Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китепте ичкилик жөнүндө эмне делет? Бул күнөөбү?

Ыйык Китепте ичкилик жөнүндө эмне делет? Бул күнөөбү?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Чеги менен ичүү күнөө деле эмес. Ыйык Китепте шарап Кудайдын белеги экени жана кубаныч тартуулары айтылат (Забур 104:14, 15; Насаатчы 3:13; 9:7). Ошондой эле ден соолук үчүн да пайдалуу экени жазылат (1 Тиметей 5:23).

 Жерде жашап жүргөн кезинде Иса пайгамбар да шарап ичкен (Матай 26:29; Лука 7:34). Бир жолу ал үйлөнүү-үлпөт тоюнда көп сууну шарапка айландырып, жубайларга белек кылган (Жакан 2:1—10).

Ченемсиз ичүүнүн кесепеттери

 Ыйык Китепте шараптын пайдалуу жактары айтылса да, ичкиликти ченемсиз ичүү жана аракечтик айыпталат. Андыктан Иса Машаяктын жолдоочусу ичкиликти чеги менен гана ичет (1 Тиметей 3:8; Тит 2:2, 3). Ыйык Китепте өтө көп ичүүнүн төмөнкүдөй кесепеттери бар экени айтылат:

Канча ичүү өтө көп ичкендикке жатат?

 Эгерде адам спирт ичимдиктерин өзүнө же башкаларга зыян алып келе турганчалык деңгээлде ичсе, бул өтө көп ичкендикке жатат. Ыйык Китепке ылайык, эс-учун жоготкончо ичүү эле эмес, тунук ой жүгүртө албай, теңселип, чайпалып басканчалык, чыр-чатак салып, булдуруктап сүйлөп калганчалык ичүү да аракечтик деп эсептелет (Аюп 12:25; Забур 107:27; Накыл сөздөр 23:29, 30, 33). Атүгүл чени менен ичип жүргөндөр да «мас болуп» калышы жана анын кесепетин тартышы мүмкүн (Лука 21:34, 35).

Такыр оозго албоо

 Ыйык Китепте Кудайдын кызматчылары кайсы учурларда такыр эле ичпеши керектиги айтылат:

  •   Башкаларга кедерги боло турган болсо (Римдиктер 14:21).

  •   Жергиликтүү мыйзамда ичкилик ичүүгө тыюу салынса (Римдиктер 13:1).

  •   Ичкенде чегин билбей калса. Аракты же дагы башка спирт ичимдигин таштай албай кыйналып жүргөндөр такыр эле оозго албашы керек (Матай 5:29, 30).