Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Чыгуу 20:12нин түшүндүрмөсү. «Ата-энеңди сыйла»

Чыгуу 20:12нин түшүндүрмөсү. «Ата-энеңди сыйла»

 «Жахаба Кудайың сага бере турган жерде өмүрүң узун болушу үчүн, ата-энеңди сыйла» (Чыгуу 20:12, «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Кудай-Теңириң берип жаткан жерде өмүрүң узун болсун десең, ата-энеңди сыйла» (Чыгуу 20:12, «Үмүт нуру» котормосу).

Чыгуу 20:12нин мааниси

 Кудай байыркы ысрайыл элине: «Ата-энеңди сыйла»,— деген буйрук берген. Андан кийин бул буйрукка баш ийгенге түрткү берген бир убада жөнүндө сөз кылган. Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчылары анын ысрайыл элине берген Мыйзамына, Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамга, карманып жашашпайт. Ошентсе да Кудайдын нормалары өзгөргөн жок. Ал мыйзам негизделген принциптер азыр да колдонорлук. Андыктан Кудайдын кызматчылары аларга олуттуу карашат (Колосалыктар 3:20).

 Балдар, кандай куракта болбосун, ата-энесин урматтап, баш ийүү менен аларды сыйлаарын көрсөтүшөт (Лебилер 19:3; Накыл сөздөр 1:8). Балдар чоңоюп, өзүнчө түтүн булатып кетсе да, ата-энесине каралашып турушу керек. Алсак, улгайып калган ата-энесинин жакшы каралышына кам көрүшү зарыл. Ал тургай зарыл болгон учурларда ата-энесине акчалай да жардам бериши керек (Матай 15:4—6; 1 Тиметей 5:4, 8).

 Көңүлгө алчу нерсе, ысрайылдык балдар атасын сыйлагандай эле, энесин да сыйлашы керек болчу. Ошентүү менен үй-бүлөдөгү эненин ролу абдан маанилүү экенин көрсөтүшмөк (Накыл сөздөр 6:20; 19:26). Бүгүнкү күндөгү балдар да ошентиши керек.

 «Ата-энеңди сыйла» деген осуят аларга ар дайым баш ийиш керек дегенди билдирген эмес. Мисалы, ата-энесинин же дагы башка бирөөнүн айткандары Кудайдыкына карама-каршы келгенде ысрайылдык балдар аларга баш ийүүгө милдеттүү эмес болчу (Мыйзам 13:6—8). Ошол сыяктуу эле, бүгүнкү күндөгү Кудайдын кызматчылары «адамдарга эмес, биринчи кезекте башкаруучубуз Кудайга баш ийиши» керек (Элчилер 5:29).

 Кудай ысрайылдыктарга берген мыйзамында балдар ата-энесин сыйлашса өзүлөрүнө жакшы болорун, ал берген жерде узак өмүр сүрөрүн убадалаган (Мыйзам 5:16). Алар Кудайдын мыйзамына баш ийбей, ата-энесине каршы чыккан бой жеткен балдардын башына түшө турган каргашадан алыс болушмак (Мыйзам 21:18—21). Андан бери нечен кылымдар өтсө да, ал мыйзамдар негизделген принциптер өзгөргөн жок (Эфестиктер 6:1—3). Жаш болобузбу, кары болобузбу, баарыбыз Кудайдын алдында жооп беребиз. Анын убадасына ылайык, ага жана ата-энесине баш ийген балдар узак өмүр сүрүшөт. Чынында, алар түбөлүк өмүр сүрүү үмүтүнө ээ болушат (1 Тиметей 4:8; 6:18, 19).

Чыгуу 20:12нин контексти

 Чыгуу 20:12де жазылган буйруктун Он осуяттагы жайгашкан орду өзгөчө мааниге ээ (Чыгуу 20:1—17). Бул осуятка чейин ысрайылдыктардын Кудайдын алдындагы милдеттери, алсак, ага гана сыйынышы керектиги айтылган. Ал эми ал осуяттан кийин ысрайылдыктардын башкалардын алдындагы милдеттери жөнүндө сөз кылынган. Мисалы, өмүрлүк жарына ишенимдүү болушу жана уурдабашы керектиги айтылган. Андыктан «ата-энеңди сыйла» деген буйрукту Кудайдын жана адамдардын алдындагы милдеттерибизди бириктирип турган «көпүрө» десек болот.

Чыгуу 20-бөлүмдү шилтемелери жана байланышы бар аяттары менен бирге окуп көргүлө.