Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Порнография зыянсызбы же уубу?

Порнография зыянсызбы же уубу?

Бүгүнкү күндө порнография дүйнөнү селдей каптап баратат *. Аны жарнамалардан, мода индустриясынан, тасмалардан, музыкалардан, журналдардан, телевизордон, видеооюндарынан, электрондук каражаттардан, веб-сайттардан жана онлайн сүрөт алмашуу кызматтарынан көрүүгө болот. Учурда коом порнографияга кадимки нерседей карап калды жана ал адамзат тарыхында болуп көрбөгөндөй деңгээлде кулач жайып баратат. Аны көргөндөрдүн саны дүркүрөп өсүүдө. ( «Порнография жөнүндө маалымат» деген кутучаны карагыла.)

Ошондой эле порнография барган сайын өзгөрүүдө. Гейл Динес деген профессор мындай деп жазган: «Ачык, жийиркеничтүү сүрөттөр, видеолор ушунчалык көбөйгөндүктөн, бүгүнкү күндө порнографиянын жийиркеничтүү түрү андай деп эсептелбей калды».

Порнографиянын жайылып баратканы жана адамдардын ага карата болгон көз карашы тууралуу кандай ойдосуңар? Ал зыяны жок көңүл ачууга киреби? Же өлүмгө дуушар кыла турган уубу? Иса Машаяк: «Ар бир жакшы дарак жакшы жемиш берет, жаман дарак болсо жаман жемиш берет»,— деген (Матай 7:17). Анда порнография кандай жемиш берет? Бул суроого жооп алыш үчүн, келгиле, ага байланыштуу негизги суроолордун айрымдарын карап чыгалы.

Адамга кандай таасир этет?

АДИСТЕРДИН ОЮ: Порнография көрүү — оңой менен таштай албай турган жаман адат. Айрым изилдөөчүлөр менен терапевттер аны баңгизатка салыштырышат.

Мындай кылтакка илинип калган Брайн * мындай дейт: «Мени эч нерсе токтото алчу эмес. Порнография көргөндө эргип, өз эркиме ээ боло албай калчумун. Көрүп бүткөндөн кийин денем калтырап, башым ооруп чыкчу. Бул жаман адатымды токтотконго аракет кылып көрдүм, бирок көп жылдарга чейин таштай албай жүрдүм».

Уятсыз видеолорду, сүрөттөрдү көрүп жүргөндөр көбүнчө аны жашырышат. Андай адамдар эч кимге эч нерсесин айтышпайт, алдаганга да барышат. Алардын көбүнүн жалгызсырашы, уялышы, тынчсызданышы, ачууланышы, көңүлү чөгүшү таң калыштуу эмес. Атүгүл андай адамдардын өзүн өзү өлтүргүсү келген учурлары болот. Дээрлик күн сайын уюлдук телефонуна порнография камтылган нерселерди көчүрүп жүргөн Серж мындай дейт: «Элден обочолонуп, түнт болуп кеткем. Көңүлүм чөгүп, өзүмдү эч нерсеге татыксыз, күнөөлүү сезе берчүмүн. Жалгызсырап аябай кыйналып жүрдүм. Кээде капканга түшүп калганымдай сезилчү. Бирөөгө айтып, кеңеш сурагандан аябай уялчумун».

Делебени козгогон ачык сүрөттөрдү, видеолорду атүгүл капыстан көрүп калуу же бир азга эле көз чаптыруу да абдан зыяндуу. Порнографиянын адамга кандай таасир этерин изилдеген Жудит Рейсман АКШ сенатынын алдында сүйлөп чыкканда: «Порнография көргөн кишинин мээсинде өчпөс элес калат. Ал, адам кааласа да, каалабаса да, көз алдына тартыла берет. Эс-тутумдагы андай биохимиялык издерди жок кылуу абдан кыйын, ал тургай мүмкүн эмес»,— деген. Веб-сайттардан ошол сыяктуу нерселерди көрүп жүргөн 19 жаштагы Сюзан мындай дейт: «Көргөндөрүм оюмдан такыр кетпей койду, кээде күтпөгөн жерден эске түшө калат. Аларды акылымдан такыр сүрүп чыгара албайт окшойм».

ЖЫЙЫНТЫК: Порнография адамды бузуп, өзүнө кул кылып алат (2 Петир 2:19).

Үй-бүлөгө кандай таасир этет?

АДИСТЕРДИН ОЮ: «Порнография жубайлардын ынтымагын ыдыратып, үй-бүлөлөрдү ажыратат» («The Porn Trap», Венди жана Лари Молтс).

Ал төмөнкү нерселерге алып келип, үй-бүлөнү бузат:

  • Жубайлардын жүрөгүнө жик кетип, мамилеси муздайт жана бири-бирине болгон сүйүүсү өчөт (Накыл сөздөр 2:12—17).

  • Порнография көргөн адам өзүмчүл болуп, жубайынан алыстай баштайт жана аны менен болгон мамилесинен канааттануу албай калат (Эфестиктер 5:28, 29).

  • Жийиркеничтүү жыныстык мамилелер жөнүндө кыялга батып, кумарлана берет (2 Петир 2:14).

  • Жубайын орунсуз жыныстык мамилеге кирген иш-аракеттерди кылууга мажбурлайт (Эфестиктер 5:3, 4).

  • Оюнда да, иш жүзүндө да ойноштукка барат (Матай 5:28).

Ыйык Китепте жубайлардын бири-бирине «ишенимсиздик кылбашы» керектиги айтылат (Малаки 2:16). Бул нике түйүнүн ыдыратып, бөлөк жашаганга, атүгүл ажырашканга чейин жеткирет. Мунун айынан ортодогу балдар кыйналат.

Порнография балдарга да олуттуу зыян келтирет. Жогоруда сөз кылынган Брайн мындай дейт: «Он жашымда жашынмак ойноп жатып, атам көрүп жүргөн ыпылас сүрөттөрү бар журналдарды таап алгам. Ал сүрөттөргө эмне үчүн тартылып жатканымды түшүнбөй эле жашыруун көрө баштагам. Адамдык касиет-сапаттарымды өлтүргөн ал жаман адат эр жеткен курагыма чейин калган жок». Изилдөөлөр көрсөткөндөй, порнография өспүрүмдөрдү эрте эле жыныстык мамиледе боло баштаганга, ылгабай баары менен жыныстык катнашта болгонго, ошондой иштерди зөөкүрлүк менен кылганга түртөт. Андай өспүрүмдөр эмоциялык, психикалык жактан туруксуз болуп калышат.

ЖЫЙЫНТЫК: Порнография бири-бирин сүйгөн адамдардын ортосуна жарака түшүрөт жана адамдын жан дүйнөсүн жабыркатып, азапка салат (Накыл сөздөр 6:27).

Ыйык Китепте эмне делет?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ МЫНДАЙ ДЕЛЕТ: «Бузуктукка, ыпыластыкка, жыныстык кумарларга, жаман каалоолорго жана бурканга табынуучулук болуп эсептелген ач көздүккө азгырган дене мүчөлөрүңөрдү өлтүргүлө» (Колосалыктар 3:5).

Жөнөкөй сөз менен айтканда, Жахаба * Кудай порнографияны жек көрөт. Бирок бул анын жыныстык катнашты туура эмес деп эсептей турганын билдирбейт. Ал эркек менен аялды никеден ыракат алышы, бири-бирине ынак болушу жана балалуу болушу үчүн жыныстык катнашта болгудай кылып жараткан (Жакып 1:17).

Анда Жахаба Кудай порнографияны жек көрөт деп эмне үчүн айтууга болот? Келгиле, эмне үчүн экенинин бир нече себебин карап көрөлү.

  • Кудай порнографиянын адамдын бактысына балта чабарын билет (Эфестиктер 4:17—19).

  • Бизди сүйгөндүктөн ар кандай зыяндуу нерселерден коргогусу келет (Ышая 48:17, 18).

  • Үй-бүлөлөрдүн бузулбай, бактылуу жашашын каалайт (Матай 19:4—6).

  • Биздин адеп-ахлактуу болушубузду, башкалардын укугун сыйлашыбызды каалайт (1 Тесалоникалыктар 4:3—6).

  • Тукум улоо жөндөмдүүлүгүбүзгө туура көз карашта болушубузду жана аны туура колдонушубузду каалайт (Еврейлер 13:4).

  • Порнография Шайтандын жыныстык катнашка карата болгон бурмаланган көз карашын чагылдырарын билет (Башталыш 6:2; Жүйүт 6, 7).

ЖЫЙЫНТЫК: Порнография адамдын Кудай менен болгон мамилесин бузат (Римдиктер 1:24).

Бирок Жахаба Кудай бул жаман адаттан арылгысы келгендерге боору ооруп, ырайым кылат. Ыйык Китепте: «Жахаба кайрымдуу жана ырайымдуу, ачууланууга шашылбайт, чексиз мээримдүү... Анткени ал биздин эмнеден жаратылганыбызды билет, топурак экенибизди унутпайт»,— деп айтылат (Забур 103:8, 14). Ал момун адамдардын, анын «ырайымын, кайрымдуулугун» көрүш үчүн, анын жолуна түшүшүн каалайт (Еврейлер 4:16;  «Порнографиянын тузагынан бошонуу» деген макаланы карагыла).

Көптөр бул адатын ташташ үчүн Кудайдан жардам издешкен. Алар Кудайдын күчү менен оңоло алышкан. Ыйык Китепте: «Мырзабыз Иса Машаяктын ысмы менен, Кудайыбыздын руху аркылуу жуулдуңар, ыйыкталдыңар, адил деп жарыяландыңар»,— делет (1 Корунттуктар 6:11). Андай адамдар, бир пайгамбардай болуп: «Мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла алам»,— деп айта алышат (Филипиликтер 4:13).

Жогоруда сөз кылынган Сюзан мындай дейт: «Порнографиянын тузагынан Жахаба Кудайдын көмөгү менен гана бошоно аласың. Анын жардам беришин, жетектешин жалынып сурансаң, ыпылас иштерди кылбай, таза болосуң. Ал сага сөзсүз жардам берет».

^ 3-абз. «Порнография» деген сөз көргөн, уккан, окуган кишинин жыныстык каалоосун ойготуп, делебесин козгоо максатында ачык көрсөтүлгөн же жазылган материалга карата айтылат. Ал сүрөттөрдү, жазуу жана аудио түрүндөгү материалдарды камтыйт.

^ 8-абз. Макаладагы ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 25-абз. Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат.