Чыгуу 6:1—30
6 Ошондо Жахаба Мусага: «Эми фараонго эмне кыларымды көрөсүң+. Мен күчтүү колумду сунуп, аны элимди коё берүүгө, атүгүл Мисир жеринен кууп чыгууга аргасыз кылам»,— деди+.
2 Кудай Мусага дагы мындай деди: «Мен Жахабамын+.
3 Ыбрайымга+, Ыскакка+ жана Жакыпка+ Кудурети Күчтүү Кудай катары көрүнгөм+, ал эми Жахаба+ деген ысмым менен аларга толук ачылган эмесмин+.
4 Мен алар менен өздөрү келгин катары жашаган Канаан жерин берем деп келишим түзгөм+.
5 Ал келишимим эсимде+. Мен мисирликтер кул кылып алган Ысрайыл уулдарынын зарлаган үнүн угуп жатам+.
6 Ошондуктан Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: „Мен Жахабамын. Силерди мисирликтердин эзүүсүнөн, алардын кулчулугунан бошотом+. Ал жерге жазаларды жиберип, силерди күчтүү колум менен куткарып алам+.
7 Силерди өзүмө эл кылып алам+, силердин Кудайыңар болом+. Ошондо менин силерди Мисирден алып чыгып, анын эзүүсүнөн бошоткон Жахаба Кудайыңар экенимди билесиңер+.
8 Мен силерди Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка берем деп колумду көтөрүп ант берген+ жерге алып барам да, аны силерге берем+. Мен Жахабамын“»+.
9 Муса ушулардын баарын Ысрайыл уулдарына айтты, бирок алар укпай коюшту, анткени кулчулуктун айынан кыйналып, ындыны өчүп калган эле+.
10 Ошондо Жахаба Мусага:
11 «Мисирдин падышасына+, фараонго, барып айт, Ысрайыл уулдарын өз жеринен коё берсин»,— деди+.
12 Бирок Муса Жахабага: «Мени Ысрайыл уулдары укпай жатса+, фараон укмак беле?+ Мен жакшы сүйлөй албайм да»,— деди+.
13 Бирок Жахаба, Муса менен Арун Ысрайыл уулдарын Мисир жеринен алып чыгышы үчүн, алар менен сүйлөшүп, алар аркылуу Ысрайыл уулдарына жана Мисир падышасына, фараонго, буйрук бергенин токтоткон жок+.
14 Алардын уруу башчылары булар: Ысрайылдын тун уулу Рубейиндин уулдары+: Ханох, Палу, Кесрон, Карми+. Булар — Рубейиндин тукумдары+.
15 Шымондун уулдары: Жемуел, Жамин, Охат, Жахин, Зохар жана канаандык аялы төрөп берген Шабул+. Булар — Шымондун тукумдары+.
16 Лебинин+ уулдарынын аттары: Гершон, Каат, Мерари+. Алардан алардын тукумдары тараган+. Леби 137 жыл жашаган.
17 Гершондун уулдары: Либни менен Шимей+. Алардан алардын тукумдары тараган+.
18 Кааттын уулдары: Амрам, Итсар, Хеброн, Узиел+. Каат 133 жыл жашаган.
19 Мераринин уулдары: Махли менен Муши+.
Бул — Лебинин уулдарынан тараган уруулардын санжырасы+.
20 Амрам атасынын карындашы Жохебетти аялдыкка алган+. Ал ага Арун менен Мусаны төрөп берген+. Амрам 137 жыл жашаган.
21 Итсардын уулдары: Корак+, Непек, Зихри.
22 Узиелдин уулдары: Мишаел, Элисапан, Ситри+.
23 Арун Аминадаптын кызы, Нахшондун+ бир тууганы Элишебаны аялдыкка алган. Ал ага Надапты, Абыйды, Элазарды, Итамарды+ төрөп берген.
24 Корактын уулдары: Асир, Элкана, Абиасап+. Булар — Корактан тараган уруулар+.
25 Арундун уулу Элазар+ Путиелдин кыздарынын бирин аялдыкка алган. Ал ага Пинехасты+ төрөп берген.
Булар — Лебинин уулдарынан тараган уруулардын башчылары+.
26 Жахаба: «Ысрайыл уулдарын Мисир жеринен аскер кошуундарындай кылып алып чыккыла»+,— деп айткан Арун менен Муса — ушулардын тукумдары+.
27 Ошол Муса менен Арун Ысрайыл уулдарын Мисирден алып чыгыш үчүн Мисир падышасы, фараон, менен сүйлөшүшкөн+.
28 Жахаба Мисир жеринде Муса менен сүйлөшкөн күнү+
29 Жахаба ага: «Мен Жахабамын+. Мен айткандардын баарын Мисир падышасына, фараонго, айт»,— деди.
30 Бирок Муса Жахабага: «Мен жакшы сүйлөй албайм да. Фараон мени укмак беле?» — деди+.