Мазмунун көрсөтүү

Кудай ар түрдүү организмдерди жаратып жатканда эволюцияны колдонгонбу?

Кудай ар түрдүү организмдерди жаратып жатканда эволюцияны колдонгонбу?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Жок. Ыйык Китепте Кудайдын адамдарды жаратканы, ошондой эле жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү «түр-түрү менен» жаратканы так-айкын жазылган a (Башталыш 1:12, 21, 25, 27; Аян 4:11). Андан сырткары, анда адамзат үй-бүлөсүнүн Адам ата менен Обо энеден, башкача айтканда, эң биринчи түгөйлөрдөн тараганы айтылат (Башталыш 3:20; 4:1). Кудай ар түрдүү организмдерди жаратыш үчүн эволюцияны колдонгон деген түшүнүк Ыйык Китепке карама-каршы келет. Бул теория «теисттик эволюция» деп аталат. Бирок ар бир түрдүн ичинде вариациялар пайда болушу мүмкүн деген илимий фактылар Ыйык Китепте жазылгандарга каршы келбейт b.

 Кудай эволюцияны колдонгонбу?

 «Теисттик эволюция» деген сөз айкашына карата ар кандай ойлор бар. «Британ энциклопедиясында» мунун мааниси тууралуу: «Табигый тандалуу — Кудай табият дүйнөсүнө багыт бериш үчүн колдонгон механизмдердин бири»,— деп жазылган.

 Теисттик эволюция төмөнкү түшүнүктөрдү да камтыйт:

  •   Бардык тирүү организмдердин эң башында «ата-теги» бир болгон.

  •   Кайсы бир түр эволюция жолу менен өрчүп отуруп такыр башка түргө өтүшү мүмкүн. Бул түшүнүк макроэволюция деп аталат.

  •   Кудай бул процесстердин жүрүшүнө кандайдыр бир жол менен таасир эткен.

 Эволюция Ыйык Китепке шайкеш келеби?

 Теисттик эволюция Ыйык Китептин Башталыш китебиндеги жаратуу жөнүндө жазылгандар так эмес деген ойго түртөт. Бирок Иса Машаяк Башталыш китебинде жазылгандарды тарыхый факты катары келтирген (Башталыш 1:26, 27; 2:18—24; Матай 19:4—6). Ыйык Китепте Исанын жерге келгенге чейин асманда Кудай менен чогуу жашаганы жана аны менен бирге бардык нерселерди жаратууга катышканы айтылат (Жакан 1:3). Андыктан Кудай ар кандай тирүү организмдерди жаратыш үчүн эволюцияны колдонгон деген түшүнүк Ыйык Китепке шайкеш келбейт.

 Өсүмдүктөр менен жаныбарлардын чөйрөгө ылайыкташып кетүү жөндөмү тууралуу эмне айтууга болот?

 Ыйык Китепте бир түрдүн ичинде канчалык көп вариация пайда болушу мүмкүн экенине байланыштуу эч нерсе айтылбайт. Ошол эле учурда Кудай жараткан ар түрдүү жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн көбөйүп, жаңы чөйрөгө ылайыкташканына жараша өзгөргөнү Ыйык Китепке карама-каршы келбейт. Айрымдар алардын чөйрөгө ылайыкташуу жөндөмүн эволюциянын бир түрү деп эсептеши мүмкүн. Бирок жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн жаңы чөйрөгө ылайыкташканынын аркасында таптакыр жаңы түрлөр пайда болгон эмес.

a Ыйык Китепте айтылган «түр-түрү менен» деген сөз айкашы окумуштуулар колдонгон «түрлөр» деген сөзгө караганда кеңири мааниге ээ. Айрым изилдөөчүлөр эволюциянын аркасында жаңы түрлөр пайда болгон деп айтышат. Бирок бул чынында андай эмес. Бул, Башталыш китебинде айтылгандарга ылайык, тек гана кайсы бир түрдүн ичиндеги вариацияны билдирет.

b Бул түшүнүктү микроэволюция деп да атап коюшат.