Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китепте жан башка түргө өтөт деп айтылабы?

Ыйык Китепте жан башка түргө өтөт деп айтылабы?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Жок, антип айтылбайт. Ыйык Китепте мындай сөз да, ой да жок. Жандын башка түргө өтөрүнө ишенүү жандын өлбөстүгү жөнүндөгү окууга негизделет a. Ал эми Ыйык Китепте жан бул адамдын өзү экени жана анын өлөрү айтылат (Башталыш 2:7; Жезекиел 18:4). Адам өлгөндөн кийин башка эч жерде жашабайт (Башталыш 3:19; Насаатчы 9:5, 6).

Жандын башка түргө өтүшү менен тирилүүнүн кандай айырмасы бар?

 Ыйык Китепте өлгөндөрдүн тирилери айтылган. Бул жандын өлбөстүгү жөнүндөгү окууга негизделбейт. Өлгөндөр Кудайдын кудуреттүү күчү менен тирилип, кайра жашашат (Матай 22:23, 29; Элчилер 24:15). Ыйык Китепте айтылгандай, өлгөндөр жердеги жаңы жашоого тирилип, түбөлүк жашоо үмүтүнө ээ болушат (2 Петир 3:13; Аян 21:3, 4).

Жандын башка түргө өтүшүнө жана Ыйык Китепте айтылгандарга байланыштуу жаңылыш түшүнүк

 Жаңылыш түшүнүк. Ыйык Китепте Илияс пайгамбардын Чөмүлдүрүүчү Жакан болуп кайра төрөлгөнү айтылган.

 Чындык. Кудай байыркы убакта эле: «Мен силерге Илияс пайгамбарды жиберип жатам»,— деп айткан. Иса Машаяк болсо, Чөмүлдүрүүчү Жакан кызматын баштаганда, ушул пайгамбарлыктын аткарылганын айткан (Малаки 4:5, 6; Матай 11:13, 14). Бирок бул Илияс пайгамбардын Чөмүлдүрүүчү Жакан болуп кайра төрөлгөнүн билдирген эмес. Жакан өзү да Илияс пайгамбар эмес экенин айткан (Жакан 1:21). Ал Илияс пайгамбардыкындай ишти аткарган. Тагыраак айтканда, Кудайдын кабарын жарыялап, элди күнөөлөрү үчүн өкүнүүгө чакырган (1 Падышалар 18:36, 37; Матай 3:1). Чөмүлдүрүүчү Жаканда, Ыйык Китепте жазылгандай, Илияс пайгамбардын «руху, күчү» болгон (Лука 1:13—17).

 Жаңылыш түшүнүк. Ыйык Китепке ылайык, жандын башка түргө өтүшүн «кайра төрөлүү» деп түшүнсө болот.

 Чындык. Ыйык Китепте жазылгандай, адамдын кайра төрөлүшү, башкача айтканда, рухий инсан катары кайра төрөлүшү анын көзүнүн тирүүсүндө болот (Жакан 1:12, 13). Анын кайра төрөлүшү мурунку иштеринин кесепетин тартарын билдирбейт. Бул — Кудайдын келечекке байланыштуу өзгөчө үмүткө ээ болгондорго берген батасы (Жакан 3:3; 1 Петир 1:3, 4).

a Жандын өлбөстүгүнө жана жандын башка түргө өтүшүнө ишенүү байыркы Вавилондон келип чыккан. Кийинчерээк индиялык ойчулдар «карма» деп аталган окууну негиздешкен. Дин боюнча бир энциклопедияга ылайык, карма «себеп — натыйжа мыйзамына баш иет. Башкача айтканда, адамдын азыркы жашоодо кылгандары кийинки жашоосуна таасир этет деген ой-толгоого негизделет» («Britannica Encyclopedia of World Religions», 913-бет.)