Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Эмне үчүн Жусуп фараонго барарда сакал-мурутун алган?

Байыркы мисирлик чачтарачтын сүрөтү

Ыйык Китептин Башталыш деген китебине ылайык, фараон тынчын алган түштөрүн жорутуш үчүн кызматчыларына түрмөдө отурган Жусуп деген еврейди алып келишин буйрук кылган. Ал учурда Жусуптун түрмөдө отурганына бир нече жыл болуп калган. Фараон тезинен келишин буйруса да, Жусуп ага барарда сакал-мурутун алган (Башталыш 39:20—23; 41:1, 14). Башталыш китебин жазган кишинин анча маанилүү эместей сезилген ушундай маалыматты да жазганы мисирликтердин салтын жакшы билгенин көрсөтүп турат.

Сакал өстүрүү байыркы учурда жашаган элдерде, анын ичинде еврей элинде кадимки көрүнүш болчу. Бирок бир энциклопедияда «байыркы учурдагы мисирликтер сакал өстүрбөгөн жападан жалгыз чыгыш эли» болгону жазылган («McClintock and Strong’s Cyclopedia of Biblical, Theological, and Ecclesiastical Literature»).

Мисирликтер сакал-мурутун эле кырышчу беле? Археология боюнча бир журналда, мисирликтердин салты боюнча, фараондун алдына бара турган киши ибадатканага баргандагыдай эле даярданышы керек болгону жазылган («Biblical Archaeology Review»). Ал маалыматка таяна турган болсок, Жусуп фараондун алдына барарда сакал-мурутун, чачын жана денесиндеги бардык түгүн кырышы керек болгон.

Тиметейдин атасы чын эле грек болгонбу?

Андай деле болбошу мүмкүн. Элчи Пабыл өзүнүн каттарында кээде жүйүттөр менен гректердин айырмасын баса белгилеп жазганда жүйүт эместердин баарын жалпысынан грек деп атаган (Римдиктер 1:16; 10:12). Мунун себептеринин бири элчи Пабыл Кудайдын сөзүн тараткан аймактарда гректердин тилинин жана маданиятынын абдан кеңири жайылганында болчу.

Байыркы учурда грек деп кимдер эсептелчү? Алсак, б.з.ч. 4-кылымда жашаган Исократ деген афиндик чечен грек маданияты дүйнөгө кеңири тарап жатканын айтып мактанган. Ал: «Грек деп улуту гректер эле эмес, биздикиндей билим деңгээлине жеткендер аталып калды»,— деп баса белгилеген. Ошондуктан Тиметейдин атасы жана элчи Пабыл грек деп атаган башка кишилер улуту боюнча эмес, маданияты боюнча грек болсо керек (Элчилер 16:1).