Мазмунун көрсөтүү

Сөлөкөттөргө сыйынуу туурабы?

Сөлөкөттөргө сыйынуу туурабы?

 Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Жок, туура эмес. «Жаңы католик энциклопедиясында» Кудайдын ысрайыл элине берген мыйзамдары жөнүндө: «Ыйык Китептеги бир канча аяттардан чыныгы Кудайга сыйынууда эч кандай сөлөкөттөр колдонулбаганын айкын көрүүгө болот»,— деп жазылат. Төмөндөгү аяттарга көңүл бурсаңар.

  •   «Жогору турган асмандагы, төмөн турган жердеги же жер бетиндеги суудагы нерселердин сөлөкөттөрүн же түспөлүн жасаба. Аларга табынба да, кызмат кылба, анткени мен Жахаба Кудайыңмын, толук берилгендикти талап кылган Кудаймын» (Чыгуу 20:4, 5). Кудай «толук берилгендикти» талап кылгандыктан сүрөттөргө, сөлөкөттөргө, айкелдерге, буркандарга, символдорго, иконаларга сыйынышыбызды жана аларды аздектешибизди каалабайт.

  •   «Өзүмө таандык даңкты... оюп жасалган буркандарга бербейм» (Ышая 42:8). Кудай ага сөлөкөттөрдү колдонуп сыйынгандардын сыйынуусун кабыл албайт. Байыркы учурда айрым ысрайылдыктар куйма музоо жасап, ага сыйынганда, Кудай аны олуттуу күнөө деп эсептеген (Чыгуу 32:7—9).

  •   «[Кудайды] алтынга, күмүшкө же ташка, адамдын чыгармачылыгы жана акылы менен чегилип жасалган буюмга окшош деп ойлобошубуз керек» (Элчилер 17:29). «Адамдын чыгармачылыгы жана акылы менен чегилип жасалган» нерселерге сыйынган бутпарас элдерден айырмаланып, Кудайдын кызматчылары, Ыйык Китепте айтылгандай, көргөнү менен эмес, ишеними менен жашашы керек (2 Корунттуктар 5:7).

  •   «Өзүңөрдү буркандардан сактагыла» (1 Жакан 5:21). Кудайдын байыркы учурдагы өзүнүн элине жана азыркы кызматчыларына берген осуяттарынан Кудайга сыйынууда сөлөкөттөрдү колдонуу Ыйык Китепке таптакыр дал келбей турганын көрүүгө болот.