Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китепте эвтаназия тууралуу эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эвтаназия тууралуу эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте эвтаназия a жөнүндө эч нерсе жазылган эмес. Бирок өмүр менен өлүм тууралуу жазылгандар буга карата тең салмактуу көз карашта болгонго жардам берет. Адамдын өлүшүнө себеп боло турган нерселерди кылуу туура эмес. Ошол эле учурда өлүм алдында жаткан адамдын өмүрүн узартыш үчүн колдон келгендин баарын кылуу талап кылынбайт.

 Ыйык Китепте Кудайдын Жараткан экени жана «өмүрдүн булагы» экени айтылат (Забур 36:9; Элчилер 17:28). Өмүр Кудайдын көз алдында абдан баалуу. Ошол себептен Кудай бирөөнү өлтүрүүгө жана өз өмүрүн кыюуга тыюу салат (Чыгуу 20:13; 1 Жакан 3:15). Ошондой эле Ыйык Китепте өзүбүздүн жана башкалардын өмүрүнө коркунуч туудурбаш үчүн акыл-эстүүлүк менен алдын ала чара көрүшүбүз керектиги да айтылган (Мыйзам 22:8). Ооба, Кудай ал берген баалуу белекти, өмүрүбүздү, баалашыбызды каалайт.

Эгер адам айыккыс оору менен ооруса...

 Ыйык Китеп өлүм алдында жаткан же айыккыс оору менен ооруган адамды өмүрүнөн ажыратса болот деген көз карашты колдобойт. Муну байыркы Ысрайыл элинин падышасы Шабул менен болгон окуя тастыктап турат. Ал согушта катуу жаракат алганда курал көтөргөн жоокеринен аны өлтүрүп салышын суранган (1 Шемуел 31:3, 4). Бирок жоокер андай кылуудан баш тарткан. Кийинчерээк башка бир киши Дөөтү падышага Шабулдун өтүнүчүн орундаттым деп калп айтып барган. Дөөтү өмүргө карата Кудайдыкындай көз карашта болгондуктан, тиги кишини канга забын болгону үчүн өлүм жазасына тарткан (2 Шемуел 1:6—16).

Өлүм алдында жаткан адамдын өмүрүн узартыш үчүн колдон келгендин баарын кылуу талап кылынабы?

 Ыйык Китепте өлүм алдында жаткан адамдын өмүрүн сактап калыш үчүн колдон келгендин баарын кылуу талап кылынбайт. Ал тең салмактуу көз карашта болууга чакырат. Баарыбыздын айыгышкан душманыбыз өлүм күнөөнүн качып кутулгус кесепети болуп эсептелет (Римдиктер 5:12; 1 Корунттуктар 15:26). Бирок өлүмдөн коркуунун кажети жок, анткени Кудай өлгөндөрдүн баарын тирилтүүнү убада кылган (Жакан 6:39, 40). Өмүрүн баалаган киши мүмкүн болушунча жакшы медициналык жардам алууга аракет кылат. Анткен менен бул үзүлөйүн деп турган адамдын өмүрүн узартууну көздөп, кандайдыр бир медициналык процедураларды кылуу керек дегенди билдирбейт.

Өз өмүрүн кыюу кечирилгис күнөөбү?

 Жок. Ыйык Китепте өз өмүрүн кыюу кечирилгис күнөө болуп эсептелери айтылбайт. Өз өмүрүнө кол салуу олуттуу күнөө b болсо да, Кудай адамды ошол ишке психикалык оорусу, өтө катуу стресске кабылганы, атүгүл өмүрдү кыюуга тукум куума жакындыгы түртүшү мүмкүн экенин эске алат (Забур 103:13, 14). Кудай көңүлү чөгүп жүргөндөрдү өзүнүн Ыйык Сөзү аркылуу жубатып-бекемдейт. Ыйык Китепте «адил адамдардын да, адил эмес адамдардын да тирилери» айтылган (Элчилер 24:15). Ошондой эле андан олуттуу ката кетирип алгандардын, мисалы, өз өмүрүнө кол салгандардын тирилүүгө үмүтү бар экенин билүүгө болот.

a Эвтаназияга (кайрымдуулук көрсөтүү иретинде өмүрүнөн ажыратуу) «кандайдыр бир аракет же каражат менен, анын ичинде жашоону кармап туруучу жасалма чараларды токтотуу аркылуу, оорулуунун өз өлүмүн тездетүү өтүнүчүн канагаттандыруу» деген аныктама берилет («Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү»). Бейтапка өмүрүн кыюуга доктур жардам берсе, бул «доктурдун жардамы менен өмүрүн кыюу» деп аталат.

b Ыйык Китепте өз өмүрүн кыйган бир нече адам тууралуу айтылган. Бирок алардын баары Кудайдын эркине ылайык иш кылбаган адамдар болгон (2 Шемуел 17:23; 1 Падышалар 16:18; Матай 27:3—5).