Мазмунун көрсөтүү

Ачуулануу туурабы?

Ачуулануу туурабы?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте ачууга алдыруунун адамдын өзүнө да, тегерегиндегилерге да зыян келтирери айтылат (Накыл сөздөр 29:22). Кээ бир учурларда ачуулангандын жөнү бар болсо да, Ыйык Китепте «ачууга алдыра» бергендердин куткарылбай турганы айтылат (Галатиялыктар 5:19—21). Ыйык Китепте ачууну тыюуга жардам берген принциптер камтылат.

 Ачууланган дайыма эле туура эмеспи?

 Жок. Айрым учурларда ачуулануунун жөнү бар болушу мүмкүн. Мисалы, Кудайдын ишенимдүү кызматчысы Некемия кээ бир ишенимдештеринин кысымга алынып жатканын укканда, «абдан ачууланган» (Некемия 5:6).

 Кээде Кудайдын ачууланган учурлары болот. Алсак, байыркы ысрайыл эли Ага гана сыйынууга байланыштуу келишимди бузуп, жалган кудайларга сыйына баштаганда, Жахабанын аларга «каары кайнаган» (Бийлер 2:13, 14). Ошентсе да Жахаба каардуу Кудай эмес. Анын ачууланганынын дайыма жөнү бар болот жана ал ачуусун кармай билет (Чыгуу 34:6; Ышая 48:9).

 Кандай учурда ачуулануу туура эмес?

 Адамдын ачууга алдырып койгону жана жөнү жок эле ачууланганы туура эмес. Жеткилеңсиз адамдар көп учурда ушундайча ачууланышат. Мисалы:

  •   Кудай тартуусун четке какканда, Кабылдын «аябай ачуусу келген». Ачуусу күчөп отуруп каары кайнап чыккандыктан, ал инисин өлтүрүп койгон (Башталыш 4:3—8).

  •   Жунус пайгамбар Кудайдын нинебиликтерге ырайым кылганын көрүп, «аябай ачууланган». Кудай Жунуска ачууланганы туура эмес экенин жана өкүнгөн күнөөкөрлөргө боор оорушу керектигин айтып, анын көз карашын оңдогон (Жунус 3:10—4:1, 4, 11) a.

 Бул мисалдар көрсөтүп тургандай, ачууланган жеткилеңсиз адамдар «Кудай талап кылган адилдикти чагылдыра алышпайт» (Жакып 1:20).

 Ачууңарды кантип тыйсаңар болот?

  •   Ачууга алдыруу кесепеттүү экенин түшүнгүлө. Айрымдар ачууланып, каарын төгүү күчтүү адамга мүнөздүү деп эсептешет. Чынында, ачуусун тыя албаган адам — алсыз адам. «Талкаланган, дубалы жок шаар кандай болсо, өзүн башкара албаган адам да ошондой» (Накыл сөздөр 25:28; 29:11). Тескерисинче, ачууга жеңдирбегенибизде, чындап күчтүү, кыраакы экенибизди көрсөтөбүз (Накыл сөздөр 14:29). Ыйык Китепте: «Ачууланууга шашпаган киши эр жүрөктөн артык»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 16:32).

  •   Өкүнүп калбаш үчүн сабырдуу болгула. Забур 37:8де: «Ачууңду тый, каарыңды бас, Жамандыкка барбаш үчүн кыжырланба»,— делет. Ачуубуз келгенде, ачууга алдырабызбы же «жамандыкка барбаш үчүн» сабыр кылабызбы, бул өзүбүздөн көз каранды. Эфестиктер 4:26да: «Ачууланганыңарда күнөө кылбагыла»,— деген кеңеш берилет.

  •   Мүмкүн болсо, жагдай курчуп кете электе, кетип калгыла. Ыйык Китепте мындай делет: «Чыр-чатактын башталышы шар сууну коё бергендей. Ошондуктан, уруш күчөп кете электе, кетип кал» (Накыл сөздөр 17:14). Келишпестикти дароо чечүү акылдуулукка жатса да, эки тарап тең ачуусу таркагыча күтө турганы жакшы. Ошондо жай отуруп сүйлөшүүгө шарт түзүлөт.

  •    Фактыларды эске алгыла. Накыл сөздөр 19:11де: «Адамдын түшүнүктүүлүгү ачуусун басат»,— деп жазылган. Кандайдыр бир жыйынтык чыгарардан мурун бардык фактыларды билгенге аракет кылышыбыз керек. Жагдайга тиешелүү нерселердин баарын билиш үчүн кунт коюп укканыбыз туура. Ошондо жөнү жок эле ачуулана бербейбиз (Жакып 1:19).

  •    Акылыңарды тынчтандырышын сурап Кудайдан тиленгиле. Тиленгенде «Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгын» сезе алабыз (Филипиликтер 4:7). Тиленүү — Кудайдын ыйык рухун алуунун бир жолу. Ыйык рух тынчтык, чыдамкайлык, өзүн өзү кармай билүү деген сыяктуу сапаттарды өрчүткөнгө жардам берет (Лука 11:13; Галатиялыктар 5:22, 23).

  •    Чөйрөңөрдү кылдат тандагыла. Биз кимдер менен көп пикирлешсек, аларды туураганга жакын келебиз (Накыл сөздөр 13:20; 1 Корунттуктар 15:33). Ыйык Китепте: «Ачуусу чукул менен достошпо, тез каарданган менен байланышпа»,— деген кеңеш бекеринен берилген эмес. Эмне үчүн? Ошол эле аятта: «Болбосо анын жолдорун үйрөнүп, өз жаныңды тузакка түшүрөсүң»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 22:24, 25).

a Кыязы, Жунус көз карашын оңдоп, ачууланганын токтоткон, себеби Кудай ага өзүнүн аты менен аталган китепти жаздырган.