Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ДИЛ МАЕК | ХАНС КРИСТИАН КОТЛЯР

Биотехнолог менен курулган маек

Биотехнолог менен курулган маек

Доктор Ханс Кристиан Котляр 1978-жылы рак оорусун изилдеген Норвегиядагы ооруканада рак оорусу жана адамдын иммун системасы боюнча биринчи илимий изилдөөсүн жүргүзгөн. Ошол кезде ал тиричиликтин кантип пайда болгонуна да кызыгып жүрчү. «Ойгонгула!» журналы ага илимий изилдөөсүнө жана Кудайга болгон ишенимине байланыштуу суроолор менен кайрылды.

Тиричиликтин кантип пайда болгонун, жашоонун маңызын эмнеден улам билгиңиз келди?

Атам католик, апам протестант болчу. Бирок динге көп деле маани беришчү эмес. Мен болсо өспүрүм курагымда жашоонун маңызы эмнеде экенин билгим келгендиктен буддизм, индуизм, ислам тууралуу китептерди окуп көрдүм. Атүгүл Кудайдан өзү жөнүндө чындыкты ачып беришин сурап тиленген күндөрүм болду.

1970-жылдарга чейин эле молекулярдык биология тармагында укмуштуудай ачылыштар болгон. Ошол кезде ал тармак тиричиликтин кантип пайда болгонун аныктаганга жардам берет болду бекен деп ойлонгом. Мени тирүү клеткалардагы механизмдер аябай таңдандырды, ошондуктан биотехнологияны изилдөөнү чечтим. Профессорлордун көбү тиричилик эволюция жолу менен пайда болгон деп айтышчу. Мен алардын айткандарына ишенчүмүн.

Ыйык Китепке эмне үчүн кызыгып калдыңыз?

Бир жолу үйүбүзгө эки Жахабанын Күбөсү келип калды. Алар сылык сүйлөсө да, мен орой жооп берип, айткандарына кызыкпай турганымды айттым. Алар менен сүйлөшкөнүмдү уккан жубайым: «Ушинткениң туура эмес да, жашоонун маңызы жөнүндө билгиң келчү эмес беле»,— деди. Анын айткандарында калет жок эле. Мен уяла түшүп, алардын артынан чуркап бардым да, бир аз сүйлөшүп, Ыйык Китепте жазылгандардын илимге шайкеш келер-келбесин сурадым.

Алар эмне деп жооп беришти?

Алар ааламдан даана байкалып турган күчтүн Булагы ким экенин Ыйык Китептен окуп беришти. Ал аятта: «Башыңарды көтөрүп, асманды карагыла. Мунун баарын ким жараткан?.. Анын кубаты эбегейсиз, күчү зор болгондуктан, ар бири өз ордунда турат»,— деп жазылыптыр. * Ал сөздөр бүйүрүмдү кызытты. Ааламдагы нерселердин баары күчтүн булагы  болгон аң-сезимдүү Бирөөнүн көзөмөлүнүн аркасында гана өз ордунда турат деген ой акылга сыярлык сезилди.

Эволюцияга байланыштуу көз карашыңыз өзгөрдүбү?

Бара-бара эволюция процессине байланыштуу ар кандай теориялардын илимий далилдерге негизделбей турганын түшүндүм. Алар тирүү организмдердеги иммун системасы сыяктуу кереметтүү системалардын өзүнөн өзү пайда болгонун түшүндүрүш үчүн гана ойдон чыгарылган теориялар экен. Иммун системасын көбүрөөк изилдеген сайын, анын аябай татаал, укмуштуудай экенине көзүм жете баштады. Ошентип, изилдөө жүргүзүүнүн аркасында тиричилик Жараткандын колунан бүткөн деген бүтүмгө келдим.

Изилдөө жүргүзүүнүн аркасында тиричилик Жараткандын колунан бүткөн деген бүтүмгө келдим

Буга байланыштуу далил келтире аласызбы?

Иммун системасы таңыркаткан механизмдерден турат жана организмибизге зыян келтире турган ар кандай нерселерден, алсак, бактериялардан жана вирустардан коргойт. Анын механизмдери бири-бирин толуктап турган эки системадан турат. Биринчиси «баскынчы» микробдорго каршы бир нече сааттын ичинде чабуул жасайт. Экинчиси бир нече күндөн кийин иш-аракет кыла баштайт, бирок ал баскынчылардын өзгөчө түрлөрүнө күчтүү чабуул коёт. Ошондой эле анын «эс тутуму» аябай жакшы болот. Ошондуктан мурда кирген баскынчылар бир нече жылдан кийин кайтып келе турган болсо, аларды заматта күм-жам кылат. Жалпысынан ал система ушунчалык жакшы иштегендиктен, качан оору жуктуруп алганыбызды да, ал бизди коргогонун да билбей калабыз. Андан сырткары, иммун системасынын денебизди түзгөн жүздөгөн ар түрдүү клеткаларды организмге зыян келтире турган телолордон айырмалай билгени таңдандырбай койбойт.

Организмге микроб киргенде эмне болорун айтып бересизби?

Микробдор дем алуу органдары, тамак-аш, заара-жыныс системасы же теринин жабыркаган жери аркылуу кирет. Иммун системасы микробдорду аныктаганда, ар бири өз функциясын так аткарган көптөгөн белокторду камтыган, биринин артынан бири уланган реакцияларды жүргүзөт. Реакцияга катышкан ар бир компонент чабуулду күчөтүш үчүн өзүнөн кийинкини активдештирет. Бул процесске таң бербей койбойсуң.

Илимий изилдөөлөрүңүз Кудайга болгон ишенимиңизди бекемдедиби?

Ооба. Иммун системасынын ушунчалык күчтүүлүгү, татаалдыгы анын акылдуу, мээримдүү Жараткандын колунан бүткөнүнө ишенүүгө жардам берди. Илим Ыйык Китепте жазылгандарга ишенсе болоруна да ынандырды. Мисалы, Накыл сөздөр 17:22де: «Шайыр жүрөк — дарыдай даба»,— деп айтылат. Окумуштуулар адамдын маанайы иммун системасына таасир этерин байкашкан. Алсак, стресс иммунитетти алсыратат.

Илимий чөйрөдөгүлөрдүн көбүнүн Кудайга ишенбегенинин себеби эмнеде деп ойлойсуз?

Мунун себеби ар кандай болушу мүмкүн. Айрымдары, мендей болуп, аларга эмнени окутса, ошону туура деп эсептеп калышса керек. Алар эволюция илимий далилдерге негизделет деп ойлошу мүмкүн. Башкалары, өкүнүчтүүсү, тиричиликтин кантип пайда болгону жөнүндө ойлонушпайт деле. Менимче, алар тереңирээк ой жүгүртүп, изденсе жакшы болмок.

Эмне үчүн Жахабанын Күбөсү болууну чечтиңиз?

Мага Жахабанын Күбөлөрүнүн меймандостугу, Кудайдын келечекте жакшы заманды орнотору жөнүндөгү убадасына бекем ишенгени аябай жаккан. * Алардын ишеними уламышка же божомолго эмес, кылдат изилденген, төгүнсүз далилдерге негизделет. *