Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ

«Жашоом жөнүндө тереңирээк ойлоно баштадым»

«Жашоом жөнүндө тереңирээк ойлоно баштадым»
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1941

  • ӨЛКӨСҮ: АВСТРАЛИЯ

  • МУРУН: ЧЫЛЫМ ЧЕКЧҮ, АРАКЕЧ БОЛЧУ

МУРУНКУ ЖАШООМ.

Мен Жаңы Түштүк Уэльс штатындагы Уориальда деген кичинекей шаарда чоңоюп-өскөм. Ал шаарда эл, негизинен, мал багып, дан эгип, жер иштетип, чарбачылык менен алектенчү. Шаарыбыз таза, тынч болчу.

Үйдө он баланын улуусу болгондуктан ата-энеме жардам бериш үчүн 13 жашымдан тартып эле иштей баштадым. Мектепте толук окубагандыктан фермада иштедим. 15ке чыкканымда жапайы жылкыларды үйрөтүп калдым.

Фермада иштегенимдин жаман да, жакшы да жагы бар болчу. Жакшы жагын айтсам, иштеген ишим аябай жакчу, талаада жүргөндө табиятка суктана берер элем. Түндөсү талаада оттун жанында асмандагы айды, жымыңдаган жылдыздарды карап, салкын жел менен келген талаа өсүмдүктөрүнүн жытын искеп отургандан рахат алчумун. Ошондой учурларда мындай керемет Кимдир бирөөнүн колунан бүтсө керек деген ой келчү. Терс жагын айта турган болсом, фермада иштеп жүргөнүмдө жаман нерселерди да үйрөндүм. Тегерек-четтегилердин баары эле сөгүнүп-сагынып сүйлөшчү, тамекини болсо өкүртө чегишчү. Кийин менин да оозумдан жалаң ошондой сөздөр чыгып, колуман тамеки түшпөй калды.

18 жашка чыкканымда Сиднейге көчүп бардым. Аскерге барып кызмат өтөгүм келди, бирок мектепте толук окубагандыктан, албай коюшту. Сиднейден жумуш таап, бир жыл ошол жакта туруп калдым. Ал жактан Жахабанын Күбөлөрү менен биринчи жолу сүйлөштүм, алар мени жыйналышына чакырышты. Жыйналышка барганымда ал жерде айтылгандардын баары чындык экенине ынандым.

Бирок көп өтпөй айыл жергесине эле барып жашайын деп, Квинсленд штатындагы Гундивинди шаарына көчүп барып, ошол жакка отурукташып калдым. Ал жактан жумушка кирдим, үй-бүлө күттүм, өкүнүчтүүсү, көп иччү да болдум.

Жубайым алтындай болгон эки бала төрөп берди. Ошондон тартып жашоом жөнүндө тереңирээк ойлоно баштадым. Сиднейдеги Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышына барганда уккандарымды эстеп, алар менен байланышайын деген чечимге келдим.

Жахабанын Күбөлөрүнүн Австралиядагы филиалынын дареги жазылган «Күзөт мунарасы» журналынын эски санын таап алып, филиалга кат жазып жибердим. Анан үйүмө бир Жахабанын Күбөсү келди. Ал аябай жумшак, сылык киши экен. Ошентип, аны менен Ыйык Китепти изилдей баштадым.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.

Ыйык Китепти изилдеп жатып, көп жактарымды өзгөртүп, оңолушум керектигин түшүндүм. Өзгөчө, бир аят абийиримди ойготту. Ал аятта денебизди «булгаган ар кандай ыпыластыктан тазаланышыбыз» керектиги айтылыптыр (2 Корунттуктар 7:1).

Ошондон кийин тамекини, ичкиликти таштайын деп чечтим. Жаштайыман чегип, ичип кеткендиктен ташташ аябай кыйын болду. Бирок мен Кудайга жаккандай иш кылгым келчү. Мага Ыйык Китепте жазылган: «Мындан ары өзүңөрдү бул дүйнө түзүлүшүнүн калыпташына жол бербегиле. Тескерисинче,.. акылыңарды жаңыртып, өзгөргүлө»,— деген кеңеш дем-күч берди (Римдиктер 12:2). Жаман адаттарымды ташташ үчүн көз карашымды өзгөртүшүм керектигин түшүндүм. Ошондой эле Кудай аларды зыяндуу деп эсептегендиктен, мен да алардын зыяндуу экенин көрө билишим керектигин баамдадым. Акыры, Кудайдын жардамы менен тамекини да, ичкиликти да таштадым.

«Жаман адаттарымды ташташ үчүн көз карашымды өзгөртүшүм керектигин түшүндүм»

Баарынан да сөгүнүп-сагынбай сүйлөш аябай кыйын болду. Ыйык Китепте: «Оозуңардан бир да чириген сөз чыкпасын»,— деп жазылганын билчүмүн (Эфестиктер 4:29). Ошентсе да таза сүйлөгөнгө дароо эле көнүп кеткен жокмун. Бирок мага Ыйык Китептеги: «Башыңарды көтөрүп, асманды карагыла. Мунун баарын ким жараткан? Ал жылдыздардын кошуунун эсеби боюнча чыгарат, ар бирин атынан атайт. Анын кубаты эбегейсиз, күчү зор болгондуктан, ар бири өз ордунда турат»,— деген сөздөр жөнүндө ой жүгүртүү аябай жардам берди (Ышая 40:26). Мен дайым суктанып жүргөн кең ааламды жаратканга кудурети жеткен Кудай оңолушума кантип жардам бере албасын деп ойлондум. Кудайдан көп тиленип, күч-аракет жумшоонун аркасында акырындык менен сөгүнгөнүмдү койдум.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ?

Жылкычы болгон кезимде мен иштеген жактагы фермаларда аз эле киши болчу, ошон үчүн башкалар менен көп деле сүйлөшчү эмесмин. Ал эми Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышынан көп нерсени, алсак, элге аралашып, пикир алышканды үйрөндүм. Ошондой эле ал жактан алган билимим башкаларга Кудайдын өкмөтү жөнүндө тартынбай айтканга өбөлгө түздү (Матай 6:9, 10; 24:14).

Аксакал болуп, жыйналыштагы бир туугандарга жардам берип келе жатканыма бир нече жыл болду. Бул кызматымды чоң сыймык деп эсептейм. Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон жубайым, жанымдай көргөн балдарым менен Жахаба Кудайга кызмат кылып жатканымды Кудайдын батасы деп ойлойм.

Мендей билимсиз кишиге билимин берген Жахаба Кудайга миң мертебе ыраазымын (Ышая 54:13). Ыйык Китепте жазылган: «Жахабанын батасы байытат»,— деген сөздөрдүн калетсиз экенине толук кошулам (Накыл сөздөр 10:22). Жахаба Кудай жөнүндө көбүрөөк билип, ага түбөлүк кызмат кыла турган убакты жубайым, балдарым болуп чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.