Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Тынчсыздануу

Тынчсыздануу

Тынчсыздануу жөндүү да, жөнү жок да болот. Аларды аныктай билгенге Ыйык Китеп жардам берет.

Тынчсыздануу туурабы?

ФАКТ.

Тынчсызданууга бушайман болуу, кыжалат болуу, сарсанаа болуу сыяктуу сезимдер кирет. Азыркы оомалуу-төкмөлүү дүйнөдө тынчсызданбаган бир да киши жок.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Санаага баткан Дөөтү пайгамбар бир жолу: «Эртеден кечке жүрөгүмдү кайгы басат»,— деп жазган (Забур 13:2). Ага санаасынан арылууга эмне жардам берген? Дөөтү пайгамбар Кудайдын мээримдүүлүгүнө таянып, ага жүрөгүндөгүсүн төккөн (Забур 13:5; 62:8). Ооба, Кудай биздин ага кайрылып, тиленишибизди каалайт. Ыйык Китепте: «Бардык түйшүгүңөрдү ага [Кудайга] арткыла, анткени ал силерге кам көрөт»,— делет (1 Петир 5:7).

Жакындарыбызга байланыштуу санаабызды тынчытуунун бир жолу — аларга жардам берүү

Анткен менен көп учурда санааны басыш үчүн өзүбүз да иш-аракет кыла алабыз. Мисалы, ишенимдештерин ойлоп тынчы кеткен элчи Пабыл аларга дем-шык берип, жубатканга бүт күчүн жумшаган (2 Корунттуктар 11:28). Анын тынчсыздануусу жөндүү болгон, себеби ошонун аркасында ал муктаж болгондорго жардам берүүгө түрткү алган. Биз деле ошенте алабыз. Ал эми такыр тынчсызданбасак же кайдыгер болсок, бул сүйүүнүн жетишсиздигинин белгиси болуп калат (Накыл сөздөр 17:17).

«Өзүңөрдүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыктарын ойлогула» (Филипиликтер 2:4).

Ашыкча тынчсызданбаганга эмне жардам берет?

ФАКТ.

Көптөр мурунку туура эмес иштерин, келечегин же акчаны ойлоп санааркашат *.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Мурунку иштер. Иса Машаяктын 1-кылымдагы жолдоочуларынын айрымдары анын жолун жолдой электе аракеч, ууру, талап-тоноочу, бузулган кишилерден болушкан (1 Корунттуктар 6:9—11). Бирок алар өткөндү ойлой бербей, жашоосун өзгөртүп, кечирүүгө дайым даяр Кудайдын ырайымдуулугуна шектенишкен эмес. Ыйык Китепте Кудай жөнүндө: «Аларды кечиресиң»,— деп жазылган (Забур 130:4).

Келечек. Иса Машаяк: «Эч качан эртеңки күндү ойлоп тынчсызданбагыла, анткени эртеңки күндүн өз түйшүгү болот»,— деп айткан (Матай 6:25, 34). Муну кандай түшүнсө болот? Бир күндүн гана түйшүгүн ойлошубуз керек. Эртеңкини да кошуп, башыбызга үйүп алсак, туура ой жүгүртө албай, шашылыш чечимдерди чыгарып алышыбыз мүмкүн. Андан тышкары, бизди аябай тынчсыздандырган нерселердин көбү болбой деле калышы ыктымал.

Акча. Бир акылман киши Кудайдан: «Мени жакыр да, бай да кыла көрбө»,— деп тиленген экен (Накыл сөздөр 30:8). Ал Кудайга жаккан сапатка ээ болууну — ынсаптуу болууну — каалаган. Ыйык Китепте мындай деп жазылган: «Колуңарда болгонуна ыраазы болуп, акчаны сүйүүдөн алыс болгула. Анткени Кудай: „Сени эч качан калтырбайм, эч убакта таштабайм“,— деп айткан» (Еврейлер 13:5). Колдун кири болгон акчага таянып болбойт, ал эми Кудайга таянып, жөнөкөй жашагандарды Кудай эч качан калтырбайт.

«Кудайдын адил адамды калтырып койгонун же анын урпактарынын нан сурап жүргөнүн көргөн жокмун» (Забур 37:25).

Тынчсыздануудан арыла турган убак келеби?

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Журналист Харет Грин: «Биз тынчсыздануунун жаңы дооруна баш бактык»,— деп жазган («Гардиан» журналы, 2008). Ал эми Патрик О Конор деген кабарчы бир макаласында «америкалыктардын тынчсыздануусу болуп көрбөгөндөй деңгээлге жеткенин» жазган («Уолл-стрит жорнэл» гезити, 2014).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

«Санаа жүрөктү өйүйт, ал эми жакшы сөз көңүл көтөрөт» (Накыл сөздөр 12:25). Андай «жакшы сөз» Кудайдын Падышалыгы, өкмөтү, жөнүндөгү жакшы кабарда камтылган (Матай 24:14). Ал өкмөт жакында адамдын колунан келбеген нерсени ишке ашырат. Ал бардык сарсанааны, ошондой эле анын негизги себептери болгон ооруну, өлүмдү жок кылат. Ыйык Китепте: «Кудай... [адамдардын] көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт»,— делет (Аян 21:4).

«Кудай ага болгон ишенимиңер аркылуу силерди зор кубаныч менен тынчтыкка бөлөйт» (Римдиктер 15:13).

^ 10-абз. Коркуу неврозунан кыйналып жүргөндөрдүн доктурга кайрылганы акылдуулукка жатат. «Ойгонгула!» журналы дарылоо ыкмаларынын эч бир түрүн сунуш кылбайт.