Мазмунун көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР

Балдар менен ичимдик жөнүндө сүйлөшүү

Балдар менен ичимдик жөнүндө сүйлөшүү

 «Кызыбыз менен биринчи жолу ичимдик жөнүндө алты жашында сүйлөшкөнбүз. Таң калыштуусу, ал биз ойлогондон да көптү билет экен» (Александр).

Эмнелерди билишиңер керек?

 Балдар менен ичимдик жөнүндө сүйлөшүү маанилүү. Балаңар өспүрүм куракка келгенге чейин күтүп отура бербегиле. Орусияда жашаган Хамит: «Уулубуз менен ичимдик жөнүндө кичинекей кезинен тартып эле сүйлөшө баштасак болмок экен. Мунун маанилүү экенин кыйынчылыкка кабылгандан кийин гана түшүндүк. Көрсө, уулубуз 13 жашында эле ичип жүрүптүр»,— дейт.

 Бул силерди эмне үчүн тынчсыздандырышы керек?

  •   Классташтары, жарнамачылар, телеберүүлөр балаңардын ичимдикке болгон көз карашына таасир этип коюшу мүмкүн.

  •   АКШдагы Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун билдирүүсүнө ылайык, Кошмо Штаттардагы бүт спирт ичимдиктеринин 11 пайызын жашы жете электер ичет.

  Ошондуктан саламаттык сактоо боюнча адистердин ата-энелерди балдарына ичимдик ичүүнүн зыяндуу жактарын түшүндүрүп берүүгө үндөгөнү таң калыштуу эмес. Балаңарга кантип түшүндүрүп берсеңер болот?

Эмне кылсаңар болот?

 Балаңардын суроолоруна жооп берүүгө даяр болгула. Кичинекей балдар бир нерселерди билүүгө аябай кызыгышат, чоңураак балдар болсо андан бетер кызыгышат. Андыктан алардын суроолоруна жооп бериш үчүн даярданып алганыңар жакшы. Мисалы:

  •   Балаңар ичимдиктин даамы кандай болорун сураса, шараптын даамы кычкыл ширеникиндей, ал эми сыраныкы ачуураак болорун айтсаңар болот.

  •   Эгер ал татып көргүсү келсе, ичимдиктин балдардын организмине күчтүү таасир этерин түшүндүргүлө. Ичимдик ичкенде адам жеңилдеп каларын, бирок өтө көп ичсе, буттары чалыштап, баса албай каларын жана кийин өкүнүп кала турган иштерди кылып же сүйлөп аларын айтып берсеңер болот (Накыл сөздөр 23:29—35).

 Өзүңөр да билип алгыла. Ыйык Китепте: «Ар бир баамчыл киши билимдин негизинде иш кылат»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 13:16). Андыктан ичимдиктин кандай таасир этерин, өлкөңөрдө ичимдик ичүүгө байланыштуу кандай мыйзамдар, чектөөлөр бар экенин билип алгыла. Ошентсеңер, балаңарга жакшы жардам бере аласыңар.

 Өзүңөр биринчи сөз баштагыла. «Балдардын организми ичимдикти көтөрө албайт,— дейт Британияда жашаган Марк.— Сегиз жаштагы уулуман ичимдик ичкен туурабы же туура эмеспи деп сурадым. Өзүн эркин сезгидей, ыңгайсыз болбой тургандай учурду тандаганымдын аркасында ал оюн ачык айтып берди».

 Ичимдик жөнүндө көп жолу сүйлөшсөңөр, бул балаңарга күчтүү таасир калтырышы мүмкүн. Андай учурларда, анын жашын эске алып, башка маанилүү нерселер, мисалы, жол эрежелери жана жыныстык мамиле тууралуу да сүйлөшкүлө.

  Үлгү болгула. Балдар кебезге окшош. Ошондуктан тегерегиндеги нерселердин баарын сиңирип алышат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, аларга ата-энеси күчтүү таасир эте алат. Эгер жеңилдеш үчүн же стресстен арылыш үчүн эле ичимдик ичсеңер, балаңар ичимдик ичүүнү кыйынчылыктардан качуунун жолундай көрүп калышы мүмкүн. Ошондуктан аларга өзүңөр жакшы үлгү көрсөткөнгө аракет кылгыла. Ичимдикти чени менен ичкиле.

Балаңар ичимдик ичүүнү силерден үйрөнөт