Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаңы нике курганда кездешүүчү кыйынчылыктарды жеңүү

Жаңы нике курганда кездешүүчү кыйынчылыктарды жеңүү

Үй-бүлөлүк бакыттын сыры

Жаңы нике курганда кездешүүчү кыйынчылыктарды жеңүү

Күйөөсү: «Аялым экөөбүздүн бири-бирибизден ушунчалык айырмаланарыбызды түшүнгөндө аябай таң калдым. Мисалы, мен эрте турганды жакшы көрөм, аялым болсо кеч турганды жакшы көрөт. Анын көңүлү эмне үчүн бат эле ачылып, бат эле чөгүп каларын түшүнө бербейм. Дагы бир жагы: мен тамак жасап жатканда, ал кылганымды жактырбай сындай берет, өзгөчө, идиш сүрткөн сүлгү менен колумду аарчыганыма кыжырданат».

Аялы: «Күйөөм көп сүйлөбөйт. Менин үй-бүлөмдө, айрыкча, тамак ичип отурганда жакшы сүйлөшчүбүз, мен ошого көнүп калгам. Күйөөм тамак жасап жатканда идишти да, колун да бир сүлгү менен аарчыйт. Ушунусу аябай кыжырдантат. Деги эркектерди түшүнбөйсүң. Башкалар кантип бактылуу жашашат?»

ЭГЕР жаңы эле үйлөнсөңөр, силер да ушу сыяктуу кыйынчылыктарга туш болуп жатасыңарбы? Өмүрлүк жарыңдын сүйлөшүп жүргөн кезде байкалбаган кемчиликтери эми пайда болуп калгандай сезилген жокпу? Үй-бүлө кургандан кийин пайда болгон «жаңы кыйынчылыктарды» канткенде жеңе аласың? (1 Корунттуктар 7:28).

Эң алгач өмүрлүк жарыңдан үйлөнөр замат эле үй-бүлөлүк жашоодо тажрыйбалуу болуп калышын күтпө. Бойдок кезиңде башкалар менен жакшы пикир алышууга үйрөнгөн чыгарсың, ал эми сүйлөшүп жүргөндө ошол үйрөнгөндөрүңдү дагы жакшыртууга мүмкүнчүлүгүң болгондур. Ошентсе да үй-бүлө кургандан кийин үйрөнгөн нерселериң иш жүзүндө сыналып, дагы көптөгөн жаңы нерселерди үйрөнүүгө туура келиши мүмкүн. Ката кетиришиң мүмкүнбү? Ооба. Сага жардам бере турган сапаттарды, жөндөмдүүлүктөрдү өрчүтө аласыңбы? Албетте.

Кайсы бир жөндөмдүүлүктү өрчүтүүнүн эң мыкты жолу — ошол тармактагы адис менен кеңешип, анын кеңештерин иш жүзүндө колдонуу. Ал эми үй-бүлө маселеси боюнча эң мыкты адис — Жахаба Кудай. Анткени ал бизди үй-бүлө куруу каалоосу менен жараткан (Башталыш 2:22—24). Анын Сөзү, Ыйык Жазма, никедеги көйгөйлөрдү жана үй-бүлө курганда кездешүүчү кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берген сапаттарды өрчүтүүгө кандайча жардам берерине көңүл бурсаңар.

1. БИРИ-БИРИҢЕР МЕНЕН КЕҢЕШҮҮГӨ ҮЙРӨНГҮЛӨ

Кандай кыйынчылыктар болушу мүмкүн? Жапонияда жашаган Кейжи * чыгарган чечимдери аялына да тиешелүү экенин кээде унутуп коёт. Ал: «Бирөөлөр конокко чакырганда аялым менен кеңешпей эле макулдугумду берип койчумун. Анан аялыма ошол убакыт ыңгайсыз экенин кийин түшүнүп калар элем»,— дейт. Австралиялык Ален мындай деп ой бөлүшөт: «Эркек болгондон кийин чечимди аялым менен кеңешпей эле чыгарышым керек деп ойлочумун». Ал ушундай тарбия көргөндүктөн, үй-бүлөсүндө кыйынчылыктар болгон. Британияда жашаган Даяндын дагы көргөн тарбиясы үй-бүлөсүндөгү кыйынчылыктардын болушуна себеп болгон. Ал: «Мен өз үй-бүлөм менен кеңешкенге көнүп калгам. Андыктан чечим чыгарарда биринчи күйөөм менен эмес, үй-бүлөм менен кеңешчүмүн»,— дейт.

Кантип чечсе болот? Жахаба Кудайдын көз алдында жубайлар «бир дене» болуп эсептелет (Матай 19:3—6). Ал үчүн сенин башка адамдар менен, анын ичинде ата-энең, жакын туугандарың жана досторуң менен болгон мамилеңден да жубайың экөөңөрдүн ортоңордогу мамилеңер жогору турат. Нике түйүнү бекем болушу үчүн пикир алышуу абдан маанилүү.

Жахаба Кудайдын Ыбрайым пайгамбар менен кантип сүйлөшкөнүн изилдөөдөн жубайлар көп нерселерге үйрөнө алышат. Башталыш 18:17—33-аяттарды окуп көрүп, Кудайдын Ыбрайым пайгамбарга үч жол менен урмат көрсөткөнүнө көңүл бурсаң. 1) Жахаба Кудай ага кандай иш кыларын түшүндүрүп берген. 2) Ал Ыбрайым пайгамбардын оюн кунт коюп уккан. 3) Ошондой эле ийилчээктик көрсөтүп, Ыбрайым пайгамбардын айткандарына макул болууга даяр болгон. Жубайың менен кеңешип жатканда Жахабаны кантип туурай аласың?

КЕҢЕШ: өмүрлүк жарыңа тиешелүү маселе талкууланып жатканда: 1) жагдайды кандайча чечкиң келип жатканын акыркы чечим катары же талап койгондой эмес, сунуш катары айт; 2) жубайыңдын оюн сурап, анын жеке көз карашка ээ болуу укугун сыйла; 3) мүмкүн болгон учурларда өмүрлүк жарыңдын оюна макул болуу менен эстүүлүк көрсөт (Филипиликтер 4:5).

2. СЫЛЫК БОЛУУГА ҮЙРӨН

Кандай кыйынчылыктар болушу мүмкүн? Көргөн тарбияңдан жана маданиятыңдан улам өз оюңду бетке айтып, атүгүл орой сүйлөп көнүп калышың мүмкүн. Алсак, Европада жашаган Лиам мындай дейт: «Мен корс, орой адамдардын арасында чоңойгом. Орой сүйлөп алып, аялымды көп капа кылгандыктан, жумшагыраак болууга үйрөнүшүм керек болду».

Кантип чечсе болот? Жубайың сен көнүп калгандай пикир алышууну каалайт деп ойлобо (Филипиликтер 2:3, 4). Элчи Пабылдын ишенимдешине берген кеңеши да жаңы үйлөнгөндөр үчүн пайдалуу болот. Ал: «Теңирдин кулу чатакташпашы керек, тескерисинче, баарына жумшак мамиле кылышы... керек»,— деп жазган. Грек тилинен «жумшак» деп которулган сөз «сылыктык» деген маанини да туюнтат (2 Тиметей 2:24, 25). «Сылыктык» деген жагдайды алдын ала көрө билип, көйгөйдү эч кимдин көңүлүн оорутпай жумшактык менен чечүү дегенди билдирет.

КЕҢЕШ: эгер өмүрлүк жарыңа кыжырланып жатсаң, анын ордунда жакшы досуң же жумуш берүүчүң болсо, аны менен кантип сүйлөшмөктүгүңдү элестетсең. Ага жарыңа айткан сөздөрдү айтып, ошондой тондо сүйлөйт белең? Анан досуңа же жумуш берүүчүңө караганда өмүрлүк жарыңдын эмне үчүн көбүрөөк сый-урматка жана сылык сүйлөшүүгө татыктуу экени жөнүндө ойлон (Колосалыктар 4:6).

3. ЖАҢЫ РОЛУҢА ЫЛАЙЫКТАШЫП, ЖООПКЕРЧИЛИКТЕРИҢДИ АТКАРУУГА ҮЙРӨН

Кандай кыйынчылыктар болушу мүмкүн? Башында күйөө башчылык милдетин аткарууда аялын капалантып алышы мүмкүн, ал эми аялы сунушун жумшактык менен айтууга көнө элек болушу ыктымал. Маселен, Италияда жашаган Антонио: «Атам үй-бүлөгө байланыштуу чечим чыгарарда апам менен дээрлик кеңешчү эмес. Ошон үчүн башында үй-бүлөмдү падыша башкаргандай башкарчумун»,— деп ой бөлүшөт. Ал эми канадалык Дебби: «Мен күйөөмдөн тыкан, жыйнактуу болушун талап кыла берчүмүн. Бирок мындай кылганым жолдошумду ого бетер өжөрлөнүүгө түрттү окшойт»,— дейт.

Кыйынчылыктарды чечүү үчүн күйөөлөр эмне кылса болот? Ыйык Китепте аялдардын күйөөлөрүнө, балдардын ата-энелерине баш ийиши керектиги айтылат. Бирок айрым күйөөлөр ушул экөөнү чаташтырып алышат (Колосалыктар 3:20; 1 Петир 3:1). Ыйык Китепте: «Адам... аялы менен биригет да, экөө бир дене болот»,— деп айтылган. Ал эми ата-эне менен балдардын мамилеси жөнүндө мындай деп айтылган эмес (Матай 19:5). Жахаба Ыйык Жазмада аялды күйөөсүн толуктап турган жардамчы катары сүрөттөйт (Башталыш 2:18). Кудай «жардамчы» деген сөздү балдарга карата колдонгон эмес, ошондой эле алардын ата-энесин толуктап турарын айткан эмес. Кандай деп ойлойсуң, аялына баласына мамиле кылгандай мамиле кылган күйөө нике түзүлүшүн урматтайт деп айтууга болобу?

Ыйык Китеп күйөөлөрдү аялына Иса Машаяк жолдоочуларына мамиле кылгандай мамиле кылууга чакырат. Аялыңа сени башчы катары кабыл алып, сага баш ийүү жеңил болушу үчүн: 1) аялың дароо эле, кыңк этпей баш ийиши керек деп күтпө; 2) кандай кыйынчылыктар болбосун, аялыңды өз денеңди сүйгөндөй сүй (Эфестиктер 5:25—29).

Кыйынчылыктарды чечүү үчүн зайыптар эмне кылса болот? Күйөң сенин Кудай дайындаган башчың экенин эсиңден чыгарба (1 Корунттуктар 11:3). Күйөөңдү сыйласаң, Кудайды сыйлаган болосуң. Күйөөңдүн башчылыгын четке какканың күйөөңө карата эле эмес, Кудайга жана анын талаптарына карата кандай көз карашта экениңди көрсөтөт (Колосалыктар 3:18).

Кыйынчылыктарды талкуулап жатканда күйөөңө эмес, көйгөйгө чабуул жасоого үйрөн. Мисалы, Ыйык Китепте айтылган Эстер ханыша күйөөсү Акашбейроштун ысрайыл элине карата жасалган адилетсиздикти чечип беришин каалаган. Ал күйөөсүнө чабуул койбостон, оюн сылыктык менен билдирген. Акашбейрош падыша аялынын айткандарын угуп, туура чечим чыгарган (Эстер 7:1—4; 8:3—8). Күйөөң сени көбүрөөк сүйүүгө үйрөнө алышы үчүн: 1) ага башчылык ролун жакшы аткарууга үйрөнүүгө убакыт бер; 2) күйөөңө дайыма, ал ката кетирип алганда да, урмат-сый менен мамиле кыл (Эфестиктер 5:33).

КЕҢЕШ: өмүрлүк жарыңдын өзгөрүшү керек болгон жактарына көңүл топтогондун ордуна, өзүң кайсы жактардан өзгөрсөң болорун кагазга жаз. Күйөөлөр, башчылык кылууда туура эмес иш кылып аялыңарды капа кылып алсаңар, алардан кайсы жактардан жакшырсаңар болорун сурап, кагазга жазып алгыла. Зайыптар, күйөөңөргө силер аларга тийиштүү түрдө урмат-сый көрсөтпөй жаткандай сезилип жатса, алардан кайсы жактардан жакшырышыңар керек экенин сурап, кагазга жазып алгыла.

Көп нерсени күтүп алба

Никеде бактылуу болуп, бардыгын тең салмакташтырууга үйрөнүүнү велосипед тебүүнү үйрөнүүгө салыштырууга болот. Велосипед тепкенди үйрөнүп жатканда жыгылышың мүмкүн экенин билесиң. Ушу сыяктуу эле, никеде да ката кетиришиң мүмкүн экенин эсиңден чыгарба.

Кыйынчылыктарды тамашакөйлүк менен көтөрүүгө аракет кыл. Өмүрлүк жарыңдын тынчсызданууларына олуттуу карап, өзүңдүн ката-кемчиликтериңди тамашакөйлүк менен кабыл ала билүүгө үйрөн. Жаңы үйлөнгөн жылы жарыңды кубантууга мүмкүнчүлүктөрдү изде (Мыйзам 24:5). Эң маанилүүсү, үй-бүлөлүк жашоодо Кудайдын Сөзүнө жетектелүүгө умтул. Ушундай кылсаң, никең жыл өткөн сайын бекемделгенден бекемделе берет.

[Шилтемелер]

^ 9-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.

[11, 12-беттеги кутуча]

Ыйык Китеп никебизди сактап калды

Жапонияда жашаган Тору менен Акико жаңы үйлөнгөндө бири-бирин абдан сүйүшчү. Бирок сегиз айдан кийин ажырашууну чечишкен. Эмне үчүн?

Тору: «Аялым экөөбүз бири-бирибизге мен ойлогондой ылайык келбей турганыбызды түшүндүм. Мисалы, мен спорт оюндарын көргөндү жакшы көрсөм, ал мелодрамаларды көргөндү жакшы көрчү. Мен эшикте сейилдеп басканды жакшы көрчүмүн, ага болсо үйдө отурган жакчу».

Акико: «Үй-бүлөсү эмнени суранбасын, Тору мени менен кеңешпей туруп эле алардын суранычын аткара берчү. Бир жолу андан: „Сен үчүн ким маанилүү? Менби же апаңбы?“ — деп сурагам. Ошондой эле Торунун калп айтканына аябай таң калып, жаман болчумун. Мен ага бир калп дагы калп айтууга алпарарын жана ал калп айтканын койбосо, экөөбүз чогуу жашай албай турганыбызды айткам».

Тору: «Мен абдан капа болуп, чогуу иштеген жашы улуураак кесиптешимен кеңеш сурадым. Ал: „Аялың бирдеме десе эле: “Жап оозуңду!“ — деп айт. Эгер дагы сүйлөсө, аны жаткыра чап“,— деди. Бир жолу уруша кеткенде Акикону жаакка чаап, үстөлдү көңтөрүп салдым. Ошондо экөөбүз катуу урушуп кетип, ал кетип калды. Анан мен аны Токиодогу мейманканадан кайра үйгө алып келдим. Ошентип жүрүп, акыры ажырашууну чечтик. Мен эртеси эртең менен жумушка кетип баратканда, Акико кийим-кечесин чогултуп кеткени жаткан».

Акико: «Сумкаларымды эшиктин жанына коюп жатсам, бирөө эшиктин коңгуроосун басты. Ачсам, бир аял туруптур. Ал Жахабанын Күбөсү экен. Мен аны үйгө киргиздим».

Тору: «Жумушка келгенде ажырашуу жөнүндө дагы бир жолу ойлонуп, кайра үйдү көздөй чуркап жөнөдүм. Үйгө келсем, Акико бир аял менен сүйлөшүп отуруптур. Ал аял мага: „Экөөңөр чогуу бир ишти кылышыңар керек. Ыйык Китепти изилдөөнү каалайт белеңер?“ — деп сурады. Мен: „Эгер бул үй-бүлөбүздү сактап калууга жардам берсе, анда изилдейм“,— дедим».

Акико: «Ал аял биз менен ыйык китептик изилдөө өткөрүлүшүнө кам көрдү. Ыйык Китептеги нике жөнүндө жазылгандарды окугандан кийин жагдайыбыз өзгөрө баштады. Анда: „Адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет. Ошентип, экөө бир дене болот“,— деп жазылган» (Башталыш 2:24).

Тору: «Мен баарын түшүнүп, дароо эле ата-энеме: „Мындан кийин чечим чыгарардан мурун аялым менен кеңешем“,— деп айттым. Көп ичпей да калдым. Ошондой эле Кудай жалганды жек көрөрүн билгенден кийин чындыкты сүйлөөгө аракет кыла баштадым».

Акико: «Мен да өзгөрдүм. Мисалы, Торуга баш ийбей көнүп калгам болчумун. Анын ыйык китептик принциптерди колдоно баштаганын көрүп, ага көбүрөөк колдоо көрсөтө баштадым (Эфестиктер 5:22—24). Тору экөөбүз 28 жылдан ашуун убактан бери бактылуу жашап келе жатабыз. Биз бири-бирибизди жакшыраак билүүнүн жана Ыйык Китептеги акылман кеңештерди колдонуунун аркасында кыйынчылыктарыбызды жеңе алдык».

ОЙЛОНУП КӨР:

▪ Өмүрлүк жарым менен жакын досумдай кеңешемби же башкалар менен кеңешүүгө жакынмынбы?

▪ Акыркы 24 сааттын ичинде жарымды сүйөрүмдү жана урматтаарымды көрсөткөн кандай иштерди кылдым?