Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ТООДОЙ ТОСКООЛДУКТУ БАСЫП ӨТКӨН КИТЕП

Жок кылуу аракети

Жок кылуу аракети

ЭМНЕ КОРКУНУЧ ТУУДУРГАН? Саясий, диний төбөлдөрдүн көбү Ыйык Китепке каршы максаттуу түрдө иш жүргүзүшкөн. Алар бийлигинен пайдаланып адамдардын өзүнүн Ыйык Китеби болушуна, аны басып чыгарууга же которууга тыюу салышкан. Келгиле анда, ушуга токтололу.

  • Б. з. ч. 167-жылдар. Жүйүттөрдү гректердин динин кабыл алууга мажбурлаган, селевкилер династиясынан чыккан Антиох Епифан падыша Еврей Жазмаларынын бүт көчүрмөсүн жок кылууга буйрук берген. Тарыхчы Генрих Гретц «анын кызматчылары Кудай Сөзү жазылган түрмөктөрдү тапканда баарын тытып, өрттөшкөнүн жана кайрат алып, жубаныш үчүн аны окугандарды өлтүрүшкөнүн» жазган.

  • Орто кылым. Айрым католик диний жетекчилер карапайым элдин католик окууларын эмес, Ыйык Китепте жазылгандарды айтып жүрүшкөнүнө абдан кыжырданышкан. Ошондой эле латын тилиндеги Забурду эмес, Ыйык Китепти алып жүргөн диний билими жок кишилерди католик дининин жоболоруна каршы чыккан еретиктер деп айыпташкан. Бир чиркөө кеңеши өздөрүнүн кишилерин «үйлөрдү кыдырып Ыйык Китеби бар деп шектүү көрүнгөндөрдүн үйлөрүн тинтип, еретиктерди издеп табууга» үндөгөн. «Еретик деп табылгандардын үйү сөзсүз талкаланышы керек» болчу.

Ыйык Китептин душмандары аны жок кылууда ийгиликке жеткен болсо, анда Ыйык Китеп азыркыга чейин сакталып калбашы керек эле да.

Тиндаль которгон англис тилиндеги Ыйык Китеп. Ал котормо катуу каршылыктарга, Тиндалдын 1536-жылы өлтүрүлгөнүнө карабай сакталып калган

САКТАЛЫП КАЛЫШЫ. Антиох падышанын Ыйык Китепке каршы уюштурган чарасы негизинен Ысрайылда жүргүзүүгө багытталган. Бирок ал учурда башка жерлерге отурукташкан жүйүттөр бар болчу. Окумуштуулардын айтымында, б.з. 1-кылымына чейин эле жүйүттөрдүн 60 пайыздан ашууну Ысрайылдан башка жерлерде жашап калышкан. Алардын синагогаларында Ыйык Жазманын көчүрмөлөрү бар болчу. Аларды кийинки муун, анын ичинде Исанын жолдоочулары да колдонушкан (Элчилер 15:21).

Орто кылымда Кудайдын Сөзүн сүйгөндөр куугунтукка туруштук берип, Ыйык Жазмаларды которууну, көчүрүүнү уланта беришкен. 15-кылымдын ортосуна чейин эле, курама басма машине ойлоп чыгарыла электе эле, Ыйык Китептин бөлүктөрү 33 тилде чыгып калган. Андан бери Ыйык Китеп көп тилге которулуп, басып чыгарылууда.

НАТЫЙЖАСЫ. Айрым падышалардын, дин кызматчылардын Ыйык Китепти жок кылууну көксөгөнүнө карабай, ал тарыхтагы эң кеңири тараган, эң көп тилге которулган китеп болуп келүүдө. Ошондой эле айрым өлкөлөрдүн мыйзамдарын, тилин жана миллиондогондордун жашоосун калыпка салган.