Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5-БӨЛҮМ

Туугандар менен жакшы мамиледе болуу

Туугандар менен жакшы мамиледе болуу

«Ак көңүлдүктү, момундукту, жумшактыкты жана чыдамкайлыкты кийгиле» (Колосалыктар 3:12).

Эркек менен аял баш кошкондон кийин өзүнчө үй-бүлө болушат. Андыктан ата-энеңерди мурункудай эле жакшы көрүп, урматтап-сыйлай берсеңер да, турмуш кургандан кийин силер үчүн жер бетиндеги эң баалуу киши өмүрлүк жарыңар болуп калат. Бирок айрым туугандарыңарга муну түшүнүү кыйын болушу мүмкүн. Эгер Ыйык Китептеги принциптерди колдонсоңор, тең салмактуу болуп, үй-бүлөңөрдү бекемдөөгө бүт күчүңөрдү жумшоо менен бирге туугандарыңар менен жакшы мамиледе боло аласыңар.

1 ТУУРА КӨЗ КАРАШТА БОЛГУЛА

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Ата-энеңди сыйла» (Эфестиктер 6:2). Жаш курагыңар канчада болбосун, ата-энеңерди дайыма кадырлап-сыйлашыңар керек. Түгөйүңөрдүн да өзүнүн ата-энесине көңүл бурууга тийиш экенин унутпагыла. «Сүйүү көрө албастык кылбайт», андыктан жарыңардын ата-энеси менен болгон мамилесинен улам өзүңөрдү четке кагылгандай сезбегиле (1 Корунттуктар 13:4; Галатиялыктар 5:26).

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

  • «Үйүңдөгүлөр мени дайыма басынта беришет» же «Кылган ишим апаңа такыр жакпайт» деген сыяктуу сөздөрдү айткандан качкыла

  • Жагдайга жарыңардын көз карашы менен кароого аракет кылгыла

2 ЗАРЫЛ УЧУРДА БЕКЕМ БОЛГУЛА

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Эркек ата-энесин калтырып, аялы менен биригет да, экөө бир дене болот» (Башталыш 2:24). Үй-бүлө курганыңардан кийин деле, ата-энеңер өздөрүн силерге кам көрүүгө жооптуу сезип, жашооңорго кийлигише бериши мүмкүн.

Ошондуктан жарыңар менен аларга байланыштуу кандай чектөөлөрдү койсоңор болорун сүйлөшүп алгыла. Анан ал тууралуу ата-энеңерге жылуу-жумшак билдиргиле. Ачык-айрым, бирок ошол эле учурда сылык болгонго аракеттенгиле (Накыл сөздөр 15:1). Момундук, жумшактык жана чыдамкайлык туугандарыңар менен жакшы мамиледе болууга, «бири-бириңерге сүйүү көрсөтүү менен көтөрүмдүү болууга» өбөлгө түзөт (Эфестиктер 4:2).

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

  • Кайната-кайненеңер жашооңорго көп кийлигишип жаткандай сезилсе, ал тууралуу жарыңар менен жай отуруп сүйлөшкүлө

  • Андан ары эмне кыларыңарды макулдашып алгыла