Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Жашоом жыргал деп ойлочумун

Жашоом жыргал деп ойлочумун
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1982

  • ӨЛКӨСҮ: ПОЛЬША

  • МУРУН ЗОМБУЛУКЧУЛ БОЛЧУ, БАҢГИЗАТ КОЛДОНЧУ, КАРЬЕРАГА УМТУЛЧУ

МУРУН.

Мен Польша менен Германиянын чек арасына жакын жайгашкан чакан шаарда төрөлгөм. Жашаган жерибизде токойлор, фермалар көп болгондуктан, жашообуз тынч, бейпил болчу. Ата-энем мени жакшы киши болгонго, мектепте жакшы окуп, карьерага жетүүгө үндөчү.

Чоңоюп, Вроцлав шаарындагы университетте мыйзамды изилдей баштаганда жашоомдо кыйынчылыктар боло баштады. Ата-энем алыста болгондуктан жаман балдарга кошулуп кеттим. Мен футболду жакшы көрчүмүн, бирок досторумдун таасири менен ашынган фанат болуп кеткем. Жакшы көргөн командам Варшавадан болчу. Алар каякта ойнобосун, дем алыш сайын ошол жакка барчумун. Мас болгуча иччүмүн, баңгизат колдончумун, кээде болсо атаандаш команданын күйөрмандары менен мушташа кетчүмүн. Полицияга түшүп кала турган болсом, карьерама жетпей калышым мүмкүн экенин билсем да, стрессимди ушинтип чыгарчумун.

Досторум менен клубга, дискотекага барганды жакшы көрчүмүн. Ал жактан да чыгып алып, көчөдөн мушташа кеткен күндөр болду. Ошонун айынан көп жолу полицияга кармалдым, бирок эптеп бир айласын таап, чыгып кетчүмүн, кээде пара берип кутулчумун. Ошонун баарын жыргал жашоо деп ойлочумун. Бирок жүрөгүмдүн түпкүрүндө туура эмес жашап жатканымды билчүмүн. Андыктан көөнүмдү тынчытып, жеңилдеп калыш үчүн жекшемби сайын чиркөөгө барып турчумун.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.

2004-жылы Жахабанын Күбөлөрү үйгө келип, Ыйык Китепти чогуу окуп көрүүнү сунушташты. Мен макул болдум. Ыйык Китепти окуган сайын Иса Машаяктын жолдоочусу болуу чынында эмнени билдирерин түшүнө баштагандыктан, абийирим кыйнай баштады. Анткени ичкиликти, баңгизатты таштап, Ыйык Китептеги мыйзам-осуяттарга карманбаган досторуман кол үзүшүм керектигин билчүмүн, мүнөзүмдү да өзгөртүшүм керек болчу. Ушунун баарын түшүнүп турсам да, жаман жолумдан кайткан жокмун.

Бирок менин жашоом бир түндүн ичинде эле өзгөрүп кетти. Ошол түнү сегиз киши менен мушташа кеткем. Эсиме келсем — тепки жеп, башым жарылып, көчөдө жатыптырмын. Ошондо: «Жахаба, сенин тилиңди албаганым үчүн кечире көр. Эгер аман калсам, Ыйык Китепти окуп, оңолом»,— деп жалбардым, анткени өлөм го деп ойлогом. Бирок, таң калыштуусу, өлбөй калдым. Анан сөзүмө туруп, кайрадан Ыйык Китепти окуй баштадым.

2006-жылы Англияга көчүп бардым. Ал жактан акча топтоп, Польшага кайтып келип, университеттен алган билимимди жогорулатам деген оюм бар болчу. Бирок Ыйык Китепти изилдеп жатып мага күчтүү таасир берген бир аятты окуп калдым. Ал элчи Пабылдын: «Мырзам Машаяк Иса жөнүндөгү теңдешсиз билим үчүн, чынында эле, бардыгынан баш тарттым. Машаяк үчүн баарын четке кактым, ага ээ болуу үчүн баарын таштанды деп эсептейм»,— деген сөздөрү болчу (Филипиликтер 3:8). Элчи Пабыл да, мен сыяктуу эле, мыйзамды жакшы билген, жогорку билимдүү жана мага окшогон зомбулукчул киши болсо да, Кудайга кызмат кылуу жана Иса Машаяктан үлгү алуу жашоонун эң мыкты жолу экенин түшүнгөн экен (Элчилер 8:3). Анын жашоосу жөнүндө ой жүгүртүп, мен да карьера жасоо жана зомбулукчул болуу адамга бакыт тартуулабасын түшүндүм. Пабыл өзгөрө алгандыктан, мен да өзгөрө алам деп ойлондум. Ошондуктан Англияда эле калууну чечип, билимимди жогорулатам деген оюмдан кайттым.

Жахаба жөнүндө билген сайын, ага жакындай бердим. Мисалы, ал чын жүрөктөн өкүнүп, өзгөргүсү келген адамдарды кечирүүгө даяр экенин билгенде аябай таасирлендим (Элчилер 2:38). Андан тышкары, 1 Жакан 4:16дагы: «Кудай — сүйүү»,— деген сөздөрдү окуп, Кудай эмне үчүн зомбулукту жек көрөрүн түшүнө баштадым.

Мен да ошол бактылуу элдин арасында болгум келди

Мага Жахабанын Күбөлөрүнүн жүрүм-туруму да аябай жакты. Алар Ыйык Китептеги бийик нормаларга ылайык жашаганга аракет кыларына толук көзүм жетти. Мен да ошол бактылуу элдин арасында болгум келди. Айрым алсыз жактарым менен күрөшүп, өзгөргөндөн кийин өмүрүмдү Кудайга кызмат кылууга арнап, 2008-жылы Жахабанын Күбөсү болдум.

Эстер экөөбүз полякча сүйлөгөндөргө Ыйык Китеп жөнүндө билүүгө жардам берүүдөн кубаныч алуудабыз

ПАЙДАСЫ.

Мурун ичкиликке жакын, баңгизат колдонгон, зомбулукчул футболдун фанаты болсом, эми Ыйык Китептин таасиринин аркасында Кудайга кызмат кылып, атүгүл башкаларга Ыйык Китепти түшүнүүгө жардам берип калдым. Мен дагы деле футболду жакшы көрөм, бирок азыр ага тең салмактуу карайм.

Эстер деген жубайым да Жахабанын Күбөсү. Экөөбүз ушу тапта Англиянын түштүк-батышында жашайбыз жана полякча сүйлөгөндөргө Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берүүдөн кубаныч алуудабыз. Ошентип, өмүрүмдө биринчи жолу жашоодон чындап канааттануу алып жатам деп айта алам. Азыр көңүлүм тынч, жашоом да маңыздуу.