Мазмунун көрсөтүү

Келечегибиз кандай болот деп ойлойсуз?

Келечегибиз кандай болот деп ойлойсуз?

Дүйнөдөгү абал...

  • ушу бойдон калабы?

  • начарлай береби?

  • же жакшырабы?

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

«Кудай [адамдардын] көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Мурункунун баары өтүп кетти» (Аян 21:4, «Жаңы дүйнө котормосу»).

БУЛ СИЗДИН ЖАШООҢУЗГА КАНДАЙ ТААСИР ЭТЕТ?

Ырахат тартуулаган жакшы жумушуңуз болот (Ышая 65:21—23).

Оору-сыркоо, азап-кайгы дегенди унутасыз (Ышая 25:8; 33:24).

Үй-бүлөңүз жана досторуңуз менен түбөлүккө бактылуу өмүр сүрөсүз (Забур 37:11, 29).

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЖАЗЫЛГАНДАРГА ИШЕНСЕ БОЛОБУ?

Ооба, буга, бери дегенде, эки себеп бар:

  • Кудайдын кудуреттүүлүгү. Жахаба Кудай чексиз күч-кубатка ээ болгондуктан Ыйык Китепте ал гана «Кудурети Күчтүү» деп аталат (Аян 15:3). Ошондуктан анын өз убадасын аткарып, азыркы дүйнөдөгү абалды түп-тамыры менен өзгөртө аларына кымындай да шектенбесек болот. Ыйык Китепте айтылгандай, «Кудайдын колунан келбеген эч нерсе жок» (Матай 19:26).

  • Кудайдын каалоосу. Мисалы, Ыйык Китепте Жахаба Кудайдын өлгөн адамдарды «сагынып, куса болору», ошондуктан аларды тирилтүүнү абдан каалаары жазылган (Аюп 14:14, 15).

Ошондой эле Ыйык Китепте Кудай жерге жиберген Иса пайгамбардын оорулууларга боору ооруп, аларды айыктырганы жазылган (Марк 1:40, 41). Ал адамдарга жардам берүүгө ынтызар болгон. Анткени Кудайдын сезимдерин толук чагылдырган (Жакан 14:9).

Ошондуктан биз Жахаба Кудайдын, келечекте бактылуу өмүр сүрүшүбүз үчүн, бизге жардам берүүнү абдан каалаарына шектенбесек болот (Забур 145:16; 2 Петир 3:9).

 КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУЗ?

Кудай дүйнөдөгү абалды кантип өзгөртөт?

Бул суроонун жообу төмөнкү аяттарда жазылган: НАКЫЛ СӨЗДӨР 2:21, 22; ДАНИЕЛ 2:44.