Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Ааламдын жаралуу тарыхы

Ааламдын жаралуу тарыхы

МИЛЛИАРДДАГАН адамдар Ыйык Китепте ааламдын жаралышы жөнүндө эмне делерин окушкан же ал билдирүүнү башкалардан угушкан. 3500 жыл мурун жазылган ал билдирүү: «Башында Кудай асман менен жерди жаратты»,— деген сөздөр менен башталат.

Бирок көптөр диний төбөлдөрдүн жана креационисттер менен фундаменталисттердин ааламдын жаралышы жөнүндө Ыйык Китепте жазылгандарды ар кандай уламыш-жомокторго айлантып коюшканын билишпейт. Алардын айткандары Ыйык Китепте жазылгандардан таптакыр айырмаланат жана илимге каршы келет. Андан тышкары, көптөрдүн Ыйык Китепте жазылгандарга олуттуу карабай аларды жомок катары көрүп калышына себеп болууда.

Ошондон улам элдин көпчүлүгү буга байланыштуу Ыйык Китепте эмне делерин билишпейт. Чынында, Ыйык Китепте ааламдын жаралганы ачык-айкын, акылга сыярлык түшүндүрүлгөн. Андан да маанилүүсү, анда айтылгандар илимий ачылыштарга шайкеш келет. Ооба, Ыйык Китептеги ал билдирүүнү окуганда таң калышыңар мүмкүн.

ЖАРАТЫЛБАГАН ЖАРАТУУЧУ

Ааламдын жаралышы жөнүндөгү Ыйык Китептеги билдирүүдө Эң Жогорку Кудайдын, Кудуреттүү Кудайдын бар экени айтылат. Ал кандай Кудай? Анын табияты кандай? Ыйык Китептен анын бүгүнкү күндө кеңири жайылган ар кандай маданияттагы жана диндеги адамдар ишенген кудайлардан кыйла айырмаланарын биле алабыз. Ал — бардык нерсенин Жаратуучусу. Бирок көптөрдүн ал жөнүндө маалыматы деле жок.

  • Кудай максатсыз эле аалам кезип жүргөн жансыз, аң-сезимсиз сырдуу күч эмес. Анын ойлору, сезимдери, максаттары жана касиет-сапаттары бар.

  • Кудайдын күчү, акылы чексиз. Бул ал жараткан нерселердин, өзгөчө, тирүү организмдерден татаал түзүлүшүнөн айкын көрүнүп турат.

  • Физикалык материянын баарын Кудай жараткан. Демек, Кудай материя болушу мүмкүн эмес. Ошондуктан аны көрө албайбыз.

  • Кудайдын өмүрүнүн узактыгын убакыт менен өлчөө мүмкүн эмес. Ал дайыма бар болгон жана дайыма бар болот. Демек, аны эч ким жараткан эмес.

  • Кудайдын ысымы бар. Ал ысым Ыйык Китепте миңдеген жолу кездешет. Кудайдын ысымы — Жахаба.

  • Жахаба Кудай адамзатты сүйөт жана дайыма кам көрөт.

 КУДАЙ ААЛАМДЫ КАНЧА УБАКЫТТА ЖАРАТКАН?

Ыйык Китепте: «Кудай асман менен жерди жаратты»,— деп айтылат. Бирок Кудайдын ааламды канча убакытта жана кандай жол менен жаратканы жазылбайт. Анда креационисттердин «Кудай ааламды ар бири 24 сааттан турган алты күндө жараткан» деген ою жөнүндө эмне деп айтууга болот? Окумуштуулардын көпчүлүгү четке каккан мындай көз караш Ыйык Китептеги билдирүүнү туура эмес түшүнгөндүктөн пайда болгон. Келгиле, Ыйык Китепте эмне делерин карап көрөлү.

Ыйык Китеп жаратуу күндөрүнүн ар бири 24 сааттан турган деп ишенген креационисттер менен фундаменталисттердин көз карашын колдобойт

  • Ыйык Китеп жаратуу күндөрүнүн ар бири 24 сааттан турган деп ишенген креационисттер менен фундаменталисттердин көз карашын колдобойт.

  • Ыйык Китепте көп кездешкен «күн» деген сөз ар кандай убакыт аралыгын билдирет. Айрым учурларда ал сөз белгисиз бир убакыт аралыгына карата колдонулат. Буга Ыйык Китептин Башталыш китебиндеги ааламдын жаралышына байланыштуу билдирүү мисал боло алат.

  • Ал билдирүүдөгү 6 күндүн ар бири миңдеген жылдарга созулган убакыт аралыгын билдириши мүмкүн.

  • Кудай ааламды, анын ичинде Жер планетасын биринчи жаратуу күнү башталганга чейин эле жараткан.

  • Кыязы, Ыйык Китепте айтылган 6 жаратуу күнү Жахаба Кудайдын жерди адам баласы жашаганга ылайыктуу кылып даярдаган узакка созулган убакыт аралыгын билдирет.

  • Ыйык Китептеги ал билдирүү окумуштуулардын ааламдын «курагына» байланыштуу айткандарына каршы келбейт.

КУДАЙ ЭВОЛЮЦИЯ ПРОЦЕССИН КОЛДОНДУ БЕЛЕ?

Ыйык Китепке ишенбегендер тирүү организмдер белгисиз жана баш аламан жүргөн процесстердин натыйжасында жансыз химиялык элементтерден пайда болгон деген теорияны жакташат. Алардын божомолуна ылайык, бактерияга окшогон, өзүн-өзү өндүрө алган организм өрчүп отуруп, учурда бар түрлөргө бөлүнгөн. Бул организми укмуштуудай татаал болгон адам баласы бактериядан пайда болгон дегенди билдирип калмак.

Эволюция теориясын Ыйык Китептин Кудайдын сөзү экенине ишенгендерин көбү да туура деп эсептешет. Алар Кудай башында тирүү организмдерди жаратып, алардын андан ары өрчүшүнө тек гана байкоо салып турган, ошондой эле, балким, эволюция процессин колдонгон дегенге ишенишет. Бирок бул Ыйык Китепке дал келбейт.

Тиричиликтин жаралышы жөнүндөгү Ыйык Китептеги билдирүү түрлөрдүн ичинде вариациялардын пайда болушу мүмкүн экенин далилдеген илимий фактыларга каршы келбейт

  • Ыйык Китепте Жахаба Кудайдын өсүмдүктөр менен жаныбарлардын негизги түрлөрүн, ошондой эле сүйүү, адилеттүүлүк сыяктуу сапаттары бар, акылдуу, аң-сезимдүү жеткилең эркек менен аялды жаратканы айтылат.

  • Кудай жараткан макулуктардын жана өсүмдүктөрдүн өзгөрүүгө дуушар болуп жатканы, ошондой эле түрлөрдүн ичинде вариациялардын пайда болуп жатканы талашсыз. Бирок көп учурда ал вариациялар бир түрдүн чегинен чыкпайт жана башка түрлөрдөн кескин айырмаланат.

  • Тиричиликтин жаралышы жөнүндөгү Ыйык Китептеги билдирүү түрлөрдүн ичинде вариациялардын пайда болушу мүмкүн экенин далилдеген илимий фактыларга каршы келбейт.

 ЖАРАТКАНДЫ ЖАРАТЫЛЫШТАН БААМДАП БИЛҮҮ

1800-жылдардын орто ченинде жашаган жана Чарлз Дарвиндин эволюция теориясын колдогон Алфред Рассел Уоллес деген белгилүү британиялык биолог көрө турган көзү бар, ойлоно турган акылы бар адам эң майда клеткалардан да, кандан да, жер бетинен да, кең ааламдан да акыл-эстүү Бирөөнүн бар экенин туюп, байкай алышарын айткан.

Уоллес жашаганга чейин эки миң жыл мурун эле Ыйык Китепте: «[Кудайдын] көзгө көрүнбөгөн сапаттары — түбөлүк күчү менен кудайлык табияты — дүйнө жаралгандан бери айкын көрүнүп турат, себеби аларды анын жараткан нерселеринен баамдап билүүгө болот»,— деп жазылган (Римдиктер 1:20). Андыктан силер да бир саамга токтоп, табияттын — кадимки чөптөн баштап, асмандагы сан жетпеген телолорго чейин — таң калыштуудай жаратылганы жөнүндө ой жүгүртүп көрөттүрсүңөр. Ошондо Жараткандын бар экенин туюп-сезе аласыңар.

Бирок силер: «Эгер Жараткан бар болсо, анда эмне үчүн азап-тартышыбызга жол берип жатат? Биздин кыйналып жатканыбыз ага баары бирби? Келечегибиз эмне болот?» — деп айтышыңар мүмкүн. Ыйык Китепте адамдардын ой-толгоолоруна, диний жетекчилердин окууларына көмүлүп көмүскөдө калган, көптөр билбей калган маалымат бар. Бул журналды басып чыгаргандар, Жахабанын Күбөлөрү, силерге Ыйык Китепте чынында эмнелер жазылганын, ошондой эле анда Жаратканыбыз жөнүндө жана адамзаттын келечеги жөнүндө эмне делерин айтып берүүгө дайым даяр.