Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китепте карып калган ата-энеге кам көрүүгө байланыштуу эмне делет?

Ыйык Китепте карып калган ата-энеге кам көрүүгө байланыштуу эмне делет?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Чоңоюп калган балдарга олуттуу жоопкерчилик, карып калган ата-энесине кам көрүү жоопкерчилиги, артылган. Ыйык Китепте: «Алар туткан динине жараша иш кылып, өзүнүн үй-бүлөсүнө кам көрүшү жана ата-энелеринин алдында милдетин тийиштүү түрдө аткарышы керек,.. анткени бул Кудайга жагат»,— делет (1 Тиметей 5:4, «Эл аралык жаңы котормо»). Карып калган ата-энесине жакшы кам көргөн балдар Ыйык Китептеги: «Ата-энеңди сыйла»,— деген кеңешке ылайык иш кылышат (Эфестиктер 6:2, 3).

 Ыйык Китепте кары ата-энеге кам көрүүгө байланыштуу атайын көрсөтмөлөр жок. Бирок анда ата-энесине кам көргөн ишеними күчтүү инсандардын үлгүсү жазылган. Ошондой эле ата-энесине кам көргөндөргө жардам берген иш жүзүндө колдонорлук кеңештер камтылат.

 Байыркы учурда жашагандар карыган ата-энесине кантип кам көрүшкөн?

 Алар жагдай-шартына жараша ар кандай жолдор менен кам көрүшкөн.

  •   Жусуп. Ал жашы өр тартып калган атасы Жакыптан алыс жашачу. Жагдайы жакшырганда, атасын өзүнө жакыныраак жерге көчүрүп келген жана аны үй-жай, тамак-аш менен камсыз кылган. Ошондой эле коргоп турган (Башталыш 45:9—11; 47:11, 12).

  •   Рут. Кайненеси менен анын мекенине көчүп барып, ага кам көрүш үчүн кара жанын карч уруп иштеген (Рут 1:16; 2:2, 17, 18, 23).

  •   Иса. Өлөрүнө абдан аз калганда, кыязы, жесир калган энеси Мариямды бирөөгө табыштап кеткен (Жакан 19:26, 27) a.

 Ыйык Китепте ата-энесине кам көргөндөргө жардам берген кандай кеңештер камтылат?

 Кары кишилерге кам көргөндөр суй жыгыла чарчашат, эмоциялык жактан да кыйналышат. Ыйык Китепте аларга жардам берерлик принциптер жазылган.

  •   Ата-энеңерди сыйлагыла.

     Ыйык Китепте мындай делет: «Ата-энеңди сыйла» (Чыгуу 20:12).

     Бул аяттагы принципти кантип колдонууга болот? Ата-энеңерди сыйлаарыңарды аларга мүмкүн болушунча көбүрөөк эркиндик берүү менен көрсөткүлө. Аларга кантип кам көрүлүшү керектигине байланыштуу өз алдынча чечим чыгарууга мүмкүнчүлүк бергиле. Ошол эле учурда өзүңөр да колуңардан келишинче колдоо көрсөтүүгө умтулсаңар, аларды сыйлаарыңарды көрсөтөсүңөр.

  •  Түшүнө билүүгө, кечиримдүү болууга умтулгула.

     Ыйык Китепте мындай делет: «Адамдын түшүнүктүүлүгү ачуусун басат, анын көркү айыпка маани бербегенинде» (Накыл сөздөр 19:11).

     Бул аяттагы принципти кантип колдонууга болот? Эгер ата-энеңер орой сүйлөсө же эмгегиңерди баалабагандай сезилип жатса: «Менин да мүмкүнчүлүктөрүм чектелүү болсо, көп нерсени кыла албай калсам, өзүмдү кандай сезет элем?» — деп ойлонуп көргүлө. Түшүнүктүү, кечиримдүү болсоңор, жагдайды ого бетер оорлотуп жибербейсиңер.

  •   Башкалар менен кеңешкиле.

     Ыйык Китепте мындай делет: «Акылдашпаса, ой-максат ишке ашпайт, ал эми кеңешчилер көп болсо, ишке ашат» (Накыл сөздөр 15:22).

     Бул аяттагы принципти кантип колдонууга болот? Ата-энеңердин ден соолукка байланыштуу кыйынчылыктарын кантип чечсе болору тууралуу изилдеп көргүлө. Силер жашаган жерде ата-энеңерге кам көрүүгө көмөк кылган кандай мүмкүнчүлүктөр бар экенин билгиле. Ошондой эле кары ата-энесине кам көрүп жаткандар менен сүйлөшкүлө. Эгер бир туугандарыңар бар болсо, алар менен чогулуп, ата-энеңердин муктаждыктары, аларды кантип канааттандырарыңар жана милдеттериңерди кантип бөлүшүп алсаңар болору жөнүндө талкуулагыла.

    Үй-бүлөңөр менен чогулуп, кары ата-энеңерге кантип кам көрөрүңөрдү талкуулагыла

  •   Акыл-эстүү болгула.

     Ыйык Китепте мындай делет: «Акылмандык жөнөкөйлөргө мүнөздүү» (Накыл сөздөр 11:2).

     Бул аяттагы принципти кантип колдонууга болот? Мүмкүнчүлүктөрүңөрдүн чектелүү экенин эске алгыла. Мисалы, ар бирибиздин убактыбыз жана күчүбүз чектелүү. Мүмкүнчүлүктөрүңөрдүн чектелүү болгону ата-энеңерге канчалык кам көрө аларыңарга таасир этет. Кары ата-энеңерге кам көрүп жатып өзүңөрдү аябай чарчап калгандай сезсеңер, бир туугандарыңардан же карыларга кам көргөн атайын адистерден жардам сурагыла.

  •   Өзүңөргө да кам көргүлө.

     Ыйык Китепте мындай делет: «Эч ким эч качан өз денесин жек көрбөйт, тескерисинче, азыктандырып, бапестейт» (Эфестиктер 5:29).

     Бул аяттагы принципти кантип колдонууга болот? Ата-энеңерге кам көрүү жоопкерчилигиңер бар болсо да, өзүңөргө жана үй-бүлөлүү болсоңор, аларга да кам көргүлө. Жакшы тамактангыла. Жетиштүү эс алып, жетиштүү уктагыла (Насаатчы 4:6). Мүмкүн болгон учурларда толугу менен бошоп, эс алып турганыңар жакшы. Ушуларды кылсаңар, эмоциялык, моралдык жактан жакшы абалда болосуңар. Ден соолугуңар да жабыркабайт. Ушунун аркасында ата-энеңерге жакшы кам көрө аласыңар.

 Ыйык Китепте карыган ата-энеге сөзсүз түрдө үйдө кам көрүлүшү керектиги айтылабы?

 Ыйык Китепте буга байланыштуу так көрсөтмө жок. Айрым үй-бүлөлөр ата-энесине мүмкүн болушунча көп убакыт бою үйүндө кам көрүүнү чечиши мүмкүн. Бирок убакыттын өтүшү менен алар ата-энесинин карыларга кам көргөн атайын мекемелерде болгону андан да жакшыраак болорун түшүнүшү мүмкүн. Мындайда үй-бүлө чогулуп, кандай кылганда баарына жакшы болорун чечип алышы керек (Галатиялыктар 6:4, 5).

a Бул окуяга байланыштуу Ыйык Китеп боюнча бир адис мындай деген: «[Мариямдын күйөөсү] Жусуптун өтүп кеткенине бир топ убакыт болуп калса керек. Ошондуктан ага уулу Иса жөлөк-таяк болчу. Бирок ал да көз жумганы турган. Бечара аял эмне кылат эле?.. Машаяк балдардын улгайып калган ата-энесине кам көрүшү керектигин көрсөтүп кеткен» («The NIV Matthew Henry Commentary in One Volume», 428, 429-б.).