Мазмунун көрсөтүү

Эмне үчүн силер Жахабанын Күбөлөрү деп аталасыңар?

Эмне үчүн силер Жахабанын Күбөлөрү деп аталасыңар?

 Ыйык Китепте айкын-так жазылгандай, Жахаба — бул Кудайдын жеке ысымы (Чыгуу 6:3; Забур 83:18). Ал эми күбө — бул өзү ынанган чындыкты жарыялаган адам.

 Ошондуктан Жахабанын Күбөлөрү деп аталганыбыз биздин бүт ааламды жараткан Жахаба Кудай жөнүндө чындыкты жарыялаган адамдар экенибизди айгинелеп турат (Аян 4:11). Биз өзүбүз бекем ынанган чындыкты өткөргөн жашообуз менен, ошондой эле Ыйык Китептен билгендерибизди башкаларга айтуу менен күбөлөндүрөбүз (Ышая 43:10—12; 1 Петир 2:12).