Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай жана Иса Машаяк жөнүндөгү чындык

Кудай жана Иса Машаяк жөнүндөгү чындык

Адамдар көп кудайларга сыйынса да, бир гана чыныгы Кудай бар (Жакан 17:3). Ал — «Эң Жогорку Кудай», бардык нерсенин Жаратканы жана Өмүрдүн Булагы. Сыйынышыбызга ал гана татыктуу (Даниел 7:18; Аян 4:11).

Кудай деген ким?

Кудайдын ысмы түп нускада 7 000ДЕЙ ЖОЛУ кездешет

ЖАХАБА — Кудайдын ысмы

ТЕҢИР, КУДАЙ, АТА — Жахабанын айрым наамдары

Ысмы ким? Кудай өзү: «Мен Жахабамын. Бул — менин ысмым»,— деген (Ышая 42:8). Кудайдын ысмы Ыйык Китепте 7 000дей жолу кездешет. Бирок Ыйык Китептин көптөгөн котормолорунда ал ысымды «Теңир» деген сыяктуу наамдарга алмаштырып салышкан. Кудай аны менен дос болушуңарды каалайт, ошол себептен силерди өзүнүн «ысмын чакырууга» үндөйт (Забур 105:1).

Наамдары. Ыйык Китепте Жахабага карата Кудай, Кудурети Чексиз, Жараткан, Ата, Теңир жана Эгедер деген сыяктуу наамдар колдонулат. Анда көптөгөн адамдардын Жахабага атынан да, кайсы бир наамынан да кайрылган тиленүүлөрү жазылган (Даниел 9:4).

Денеси. Кудай — көзгө көрүнбөгөн рух (Жакан 4:24). Ыйык Китепте: «Кудайды бир да адам көргөн эмес»,— делет (Жакан 1:18). Бирок андан анын сезимдери тууралуу биле алабыз. Мисалы, адамдар анын жүрөгүн оорутушу же кубандырышы мүмкүн (Забур 78:40, 41; Накыл сөздөр 27:11).

Кереметтүү сапаттары. Тек-жайы, улуту кандай болбосун, Кудай адамдардын баарын бирдей көрөт (Элчилер 10:34, 35). Андан тышкары, ал — «кайрымдуу, ырайымдуу, ачууланганга шашпаган, мээримдүүлүгү менен чындыгы чексиз Кудай» (Чыгуу 34:6, 7). Бирок анын сапаттарынын ичинен төртөө бизге өзгөчө таасир этет.

Күчү. «Кудурети Күчтүү Кудай» болгондуктан, анын күчү чексиз. Ошол себептен эмнени убада кылбасын, баарын аткара алат (Башталыш 17:1).

Акылмандыгы. Акылмандыгы жагынан Кудайга эч ким тең келе албайт. Ошондуктан Ыйык Китепте анын «жалгыз акылман Кудай» экени айтылат (Римдиктер 16:27).

Адилеттүүлүгү. Кудай дайыма туура иш кылат. «Анын иштери жеткилең» жана ал «эч качан адилетсиздик кылбайт» (Мыйзам 32:4).

Сүйүүсү. Ыйык Китепте: «Кудай — сүйүү»,— деп жазылган (1 Жакан 4:8). Ал сүйүү көрсөтүп эле койбостон, сүйүүнүн өзү болуп эсептелет. Кудай ар бир ишин сүйүү менен кылат жана анын сүйүүсү бизге көп пайда алып келет.

Адамдар менен болгон мамилеси. Кудай — асмандагы мээримдүү Атабыз (Матай 6:9). Эгер ага ишенсек, анын досу боло алабыз (Забур 25:14). Ал силерди тиленип, ага жакындоого жана «бардык түйшүгүңөрдү ага артууга» чакырат. «Анткени ал силерге кам көрөт» (1 Петир 5:7; Жакып 4:8).

Кудай менен Иса Машаяктын айырмасы

Иса Кудай эмес. Исаны Кудай жараткандыктан, аны Кудай менен тең деп айтуу туура эмес. Бирок ал өзгөчө, себеби Кудай бир гана аны өзү жалгыз жараткан. Ошондуктан Ыйык Китепте ал Кудайдын Уулу деп аталат (Жакан 20:31). Исаны жараткандан кийин Жахаба аны жандуу-жансыздын баарын жаратууда «чебер уста» катары колдонгон (Накыл сөздөр 8:30, 31; Колосалыктар 1:15, 16).

Иса Машаяк өзүн эч качан Кудай деген эмес. Ал: «Мен... анын [Кудайдын] өкүлүмүн. Мени ал жиберген»,— деп айткан (Жакан 7:29). Бир жолу болсо шакирттеринин бири менен сүйлөшүп жатып Жахабаны «менин Атам» жана «силердин Атаңар», «менин Кудайым» жана «силердин Кудайыңар» деген (Жакан 20:17). Иса өлгөндөн кийин, Жахаба аны асмандагы жашоого тирилткен. Ал ага зор бийлик берип, оң жагына отургузган (Матай 28:18; Элчилер 2:32, 33).

Иса Машаяк Кудайга жакындоого жардам берет

Иса жерге бизге Атасы тууралуу окутуп-үйрөтүш үчүн келген. Жахаба өзү Иса жөнүндө: «Бул — менин сүйүктүү Уулум. Уулумду уккула»,— деген (Марк 9:7). Иса Кудайды баарынан жакшы билет. Ошон үчүн ал: «Атасынын ким экенин Уулунан жана Уулу кимдерге ачып бергиси келсе, ошолордон башка эч ким билбейт»,— деп айткан (Лука 10:22).

Иса Кудайдын сапаттарын жеткилең түрдө чагылдырат. Ошондуктан ал: «Мени көргөн адам Атамды да көрдү»,— деп айта алган (Жакан 14:9). Сөзү менен да, иши менен да Атасынын сүйүүсүн чагылдырып, башкаларга ага жакындоого жардам берген. Иса: «Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн. Атама мен аркылуу гана барууга болот. Менсиз эч ким бара албайт»,— деген (Жакан 14:6). Ал: «Чыныгы сыйынуучулар Атама ыйык рухтун жетеги менен жана чындыкка ылайык сыйына турган убак келет... Анткени Атам өзүнө ошондой сыйынуучуларды издейт»,— деп да айткан (Жакан 4:23). Ойлоп көрсөңөр, Жахаба силерге окшогон, тактап айтканда, ал жөнүндө чындыкты билгиси келген адамдарды издөөдө.