Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | КАНТКЕНДЕ ҮЙ-БҮЛӨДӨ ТЫНЧТЫК БОЛОТ?

Уруш эмнеден башталат?

Уруш эмнеден башталат?

ЖОЛДОШУ Жейкоб менен 17 жылдан бери жашап келаткан Сара *: «Көбүнчө акчанын айынан урушабыз. Мен үй-бүлөбүздүн камын көрүп жаным тынбайт, жолдошум болсо акча маселеси жөнүндө мени менен такыр сүйлөшпөйт. Ошого аябай ачуум келет. Анан жумалап сүйлөшпөй жүрө беребиз»,— дейт.

Жейкоб: «Ооба, кээде бири-бирибиздин көңүлүбүздү оорутуп алабыз. Менимче, бул көбүнчө түшүнбөстүктүн, көп сүйлөшпөгөндүктүн айынан, ошондой эле жагдайды өтө эле курч кабыл алгандан болот»,— дейт.

Жакында эле үйлөнгөн индиялык Нейтан бир жолу кайнатасынын кайненесине кыйкырып салганы жөнүндө айтып, мындай дейт: «Кайненем ызаланып, үйдөн чыгып кетти. Кайнатаман эмне үчүн ага кыйкырып салганын сурасам, туура эмес кабыл алып алып, баарыбызга кыйкырып кирди».

Балким, силер да ылайыксыз учурда айтылган ылайыксыз сөздүн айынан үй-бүлөдө жай сүйлөшүп отуруп эле заматта чыр чыгып кеткен учурларды көп эле жолу көргөндүрсүңөр. Ооба, тилинен жаңылбаган бир да киши жок. Ошондуктан башкаларды туура эмес түшүнүп алган же алар жөнүндө жаман ойлогон учурлар болушу мүмкүн. Анткен менен үй-бүлөдө ынтымак-ырашкерликте жашоого болот.

Анда уруш башталганда эмне кылса болот? Кайрадан тынчтык, бейпилдик болушу үчүн кандай кадамдарды жасоо керек? Тынчтыкты кантип сактаса болот?

^ 3-абз. Макаладагы айрым ысымдар өзгөртүлдү.