Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ДИЛ МАЕК | ЯН-ДЕР ХСУ

Эмбриолог менен курулган маек

Эмбриолог менен курулган маек

ПРОФЕССОР Ян-Дер Хсу Тайвандагы Пиндун Улуттук илим жана технология университетинде түйүлдүктү изилдөө ишин жетектейт. Мурун ал эволюцияга ишенчү, бирок илим жаатында эмгектенгенден тартып көз карашы өзгөргөн. Мунун себебин билиш үчүн «Ойгонгула!» журналы ага бир нече суроо менен кайрылды.

Өзүңүз жөнүндө бир аз айта кетсеңиз.

Мен 1966-жылы Тайванда туулуп-өскөм. Ата-энем даосизмди да, буддизмди да тутчу. Биз ата-бабаларыбызга, сөлөкөттөргө сыйынчубуз, бирок Жараткан Кудай жөнүндө түшүнүгүбүз жок болчу.

Биологияга эмнеден улам кызыгып калдыңыз эле?

Бала кезимде жаныбарларды жакшы көрчүмүн жана аларды да, адамдарды да дарылаганды үйрөнгүм келчү. Башында ветеринардын окуусун окудум, кийинчерээк эмбриологияны (түйүлдүктүн пайда болушу жана өрчүшү) изилдей баштадым. Ошол тармакты изилдесем, тиричиликтин кантип пайда болгонун да биле алам деп үмүттөнгөм.

Эволюцияга ишенчү экенсиз, эмне үчүн ишенчү элеңиз?

Университеттеги профессорлор эволюцияны окутушчу жана ага далил бар дешчү, ошондуктан ишенчүмүн.

Ыйык Китепти эмне себептен окуй баштадыңыз?

Эки себептен улам. Биринчиден, эл сыйынган көптөгөн кудайлардын ичинен баарынан жогору турган бирөө болушу керек деп ойлочумун, ошол кайсынысы экенин так билгим келчү. Экинчиден, Ыйык Китепти көптөр аны бедел тутарын билгендиктен изилдеп көрүүнү чечтим.

1992-жылы Бельгиядагы Лёвен католик университетинде окуй баштаганда католик чиркөөсүнө барып, дин кызматчыдан Ыйык Китепти түшүнүүгө жардам беришин сурангам, бирок ал макул болбой койгон.

Анан суроолоруңузга жоопту кайдан алдыңыз?

Эки жылдан кийин илимий изилдөө жүргүзүп жүргөндө польшалык Рут деген Жахабанын Күбөсүнө жолуктум. Ал кытай тилин кытай студенттерге Кудай жөнүндө айтып бериш үчүн атайын үйрөнүптүр. Аны жолуктурганыма аябай сүйүндүм, анткени ошол нерсени тилеп жүргөм.

Ал мага Ыйык Китеп илимий китеп болбосо да, илим менен шайкештикте экенин көрсөтүп берди. Мисалы, Ыйык Китептеги китептердин бирин жазган Дөөтү падышанын Кудайга кайрылып: «Көздөрүң мени түйүлдүк кезимде эле көргөн. Денемдин бардык бөлүктөрү, алардын качан калыптанары бири да пайда боло электе эле китебиңе жазылып коюлган»,— деп жазганын окуп берди (Забур 139:16). Дөөтү падыша, поэтикалык тил менен жазса да, туура нерсени жазган. Анткени дене мүчөлөрүнүн өрчүү тартиби алар өрчүй электе эле клеткада «жазылуу» болот. Ыйык Китептин тактыгы мени аны чынында эле Кудай жаздырганына ынандырды. Ошондой эле андан бир эле тирүү Кудай — Жахаба Кудай — бар экенин билдим 1.

Эмнеден улам тиричиликти Кудай жаратканына ишенип калдыңыз?

Негизи, илимий изилдөөлөрдүн максаты — кимдир бирөөнүн күн мурунтан ойлоп алган божомолун жактоо эмес, аныгына жетүү. Түйүлдүктүн өрчүшүн изилдегеним көз карашымды өзгөрттү, тактап айтканда, тиричилик жаратылган деген бүтүмгө келүүгө түрткү болду. Мисалы, инженерлер керектүү тетиктерди керектүү ирээтте бириктирип отуруп даяр продукт чыгарган конвейерлерди долбоорлошот. Түйүлдүктүн өрчүшү да ушуга окшош, бирок андан кыйла татаал.

Ушул процесстер бир эле уруктандырылган клеткадан башталат, чынбы?

Ооба, ал клетка бөлүнөт да, бөлүнүү процесси башталат. Анан клеткалар 12 сааттан 24 саатка чейинки убакыт аралыгында экиге бөлүнүп турат. Бул процесстин алгачкы баскычында өзөк клеткалары деп аталган клеткалар пайда болот 2. Өзөк клеткалары баланын толугу менен өрчүшүнө зарыл болгон 200дөй түрдүү клеткаларды пайда кыла алат. Аларга кан клеткалары, сөөк клеткалары, нерв клеткалары жана башка клеткалар кирет.

Түйүлдүктүн өрчүшүн изилдөө тиричилик жаратылган деген бүтүмгө келүүгө түрткү болду

Керектүү клеткалар керектүү тартипте, керектүү жерде пайда болушу керек. Алгач алардан түйүлдүктүн ткандары, ал эми ткандардан органдары жана колу-буту пайда болот. Бир да инженер ушундай процессти жөнгө салган системаны долбоорломок турсун, долбоорлоону кыялдана да албайт. Ал эми ДНКда түйүлдүктүн кандай тартипте өрчүшү керектиги таптак жазылган. Тиричиликти Кудай долбоорлогонуна ынанышыма так ушул кереметтүү процессти изилдегеним себеп болду.

Эмне үчүн Жахабанын Күбөсү болууну чечтиңиз?

Бир сөз менен айтканда, сүйүү себеп болду. Иса Машаяк: «Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деген (Жакан 13:35). Андай сүйүү бет карамалык кылбайт. Ага адамдын улуту да, маданияты да, расасы да жолтоо болбойт. Мен Жахабанын Күбөлөрүнүн арасынан так ошондой сүйүүнү көрө да, сезе да алдым!

^ 2. Жахабанын Күбөсү болгондуктан профессор Ян-Дер Хсуга адамдын эмбриологиялык өзөк клеткалары менен иш жүргүзүүгө абийири жол бербейт.