Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | НИКЕ

Айырмаңар араңарды алыстатышы керекпи?

Айырмаңар араңарды алыстатышы керекпи?

КӨЙГӨЙ

Силер спортту жакшы көрөсүңөр, жубайыңар болсо китеп окуганды жакшы көрөт. Силер дайыма так жүрөсүңөр, ал эми жубайыңар андай эмес. Силер көпчүлүктү жакшы көрөсүңөр, ал болсо көпчүлүктү сүйбөйт.

Ошондуктан: «Бири-бирибизге такыр ылайык келбейбиз. Сүйлөшүп жүргөндө каякты карап жүрдүк?» — деп ойлоносуңар.

Балким, баарын болбосо да, кээ бир айырмачылыктарды байкагандырсыңар. Болгону, ал кезде оңой эле ылайыкташып кете алчусуңар. Азыр болсо эмнегедир андай эмес. Бул макалада силерге кайрадан мурункудай болууга жардам берген кеңештер бар. Бирок алгач айырмачылык деп эсептелген нерселерге токтололу.

ЭМНЕЛЕРДИ БИЛИШИҢЕР КЕРЕК?

Олуттуу айырмачылыктар. Сүйлөшүүнүн негизги максаты — кыз-жигиттин бири-бирине ылайык келер-келбесин аныктоо. Олуттуу айырмачылыктар байкалганда көптөр, ылайыксыз киши менен баш кошкондон көрө, мамилесин токтотууну чечип акылдуулук кылышат. Ал эми бардык никеде боло турган анча олуттуу эмес айырмачылыктар тууралуу эмне дешке болот?

Бири-бирине опокшош эки адам болбойт. Жубайлар төмөнкү жактардан айырмаланышы мүмкүн.

Кызыккан нерселери. «Көбүнчө эч жакка чыкпай эле үйдө болгонду жакшы көрөм,— дейт Анна *.— Күйөөм болсо кичинекей кезинен эле тоого чыкканды жана бир нече күн бою токой аралап эс алганды жакшы көрөт».

Адаттары. «Келинчегим түн бир оокумда жатса деле беште эле ойгонуп алат. Мен болсо жети-сегиз саат уктабасам, сиркем суу көтөрбөй калат»,— дейт Брайн.

Кулк-мүнөзү. Силер көп нерсеңерди сыртка чыгарбаган киши болушуңар мүмкүн. Ал эми жубайыңар эмоциялары ашып-ташып турган киши болушу ыктымал. «Мен жеке көйгөйлөрүмдү кимдир бирөө менен талкуулап көнгөн эмесмин,— дейт Дейвид.— Жубайым болсо бардык нерсени ачык талкуулаган үй-бүлөдө чоңойгон».

Айырмачылыктардын жакшы жагы. «Кайсы бир ишти кылууга байланыштуу менин сунушум жакшы болушу мүмкүн, бирок бул ал ишти кылуунун башка жакшы жолу жок дегенди билдирбейт»,— дейт Хелена.

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Ыңгайлаша билгиле. «Келинчегим Карен спортко такыр кызыкпайт. Бирок мени менен чогуу бир нече оюнга барган, атүгүл мага кошулуп күйөрман болуп, күйүп-бышып отурган. Негизи ал сүрөт көргөзмөсүнө барганды жакшы көрөт. Ошондуктан көргөзмөгө чогуу барып, каалашынча жүрүп келебиз. Ал сүрөткө кызыккандыктан, мен да кызыкканга аракет кылам»,— дейт Адам. (Ыйык Китептеги принцип: 1 Корунттуктар 10:24.)

Көз карашыңарды кеңейткиле. Жубайыңардын кайсы бир нерсеге карата көз карашын силердикинен айырмаланган үчүн эле туура эмес деп айтууга болбойт. Буга Алекс өз тажрыйбасынан ынанган. Ал кандайдыр бир маселени чечүүнүн эң жакшы бир эле жолу болот, ал эми башка жолдору анча жакшы болбойт дегендей ойдо болчу. Бирок үйлөнгөндөн кийин кандай маселе болбосун аны ар кандай жолдор менен чечсе болорун жана ар бир жолдун өзүнчө жакшы жактары бар экенин түшүнгөн. (Ыйык Китептеги принцип: 1 Петир 5:5.)

Реалдуу карагыла. Бири-бирине ылайык келүү окшош болууну билдирбейт. Андыктан анча-мынча айырмачылыктарыңар бар экени байкалса эле, турмуштан жаңылдым деп ойлогонго шашпагыла. Ажырашуу тууралуу бир китепте көптөрдүн «мен сүйүүгө мас болуп, эч нерсени көрбөй калыптырмын» дешери, бирок алардын бирге өткөргөн бактылуу күндөрү айырмачылыктарга карабай бири-бирин сүйө аларынын далили экени жазылган («The Case Against Divorce»). Ошондуктан бири-бириңерге «нааразы болууга себеп болсо да, көтөрүмдүү болгонго» аракет кылгыла (Колосалыктар 3:13).

Колдонуп көргүлө: Кагазга жубайыңардын силерге жаккан, силер жакшы көргөн жана силердикине окшош жактарын жазгыла. Андан соң айырмачылыктарыңарды жазгыла. Ошондо айырмачылыктарыңар силер ойлогончолук деле олуттуу эмес экендигин байкашыңар мүмкүн. Ошондой эле кайсы жактардан ийкемдүүрөөк болсоңор болорун, кайсы жактардан көбүрөөк ылайыкташсаңар болорун түшүнүшүңөр ыктымал. «Келинчегим мага ылайыкташкан учурларда, ага аябай ыраазы болом. Ал да менин ага ылайыкташып жатканыма абдан ыраазы. Ылайыкташыш үчүн жеке кызыкчылыктарымдан баш тартууга туура келсе да, эң негизгиси, жубайым бактылуу болсо болду. Ошондо мен да бактылуу болом»,— дейт Кеннет. (Ыйык Китептеги принцип: Филипиликтер 4:5.)

^ 10-абз. Макаладагы айрым ысымдар өзгөртүлдү.