Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Көрүнбөс Кудайды көрүү мүмкүнбү?

Көрүнбөс Кудайды көрүү мүмкүнбү?

«КУДАЙ — Рух» болгондуктан, адамдар аны көрө албайт (Жакан 4:24). Бирок Ыйык Китепте айрымдардын аны кандайдыр бир мааниде көргөнү айтылат (Еврейлер 11:27). Алар Кудайды чын эле көрүшкөнбү? «Көрүнбөс Кудайды» көрүү мүмкүнбү? (Колосалыктар 1:15).

Келгиле, тубаса сокур адамдарды мисалга алалы. Алар айланасындагы нерселерди көрө албаса эле такыр түшүнбөйт деп айтууга болобу? Жок. Алар адамдар, буюмдар жана окуялар жөнүндө түшүнүк алганга жардам берген маалыматты ар кандай жол менен алышат. Бир азиз киши дүйнөнү көзү менен көрө албаса да, акылы менен түшүнө аларын айткан.

Анын сыңарындай, Кудайды кадимки көзүңөр менен көрө албасаңар да, «жүрөгүңөрдүн көзү» менен көрө аласыңар (Эфестиктер 1:18). Анда эмесе келгиле, Кудайды кантип көрсө болорунун үч жолун карап чыгалы.

ЖАРАТКАН НЕРСЕЛЕРИ

Адатта, сокур кишилердин угуу, туюу сезими абдан жакшы өрчүгөн болот. Ошонун аркасында алар көрө албаган нерселерин да түшүнүп-биле алышат. Ошо сыяктуу эле, биз да сезүү органдарыбызды колдонуп бизди курчап турган жаратылышты изилдеп, көзгө көрүнбөгөн Жаратканды таанып-биле алабыз. «Анын көзгө көрүнбөгөн сапаттары — түбөлүк күчү менен кудайлык табияты — дүйнө жаралгандан бери айкын көрүнүп турат, себеби аларды анын жараткан нерселеринен баамдап билүүгө болот» (Римдиктер 1:20).

Мисалы, Жер планетасы жөнүндө ойлонуп көрөлү. Ал адам баласы эптеп эле күн көрө тургандай эмес, жашоодон ыракат ала тургандай болуп жаратылган. Алсак, назик соккон жел, күндүн жагымдуу жылуулугу, ширелүү жемиштин даамы, куштардын кубулжуган үнү бизге канааттануу тартуулайт. Ушу сыяктуу нерселер Жаратканыбыздын даанышмандыгынан, мээримдүүлүгүнөн жана кең пейилдигинен кабар берет.

Ал эми ааламды карап туруп Кудайдын эмнесин көрүүгө болот? Эң биринчиден, анын кудуретин көрө алабыз. Алсак, жакында эле окумуштуулар ааламдын кеңейип жатканын, болгондо да, укмуштуудай тездик менен кеңейип жатканын далилдешкен. Ошондуктан түнкүсүн жылдыздуу асманды караганыңарда: «Ааламдын ушунчалык тездик менен кеңейиши кайсы күчтүн таасири менен болуп жатат?» — деп ойлонуп көрсөңөр болот. Ыйык Китепте Жаратканыбыздын «кубаты эбегейсиз» экендиги айтылат (Ышая 40:26). Ал жараткан нерселер анын «Кудурети Күчтүү» экенин, «зор күчкө ээ» экенин айгинелейт (Аюп 37:23).

УУЛУНУН АЙТЫП БЕРГЕНДЕРИ

Көзү көрбөгөн эки уулу бар бир эне: «Мындай балдарды окутуп-үйрөтүш үчүн алар менен дайыма сүйлөшүп туруу абдан маанилүү. Аларга уккан-көргөнүңөрдүн баарын айта бергиле, түшүндүргүлө. Анткени силер — алардын көзүсүңөр»,— деген. Кудайды да бир да адам көргөн эмес, бирок «аны бизге Атасына эң жакын болгон, табияты боюнча ага окшош болгон жалгыз уулу тааныткан» (Жакан 1:18). Кудайдын эң биринчи жаратканы жана тун Уулу болгондуктан Иса Машаякты биздин асмандагы «көзүбүз» деп айтууга болот. Ал аркылуу биз көрүнбөс Кудай жөнүндө маалымат ала алабыз.

Миллиондогон жылдар бою Кудайдын жанында болгон Иса Машаяктын ал жөнүндө айтып берген айрым нерселерине көңүл бурсаңар:

  • Кудай дайыма эмгектенет. «Атам ушу кезге чейин эмгектенип келатат» (Жакан 5:17).

  • Кудай эмнеге муктаж экенибизди билет. «Асмандагы Атаңар эмнеге муктаж экениңерди сурай элегиңерде эле билет» (Матай 6:8).

  •  Кудай бизге кам көрөт. «Асмандагы [Атаңар]... күнүн жаманга да, жакшыга да тийгизип, жамгырын адилге да, адил эмеске да жаадырат» (Матай 5:45).

  • Кудай ар бир адамды баалайт. «Эки таранчы бир эле тыйынга сатылат эмеспи. Анткен менен алардын ар биринин жерге түшкөнүн асмандагы Атаңар байкап турат. Ал эми силердин чачыңардын ар бир талы саналуу. Ошондуктан коркпогула: силер топ таранчыдан да баалуусуңар» (Матай 10:29—31).

УУЛУНУН ЧАГЫЛДЫРГАН САПАТТАРЫ

Азиз адамдардын айланадагы нерселерди кабыл алуусу биздикинен айырмаланат. Мисалы, алар көлөкөнү күндүн нуру тийбеген караңгыраак жер деп эмес, күндүн табы тийбеген салкын жер деп түшүнөт. Тубаса сокур киши караңгы менен жарыкты көрүп-түшүнө албагандай эле, биз да Кудайды өз алдыбызча түшүнө албайбыз. Ошондуктан ал адамдарга аны жана анын сапаттарын толугу менен чагылдырган бирөөнү жиберген.

Ал Иса Машаяк болгон (Филипиликтер 2:7). Иса Машаяк Кудай жөнүндө тек гана айтып берип эле койбостон, Кудайдын кандай экенин «көрсөткөн». Бир жолу Филип деген шакирти Исадан: «Мырзам, Атаңды көрсөтчү» — деп суранганда, ал: «Мени көргөн адам Атамды да көрдү»,— деп жооп берген (Жакан 14:8, 9). Иса Машаяктын кылган иштеринен Кудайдын кайсы сапаттарын «көрүүгө» болот?

Иса Машаяк момун болгон жана башкаларга жылуу-жумшак мамиле кылган, адамдар ага оңой кайрыла алган (Матай 11:28—30). Эл ага тартылып турган. Ал башкалардын кайгысын да, кубанычын да тең бөлүшө билген (Лука 10:17, 21; Жакан 11:32—35). Ыйык Китептеги Иса Машаяк жөнүндө жазылгандарды окуганда же укканда бүт сезимиңерди иштетип, ошол окуяны болуп жаткандай элестеткенге аракет кылгыла. Иса Машаяктын адамдарга кандай мамиле кылганы жөнүндө ой жүгүртсөңөр, Кудайдын кереметтүү сапаттарын даанараак «көрүп», ага жакындай аласыңар.

МААЛЫМАТТАРДЫ БАЙЛАНЫШТЫРА БИЛҮҮ

Азиз кишилердин айланасындагы нерселерди кантип түшүнөрүнө байланыштуу бир жазуучу мындай деп жазган: «Андай кишилер бир нерсени ар кандай жол менен (кармоо, жыттоо, угуу жана башка жол менен) алынган маалыматтарды бири-бири менен байланыштыруунун аркасында түшүнөт». Анын сыңарындай, Кудайдын жараткан нерселерине байкоо салуунун, Иса Машаяктын Кудай тууралуу айткандарын окуп-билүүнүн, ошондой эле анын Кудайдын сапаттарын чагылдырганы жөнүндө ой жүгүртүүнүн аркасында Кудай жөнүндө көптү биле алабыз. Ошондо Жахаба Кудай биз үчүн реалдуу боло баштайт.

Байыркы убакта жашаган Аюп пайгамбардын Кудайды жакшы түшүнбөгөн учуру болгон (Аюп 42:3). Бирок Кудай жараткан кереметтүү нерселер жөнүндө ой жүгүрткөндөн кийин ал Кудайга кайрылып: «Сен жөнүндө кулагым чалган, эми болсо минтип көзүм менен көрүп отурам»,— деп айткан (Аюп 42:5).

«Эгерде аны [Жахабаны] издесең, табасың»

Балким, силер тууралуу да ушуну айтууга болот. Ыйык Китепте: «Эгерде аны [Жахабаны] издесең, табасың»,— деп жазылган (1 Жылнаама 28:9). Жахабанын Күбөлөрү силерге көрүнбөс Кудайды тапканга, башкача айтканда, аны таанып-билгенге жардам берүүгө дилгир.