Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЫЙЫК КИТЕПТИН КАНДАЙ ПАЙДАСЫ БАР?

Ыйык Китепти эмне үчүн окуш керек?

Ыйык Китепти эмне үчүн окуш керек?

«Башында Ыйык Китепти түшүнүш кыйын деп ойлочумун» (Юве).

«Кызыксыз болуш керек деп ойлогом» (Квене).

«Ыйык Китептин калыңдыгын көргөндө эле окугум келбей калган» (Иезекел).

Айрымдар Ыйык Китепти ал жөнүндө жогоруда айтылгандай ойдо болгондуктан окубай калышкан. Башкалар болсо андай китепке тишим өтпөйт деп ойлошот. Бирок Ыйык Китеп силерге бактылуу болууга жана жашоодон канааттануу алууга жардам берерин билсеңер, эмне кылат элеңер? Же болбосо кимдир бирөө канткенде аны окуу кызыктуу болорун айтсачы? Аны окуп көргүңөр келет беле?

Эмесе, Ыйык Китептин канчалык пайдалуу экенин жашоосунда сезип көргөн айрым кишилердин айткандарына токтололу.

20 жаштардагы Иезекел мындай дейт: «Мурун көздөгөн жери жок эле машине менен кетип бараткан кишидей болчумун. Жашоонун маңызын түшүнгөнгө мага Ыйык Китеп жардам берди. Ал жактан күн сайын пайдасын тийгизген кеңештерди таптым».

20 жаштардагы Фрида деген кыз: «Мурда тез эле ачууланып кетчүмүн. Ыйык Китепти окугандан тартып сабырдуу болгонго үйрөндүм. Азыр мага башкалар менен тил табышуу жеңилирээк болуп калды, досторум да көп»,— дейт.

50 жаштардагы Юнес деген аял болсо: «Ыйык Китеп мага жаман адаттарымды таштап, жакшы жакка өзгөргөнгө жардам берип жатат»,— дейт.

Ушул жана башка миллиондогон адамдарга жардам бергендей эле, Ыйык Китеп силерге да жашоодон көбүрөөк канааттануу алууга жардам берет (Ышая 48:17, 18). Алсак, бул китеп туура чечим чыгарууга, жакшы досторду табууга, стресс менен күрөшүүгө жана баарынан маанилүүсү, Кудай жөнүндө чындыкты билүүгө көмөк кылат. Ыйык Китептеги кеңештер Кудайдыкы болгондуктан, эгер аларга кулак каксаңар, эч жаңылбайсыңар. Кудай эч качан жаман кеңеш бербейт.

Эң негизгиси, окуй башташ керек. Анда канткенде Ыйык Китепти окуу жеңил да, кызыктуу да болот?