Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмун ким негиздеген?

Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмун ким негиздеген?

 Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмунун бүгүнкү күндөгү тарыхы 19-кылымдын аягында башталган. Ошол убакта Питсбург шаарына (Пенсильвания штаты, АКШ) жакын жерде жашаган, бир нече кишиден турган чакан топ Ыйык Китепти кылдат изилдей баштаган. Алар чиркөөнүн окууларын Ыйык Китепте жазылгандар менен салыштырышкан. Ошондой эле окуп-билгендерин китептерге, гезиттерге жана азыр «Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт» деп аталган журналга басып чыгара башташкан.

 Ыйык Китепти изилдеген ошол чакан топто Чарлз Тейз Рассел деген киши болгон. Рассел Ыйык Китепке негизделген билим берүү ишин жетектеп, «Күзөт мунарасы» журналынын биринчи редактору болсо да, ал жаңы динди негиздеген эмес. Ошол маалда Ыйык Китепти Изилдөөчүлөр деп белгилүү болгон Рассел менен анын шериктеринин негизги максаты Иса пайгамбардын айткандарын элге жеткирүү жана анын 1-кылымдагы жолдоочуларынын үлгүсүнө кармануу болгон. Иса Машаяк Жахаба Кудайдын 1-кылымдагы кызматчыларын бир эл кылып уюштургандыктан, Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмунун негиздөөчүсүн Иса Машаяк деп эсептейбиз (Колосалыктар 1:18—20).