Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Ар бир суроомо Ыйык Китепти колдонуп жооп беришкен

Ар бир суроомо Ыйык Китепти колдонуп жооп беришкен
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1950

  • ӨЛКӨСҮ: ИСПАНИЯ

  • МУРУН: КАТОЛИК КЕЧИЛИ

МУРУН.

Мен Испаниянын Галисия аймагындагы бир кыштакта төрөлгөм. Биздин чакан фермабыз бар эле. Мен 8 баланын төртүнчүсү болчумун. Биз ынтымактуу үй-бүлөлөрдөн болчубуз. Ал маалда Испанияда үй-бүлөдөгү балдардын, жок эле дегенде, бирөө католик мектебинен билим алчу же кечилдер үйүндө жашап окучу. Биздин үйдөн үчөөбүз ошенттик.

Мадриддеги кечилдер үйүнө 13 жашымда баргам. Ал жакта эжем да бар эле. Кечилдер үйүндө баары сабыры суз тартып, бири-бири менен иши да жок болчу. Түгөнбөгөн эрежелер, тиленүүлөр, сансыз чектөөлөр көкөйүмө көк таштай тийген. Таң атпай уйку-соонун ортосунда тиленүү жайына алпарып, Кудай жөнүндө ой жүгүрткүлө деп, отургузуп коюшчу. Же оюма бирдеме келсечи. Анан латынча диний ырларды ырдап, латын тилинде Мессаны (чиркөөдөгү негизги каада-салт) өткөрчүбүз. Чынын айтсам, эчтеке түшүнчү эмесмин. Ошон үчүн мага Кудай аябай алыстай сезилчү. Таң заардан күн батканга чейин унчукпай күн өткөрчүмүн. Эжем экөөбүз жолугуп калганда да бири-бирибизге: «Кандайсың, такыбаа Мариям»,— дегенден башка эчтеке айта алчу эмеспиз. Анткени бизге тамактан кийин жарым эле саат сүйлөшкөнгө уруксат беришчү. Жылуу маанай өкүм сүргөн үйүмдү сагынып, куса болгонумду айтпа. Жалгыздык жаныма батып, ыйлаган далай күндөрүм болгон.

Кудай менден алыстай сезилсе да, антымды аткарып, 17 жашымда кечил болдум. Калп айтканда эмне, баарын милдеттүү болгонум үчүн эле аткарып жүрдүм. Бирок: «Кечил болгонум деги Кудайдын эркиби, же жокпу?» — деп шек санай баштадым. Кечил аялдар: «Шек санап, эки анжы болгондор тозокко түшөт!» — деп көп айтар эле. Ошентсе да күмөн санай бердим. Анткени Иса Машаяктын обочолонбой, эл менен аралашып, аларды окутуп, жардам бергенин жакшы билчүмүн (Матай 4:23—25). Андан ары кечил болуунун бир да орчундуу себебин көрбөгөндүктөн, 20га чыкканда ал жерден кетүүнү чечтим. Тарбиячы апа мага: «Эки анжы болуп жатсаң, тез аранын ичинде кетип калганың оң»,— деген. Ал мени башкаларга терс таасир тийгизет деп коркту окшойт. Ошентип, үйдү көздөй сапар тарттым.

 Атам менен апам мени туура түшүнүп, кучак жайып тосуп алышты. Бирок айылда жумуш жок болгондуктан, Германияга кеттим. Ал жакта иним жашачу. Ал Испаниядан жер которуп келгендерден турган коммунисттер тобунун мүчөсү экен. Мен да аларга кошулуп кеттим, анткени алардын жумушчулар менен аялдардын укугу үчүн күрөшкөнү жакчу. Кийинчерээк ошол топтогу бир жигитке турмушка чыктым. Коммунисттердин адабияттарын таратып, бийликке каршы уюштурулган жүрүштөргө катышып, кичине болсо да, коомго пайда алып келип жатам деп ойлочумун.

Бирок мунусунда да эч нерсе купулума толбой, көкүрөгүм бош болуп туруп алды. Коммунисттердин өздөрү айткандарына ылайык жашабаганын көрүп, көңүлүм кала баштады. 1971-жылы коммунисттер тобундагы жаштар Испаниянын зулум башкаруучуларынын адилетсиз бийлигине каршы экенин көрсөтүш үчүн Франкфурттагы испан элчиси иштеген имаратты өрттөп жиберишкен. Ошондо алардан таптакыр иренжип калдым. Себеби адилеттүүлүк үчүн ушинтип күрөшкөнүн туура көргөн жокмун.

Улуу баламды төрөгөндөн кийин жолдошума коммунисттердин чогулушуна мындан ары барбай турганымды айттым. Ошондон кийин балам экөөбүздүн ал-жайыбызды сурап, бири да басып келген жок. Өзүмдү эч кимге кереги жоктой сезип, жашоонун маңызы жөнүндө көп ойлоно баштадым. «Коомдогу абалды жакшыртууга аракет кылуунун деги пайдасы барбы?» — деген да ойлор келген.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.

1976-жылы эшик чертип, Жахабанын Күбөлөрү болгон жубайлар келип, адабияттарды сунуштап калышты. Алар да испандар экен. Берген адабияттарын алдым. Экинчи жолу келишкенде, азап-кайгы, теңсиздик, адилетсиздик жөнүндө толтура суроолорду жаадырдым. Ошондо алардын ар бир суроомо Ыйык Китепти колдонуп жооп беришкенине аябай таң калдым. Ошол себептен Ыйык Китепти изилдөөгө макул болдум.

Башында Ыйык Китептен билгендеримди жөн эле кызыктуу маалымат катары кабыл алып жүрдүм. Бирок жолдошум экөөбүз Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залында өткөрүлгөн жолугушууларга бара баштагандан тартып жүрөгүм козголуп, баарына башкача карай баштадым. Ал маалда эки балалуу болуп калганбыз. Күбөлөр жыйналышка машине менен алып кетип, жыйналыш учурунда балдарыбызга каралашып турушчу. Бара-бара аларга ишеним артып, жакшы көрө баштадым.

Ошентсе да ичимен кичине шектенип жүрдүм. Бир жолу Испанияга төркүнүмө барып калсам, атамдын дин кызматчы болгон иниси Ыйык Китепти изилдөөдөн айнытууга аракет кылды. Бирок ал жактагы Жахабанын Күбөлөрү мени аябай колдоп жатышты. Алар да жүрөгүмдү өйүгөн суроолорума Ыйык Китепти колдонуп жооп беришти. Андыктан Германияга барганда Ыйык Китепти изилдей берүүнү чечтим. Күйөөм изилдегенин токтотуп койду, мен болсо уланта бердим. Ошентип, 1978-жылы Жахабанын Күбөсү болдум.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ?

Ыйык Китептен так билим алгандан кийин жашоонун маңызын таап, кандай жашаганым туура болорун билдим. Мисалы, 1 Петир 3:1—4-аяттарда аялдар күйөөлөрүнө «терең урмат көрсөтүп», «баш ийүүгө» жана «Кудайдын көз алдында абдан баалуу эсептелген... жумшактык» сапатын өрчүтүүгө чакырылышат. Ушу сыяктуу кеңештер мага жакшы зайып, жакшы эне болууга жардам берип келет.

Жахабанын Күбөсү болгонума 35 жылдын жүзү болду. Кудайдын элине кошулуп, Кудайга кызмат кылып жатканыма сыймыктанам. Беш баламдын төртөөнүн Кудайдын жолунда жүргөнүнө да аябай сүйүнөм.