Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТӨГӨРӨКТҮН ТӨРТ БУРЧУНДА

Көңүл чордонунда Европа

Көңүл чордонунда Европа

Мурун динчил болуп келген Европа өлкөлөрүн учурда динчил деп айтуу кыйын. Бирок ал жакта жакында жүргүзүлгөн изилдөөлөр Ыйык Китеп менен кандайча байланыштуу экени силерди таң калтырышы мүмкүн.

Эне үнүнүн пайдасы

Миландагы изилдөөчүлөр ооруканада жаткан ара төрөлгөн балдарга энесинин үнүн билектерине тагылган электрондук каражат аркылуу жеткирүү ден соолугуна пайдалуу экенин аныкташкан. Ал каражат энесинин үнү ымыркайга жатында жаткан кезде кандай жетсе, болушунча ошондой жеткиргидей долбоорлонгон. Ал изилдөөдөн «энесинин үнүн ара төрөлгөн балага мүмкүн болушунча эртерээк жеткирүү абдан пайдалуу» деген жыйынтык чыгарылган.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Энесинин алдында отурган, эмчектен жаңы чыккан баладай болуп, мен жанымды сооротом, тынчтандырам» (Забур 131:2).

Өзүн сүйүүчүлүктү калыптоо

Нидерландияда 565 бала катышкан изилдөөдөн «балдарын башка балдардан өзгөчө көрүп», «аларга бөтөнчө мамиле кылыш керек» деп эсептеген ата-энелердин балдары теңтуштарына караганда өзүн сүйүүчүлүккө, өзүн башкалардан жогору сезүүгө жана өз укугуна басым жасоого жакын келери айкын болгон. «Балдар ата-энесинин: „Сен башкалардан өзгөчөсүң“,— деген сөздөрүнө ишенип алышат. Бул болсо алардын өздөрү үчүн да, коомчулук үчүн да жакшы эмес»,— дейт изилдөөнүн автору.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Өзүңөр жөнүндө тийиштүүдөн артык ойлобогула. Анын ордуна, акыл-эстүүлүктү сактап,.. өзүңөр жөнүндө туура ойдо болгула» (Римдиктер 12:3).

Жүзгө чыккандардын маанайы

Гейдельберг университетиндеги изилдөөчүлөр оорулуу жана бейкаруу болгонуна карабай 100гө чыккандардын жашоого болгон каалоосу күчтүү экенин билдиришкен. Маек курулган ар бир төрт узак жашоочунун үчөө өмүр үчүн колдон келишинче күрөшөрүн айткан. Ошондой эле алардын койгон максаттарына жеткен, оң маанай сактаган, жакшылыктан үмүт үзбөгөн, жашоонун маңызы бар деп эсептеген, диний жана этикалык баалуулуктары бар кишилер экени айкын болгон.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Кудай адамдардын жүрөгүнө түбөлүктүүлүктү салган» (Насаатчы 3:11).