башка (байыркы сирия, копт, армян, байыркы эфиоп, араб, славян тилдериндеги) байыркы кол жазмалардын баарында кездешпейт». Натыйжада «Король Яковдун Ыйык Китебинин» жана башка Ыйык Китептердин кайра каралган басылыштарында ал сөздөр алынып салынган.

Честер Битти П46. Кудайдын Сөзү жазылган б. з. 2-кылымына таандык папирус

Байыркы кол жазмалар Ыйык Китептин өзгөрүлбөгөнүн далилдейби? 1947-жылы Жансыз деңиз түрмөктөрү табылганда, еврей тилиндеги масорет текстин андан миңдеген жылдардан ашык убакыт мурун жазылган түрмөктөр менен салыштырууга мүмкүндүк түзүлгөн. Жансыз деңиз түрмөктөрүн изилдеген топтун бир мүчөсү бир түрмөктө «жүйүт көчүрмөчүлөрүнүн ишенимдүүлүгүнүн, кылдаттыгынын аркасында Ыйык Китеп миңдеген жылдардан бери өзгөрүлбөй келгенин тастыктаган далилдер толтура» деген жыйынтыкка келген.

Дублиндеги Честер Битти атындагы китепканада Грек Жазмаларынын дээрлик баары жазылган папирустар, анын ичинде, б.з. 2-кылымына — Ыйык Китептин жазылып бүткөнүнөн 100 эле жылдай өткөн убакка — таандык кол жазмалар бар. Бир сөздүктө: «Папирустарда майда-чүйдөсүнө чейин жазылган маалымат көп болсо да, алар Ыйык Китептин өзгөрүлбөй көчүрүлүп келгенин тастыктап турат»,— делген («Anchor Bible Dictionary»).

«Байыркы эмгектердин бири да мынчалык так көчүрүлгөн эмес деп ишенимдүү түрдө айтууга болот»

НАТЫЙЖАСЫ. Байыркы кол жазмалардын көптүгү Ыйык Китептин бурмаланышына эмес, туура көчүрүлүшүнө шарт түзгөн. Фредерик Кеньон деген адис Грек Жазмалары жөнүндө: «Байыркы китептердин ичинен өзүнүн тууралыгын баса белгилеген далилдерге бай бир да китеп жок. Калыс окумуштуу Ыйык Китептин өзгөрүлбөй сакталып келгенин четке кага албайт»,— деп жазган. Ал эми Еврей Жазмаларына байланыштуу Уильям Хенри Грин деген окумуштуу: «Байыркы эмгектердин бири да мынчалык так көчүрүлгөн эмес деп ишенимдүү түрдө айтууга болот»,— деген.

^ 4-абз. Ыйык Китептин алгачкы 5 китебинен турган самариялыктар түзгөн эмгек.

^ 6-абз. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берген курал» деген китепченин 1, 2-бөлүмдөрүн карагыла. Ал китепче www.pr418.com/ky сайтында бар.