Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

АЛАРДАН ҮЛГҮ АЛГЫЛА | ТИМЕТЕЙ

«Мырзабыздын жолундагы сүйүктүү, ишенимдүү балам»

«Мырзабыздын жолундагы сүйүктүү, ишенимдүү балам»

КАДАМ шилтеген сайын туулуп-өскөн жеринен узап бараткан Тиметейдин бүт көңүлү алдыдагы боло турган нерселерде. Ал жанында жол баштап бараткан шериктери менен бирге өзү беш колдой билген талаалар менен кетип баратат. Жол арыган сайын, өрөөндүн дөңсөөсүнөн орун алган Листра шаары кичирейгенден кичирейип көрүнбөй баратат. Тиметейдин көз алдына коштошуп жатып бир чети сыймыктанып, бир чети ыйлагысы келип, көз жашын араң тыйып карап турган апасы менен тай энесинин элеси элестейт. Аларды кайра көрөт болду бекен?

Элчи Пабыл анда-санда Тиметейди жылмая карап коёт. Ал анын уяң экенин, ага ишенимдүүлүк жетишпей турганын жакшы билет, бирок Кудайга кызмат кылууга болгон ынтаасын көрүп сүйүнөт. Ошол кезде Тиметей, сыягы, өспүрүм курактан өтүп, жигиттик куракка келип калса керек. Ал элчи Пабылды аябай сыйлайт жана ага бөтөнчө жакын. Эми Кудайга берилген жана талыкпаган ошол кишини коштоп үйүнөн жүздөгөн чакырым алыстыктагы жерлерге жөнөп баратат. Алар жөө да, кеме менен да жол жүрүшү керек болгондуктан көптөгөн опурталдуу жагдайларга кабылышы мүмкүн. Тиметейдин өз үйүн кайра качан көрөрү да белгисиз.

Жаш Тиметейге турмуштун ушундай жолун тандоого эмне түрткү берген? Көп нерседен кечип, ушундай чечим чыгаруунун аркасында ал эмнелерге ээ болгон? Анын Кудайга болгон ишеними биздин ишенимибизге кандай таасир этиши мүмкүн?

«ЫМЫРКАЙ КЕЗИНЕН»

Келгиле анда, эки-үч жыл мурун, кыязы, сууга бай өрөөндө жайгашкан, Тиметей чоңойгон Листра деген чакан шаарда болгон бир окуяга токтололу. Ал шаардын тургундары грек тилин түшүнүшү мүмкүн болсо да, өз эне тилинде — лукония тилинде — сүйлөшсө керек. Күндөрдүн биринде кошуна жайгашкан Икония деген чоң шаардан Иса Машаяктын Пабыл жана Барнаба деген эки жолдоочусу келип, тынч жаткан шаар уу-дуу боло баштайт. Барнаба экөө элге Кудайдын сөзүн жарыялап жүргөн күндөрдүн биринде элчи Пабыл тубаса майып бир кишини жолуктурат. Анын Кудайга бекем ишенерин көрүп, аны айыктырат (Элчилер 14:5—10).

Листранын тургундарынын көбү бир кездерде кудайлар адам кейпин кийип, алардын жерине түшүп келишкен деген уламыштарга ишенишкен. Ошондуктан Пабылды Гермес, Барнабаны Зевс деп ойлоп алып, аларга арнап курмандык чалмакчы болушат. Пабыл менен Барнаба аларды араңдан зорго токтотушат (Элчилер 14:11—18).

Бирок листралыктардын баары эле аларды кудайлар катары кабыл алган эмес. Алардын арасында жолдошу грек * Эйнике деген жүйүт аял жана анын апасы Лоис болгон. Алар үчүн элчи Пабыл менен Барнаба жакшылыктын жарчылары болгон. Андыктан аларды кунт коюп угушкан. Анткени алар Кудайга ишенимдүү жүйүттөрдүн кимиси болбосун уккусу келген кабарды — Машаяктын келгенин жана ага байланыштуу алдын ала айтылгандардын баары аткарылганын — айтып жатышкан эле.

Элчилердин келгени Тиметейге да күчтүү таасир эткен. Ал «ымыркай кезинен» эле ыйык жазмаларды — Кудайдын Сөзүн — жакшы көрүүгө үйрөтүлгөн болчу (2 Тиметей 3:15). Ошондуктан, чоң энеси менен апасындай болуп, ал да элчи Пабыл менен Барнабанын Машаяк жөнүндө чындыкты айтып жатканын түшүнгөн. Андан тышкары, бала кезинен бери Листранын көчөлөрүнөн көрүп жүргөн буту баспаган кишинин өмүрүндө биринчи жолу баса баштаганына күбө болгон. Андыктан уккан-көргөндөрүнөн кийин Лоис менен Эйникенин, Тиметейдин Иса Машаяктын жолдоочусу болууну чечкени таң калыштуу эмес. Бүгүнкү күндө да ата-энелер жана чоң ата-чоң апалар Лоис менен Эйникеден көп жагынан үлгү алып, жаштарга жакшы таасир эте алышат.

«КӨПТӨГӨН КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР АРКЫЛУУ»

Листра шаарындагы Иса Машаяктын жолун жолдой баштагандар Кудай аларга кандай үмүт тартуулаганын билгенде аябай сүйүнсө керек. Алар ошондой эле ал жолду тандагандар бир топ кыйынчылыктарга кабыларын да билишкен. Мисалы, жүйүт динине бекем карманган жаалданган топ Икония менен Антиохиядан келип, Листранын элин элчи Пабыл менен Барнабага каршы тукурушкандыктан, эл Пабылды таш бараңга алган. Анан аны өлдү деп ойлоп, шаардын сыртына сүйрөп салышкан (Элчилер 14:19).

Ошондо Листрадагы Иса Машаяктын жолдоочулары ал жакка барып, жерде жаткан элчи Пабылды тегеректеп калышат. Анын тирүү экенин көргөндө алар кандай гана сүйүнүшкөн! Андан соң элчи Пабыл кайрадан шаардын ичине кирет. Эртеси күнү болсо Барнаба экөө Кудайдын сөзүн таратыш үчүн Дербе шаарына жөнөп кетишет. Ал жактан жаңы шакирттерди тапкандан кийин, экөө кайра Листра шаарына барышкан. Эмне максат менен? Алар ишенимдештерин «ишенимин бекем сактоого үндөп, кайраттандыруу» үчүн барышкан. Кандай гана кыйынчылыктар болбосун, алардын келечектеги үмүтү ошонун баарына арзый турганын айтып жаткан Элчи Пабыл менен Барнабаны таң кала угуп отурган Тиметейди элестетсеңер. Алар: «Кудайдын Падышалыгына биз көптөгөн кыйынчылыктар аркылуу киришибиз керек»,— дешкен (Элчилер 14:20—22).

Тиметей элчи Пабылдын үйрөткөндөрүн бүт дити менен кабыл алган

Тиметей элчи Пабылдын өзүнүн сөзүнө жараша жашап жатканын көргөн. Анткени ал башкаларга жакшы кабар айтыш үчүн кыйынчылыктарга кайраттуулук менен туруштук берген. Тиметей ага окшоп Кудайга кызмат кыла турган болсо, листралыктар, анын ичинде өз атасы да ага каршы чыгышы мүмкүн экенин билген. Бирок ал андай кысымдын Кудайга кызмат кылууга болгон каалоосуна тоскоол кылышына жол берген эмес. Бүгүнкү күндө да арабызда Тиметейге окшогон жаштар көп. Андай жаштар алардын Кудайга болгон ишенимин бекемдей ала тургандар менен достошууга аракет кылышат. Ошондой эле алар башкалардын каршылыгынан улам чыныгы Кудайга кызмат кылуудан баш тартышпайт.

«БИР ТУУГАНДАР ТИМЕТЕЙДИ ДАЙЫМА МАКТАШЧУ»

Буга чейин айтылгандай эле, элчи Пабыл Листрадан кеткенден кийин, ал жакка эки же үч жылдан кийин Сылас деген шакирт менен кайра барган. Элчи Пабылды көргөндө Тиметейдин үй-бүлөсү канчалык сүйүнгөнүн элестетсеңер. Элчи Пабылдын да аябай сүйүнгөнү шексиз. Ошондо ал бир нече жыл мурун Листрада сепкен чындык сөзүнүн үрөндөрү өсүп чыкканын көргөн: Лоис жана анын кызы Эйнике Иса Машаяктын жолун жолдой башташкан. Алар элчи Пабылды суктандыргандай «эки жүздүүлүгү жок ишенимге» ээ болчу (2 Тиметей 1:5). Ал эми Тиметей жөнүндө эмне деп айтууга болот?

Биринчи жолу келгендегисине караганда бул жолкусунда Тиметей кадыресе чоңоюп калган эле. Аны Листрадагылар эле эмес, 32 чакырымдай алыстыктагы Икония шаарындагы бир туугандар да дайыма макташчу (Элчилер 16:2). Тиметейге жакшы атка ээ болууга эмне жардам берген?

Энеси менен тай энеси аны ымыркай кезинен эле үйрөткөн «ыйык жазмаларда» жаштарга пайдалуу жакшы кеңештер да бар болчу (2 Тиметей 3:15). Маселен: «Жаш кезиңде Улуу Жаратканыңды эсиңден чыгарба»,— деген кеңеш жазылган (Насаатчы 12:1). Бул сөздөр Тиметей үчүн ал Иса Машаяктын жолдоочусу болгондон кийин өзгөчө мааниге ээ болгон. Ал Улуу Жаратканын эсинен чыгарбоонун эң жакшы жолу анын Уулу жөнүндөгү — Иса Машаяк жөнүндөгү — жакшы кабарды жарыялоо экенин түшүнгөн. Тиметей бара-бара тартынчаактыгын жеңип, башкаларга жакшы кабарды тайманбай айтканды үйрөнгөн.

Иса Машаяктын жолдоочуларынын жыйналышында жетекчиликти колго алган бир туугандарга Тиметейдин ийгилиги даана байкалган. Алар жаш Тиметейдин башкаларга дем-шык берип, аларды кайраттандырып жатканын көрүп аябай сүйүнүшсө керек. Баарынан да маанилүүсү, анын кызматын Жахаба Кудай көрүп турган. Кудай ага байланыштуу айрым нерселерди, сыягы, кийинчерээк анын көптөгөн жыйналыштарга кызмат кыларын алдын ала айттырган. Элчи Пабыл Тиметейдин жакшы жардамчы болоруна көзү жеткендиктен аны өзү менен кошо миссионердик сапарга ала кетүүнү чечкен. Буга Листрадагы бир туугандар да макул болушкан. Алар Тиметейдин үстүнө колун коюп, аны кызматтын өзгөчө түрүнө дайындашкан (1 Тиметей 1:18; 4:14).

Тиметей ага ушундай чоң ишеним жана жоопкерчилик артылганын зор сыймык катары көргөнү шексиз. Ал сапарга аттанууга даяр болчу *. Бирок буга Иса Машаяктын жолдоочусу болбогон атасы кандай караган? Ал уулунун келечегин такыр башкача элестетсе керек. Ал эми апасы менен тай энесичи? Алар Тиметей менен сыймыктанышса да, анын коопсуздугуна тынчсызданышканбы? Эгер тынчсызданышса, анысы деле жөндүү эле.

Кандай болбосун, Тиметейдин жолго чыкканы анык. Макаланын башында айтылгандай, элчи Пабылды коштоп алыскы жолго чыкканда Тиметей жаңы жашоо баштаган. Ал кадам шилтеген сайын туулуп-өскөн үйүнөн алыстап, белгисиздикти көздөй арылап бараткан эле. Бир күн бою жол жүрүп отуруп үчөө Иконияга жетет. Ал жактан Тиметей элчи Пабыл менен Сыластын Иерусалимдеги элчилер менен аксакалдардын акыркы көрсөтмөлөрүн жыйналыштарга кантип билдиргенин жана ал жактагы ишенимдештеринин ишенимин кантип бекемдегенин өз көзү менен көргөн (Элчилер 16:4, 5). Бирок бул башталышы гана болчу.

Римдин таш төшөлгөн кенен жолдору менен жүрүп отуруп Галатиядагы жыйналыштарды кыдырып чыккан соң алар Фригиянын бөксө тоолуу аймагы менен жүздөгөн чакырым жолдорду басып өтүп, түндүктү, анан батышты көздөй багыт алышат. Андан соң, Кудайдын ыйык руху жетектегендиктен, багытын өзгөртүп, Троаска барышат. Анан ал жактан кемеге түшүп, Македонияга жөнөшөт (Элчилер 16:6—12). Элчи Пабыл Тиметейдин көп ишке жарай турганын ага чейин эле түшүнгөн. Ошондуктан аны Сылас менен Бероя шаарына калтырып кеткен (Элчилер 17:14). Кийинчерээк болсо атүгүл жалгыз өзүн Тесалоника шаарына жиберген. Тиметей ал жакка барып, Пабыл менен Сыластан үйрөнгөнү боюнча тесалоникалыктардын ишенимин бекемдеген (1 Тесалоникалыктар 3:1—3).

Элчи Пабыл кийинчерээк Тиметей жөнүндө: «Аныкындай маанайга ээ болгон жана силерге чын жүрөктөн кам көрө турган башка эч кимим жок»,— деп жазган (Филипиликтер 2:20). Тиметей мындай абройго жөн жерден эле ээ болуп калган эмес. Ал чынында эле Кудайга момундук менен жана талыкпай кызмат кылган, ошондой эле кыйынчылыктарды туруктуулук менен көтөргөн. Азыркы жаштар үчүн кандай гана сонун үлгү! Жаштар, силердин кандай абройго ээ болоруңар өзүңөрдөн көз каранды экенин эч качан унутпагыла! Силерде Жахаба Кудайга кызмат кылууну жашооңордо биринчи орунга коюп, ошондой эле башкаларга жылуу-жумшак жана урмат-сый менен мамиле кылып, жакшы атка ээ болууга эң сонун мүмкүнчүлүк бар.

«МАГА ТЕЗИРЭЭК КЕЛҮҮГӨ АРАКЕТ КЫЛ»

Тиметей жаш чагынан тартып жашоосун Кудайга кызмат кылууга арнаган

14 жылдан ашуун убакыт аралыгында Тиметей элчи Пабыл менен бир топ кызматташкан. Ал экөөнүн чогуу кыйналган да, кубанган да далай күндөрү болгон (2 Корунттуктар 11:24—27). Тиметей Кудайга болгон ишеними үчүн атүгүл түрмөгө отурган (Еврейлер 13:23). Ал да, элчи Пабылдай болуп, ишенимдештерин жакшы көрчү жана алар үчүн аябай тынчсызданчу. Ошондуктан элчи Пабыл ага анын көз жашын төккөн учурлары эсинде экенин жазган (2 Тиметей 1:4). Ошондой эле Тиметей элчи Пабылдан башкаларды чындап кайраттандырып, жубатыш үчүн «ыйлагандар менен ыйлаганды», башкача айтканда, алардын сезимин түшүнө билгенди үйрөнгөн (Римдиктер 12:15). Бул жагынан биз да андан үлгү алсак болот.

Убакыттын өтүшү менен Тиметейдин Машаяктын жолдоочуларынын жыйналышында мыкты көзөмөлчү болгону таң калыштуу эмес. Пабыл ага жыйналыштарды кыдырып, ишенимдештеринин Кудайга болгон ишенимин бекемдегенден тышкары, жыйналышты жетектөөгө жөндөмдүү аксакалдарды жана кызмат жардамчыларын дайындоону ишенип тапшырган (1 Тиметей 5:22).

Элчи Пабыл Тиметейди баласындай көрүп, ата катары көп жакшы кеңештерди берген. Ал Тиметейди ага белек катары берилген өзгөчө кызматын жогору баалап, дагы көп ийгилик жарата берүүгө үндөгөн (1 Тиметей 4:15, 16). Ошондой эле жаштыгынын, кыязы, ага мүнөздүү болгон уяңдыгынын туура нерсени жактоого тоскоол болушуна жол бербеши керектигин айткан (1 Тиметей 1:3; 4:6, 7, 11, 12). Ал Тиметейге анын көп кармачу оорусуна, сыягы, ашказанынын оорусуна байланыштуу да кеңеш берген (1 Тиметей 5:23).

Элчи Пабыл өзүнө өлүм өкүмү чыгарылып, жакында өмүрү менен кош айтыша турганын билгенде Тиметейге акыркы катын жазган. Ал ага: «Мага тезирээк келүүгө аракет кыл»,— деп жазган (2 Тиметей 4:9). Элчи Пабыл Тиметейди жанындай жакшы көрүп, «Мырзабыздын жолундагы сүйүктүү, ишенимдүү балам» деген (1 Корунттуктар 4:17). Ошондуктан өлөрүнө аз калганда Тиметейдин анын жанында болушун абдан каалаган. Биз да өзүбүздөн: «Башкалар кыйынчылыкка туш болгондо жубаныш үчүн мага кайрылышабы?» — деп ойлонуп көрсөк болот.

Тиметей элчи Пабылды акыркы ирет көрүүгө жетишкенби? Ал белгисиз. Бир билгенибиз, Тиметей элчи Пабылды, ошондой эле башкаларды жубатып, кайраттандырыш үчүн дайыма жанын берип аракет кылган. Ал атына заты жарашкан адам болгон. Анткени аты «Кудайды урматтаган» дегенди билдирген. Тиметейден жаштар да, карылар да — баарыбыз үлгү ала алабыз.

^ 9-абз. Журналдын ушул санындагы «Билесиңерби?» деген рубриканы карагыла.

^ 20-абз. Тиметей атүгүл элчи Пабылдын өтүнүчү боюнча сүннөткө отургузулууга макул болгон. Иса Машаяктын жолдоочуларынан сүннөткө отургузулуу талап кылынбаса да, Тиметейдин атасы жүйүт болбогондуктан, Кудайдын сөзүн жүйүттөргө айтууда кыйынчылыктар болбошу үчүн, элчи Пабыл Тимейдин сүннөткө отургузулушун туура көргөн (Элчилер 16:3).