Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жан аябас кызматчылар Мадагаскарда

Жан аябас кызматчылар Мадагаскарда

«ПИОНЕРЛЕРГЕ муктаждык көп жерде кызмат кылган досторум айтып берген окуяларды укканда мен да алардай болуп ошондой кубанычтын даамын татып көргүм келген»,— дейт 27 жаштагы Силвиана деген пионер. Ал: «Бирок бул колуман келбейт го деп ойлогом»,— деп кошумчалайт.

Сенде да Силвиананыкындай сезимдер болобу? Падышалыктын жарчыларына болгон муктаждык чоң жерде кызмат кылгың келип, бирок ал максатка жете аламбы деп ойлондуң беле? Эгер ошондой болсо, эч коркпо. Миңдеген бир туугандар көбүрөөк кызмат кылууга тоскоолдук кылган кыйынчылыктарды Жахабанын жардамы менен жеңип жатышат. Эмесе, алардын айрымдарына Жахабанын кантип эшик ачканын билиш үчүн чоңдугу боюнча дүйнө жүзүндө төртүнчү орунда турган аралга, Мадагаскарга, саякаттап келели.

Эли Ыйык Китепти жогору баалаган Африканын бул жемиштүү аймагына акыркы он жылдын ичинде 11 өлкөдөн 70тен ашуун ынталуу жарчы жана пионер көчүп барган *. Андан тышкары, бул чоң аралдын бардык жерлерине жакшы кабарды жеткирүү үчүн жергиликтүү жарчылар да ал жакка көчүп барууда. Анда алардын айрымдары менен таанышалы.

КОРКУНУЧТУ ЖЕҢҮҮ

Перин менен Луис

30дан өтүп калган Луис менен Перин Мадагаскарга Франциядан көчүп барышкан. Ал жубайлар башка өлкөдө кызмат кылуу жөнүндө көп жылдан бери ойлонуп келатышкан, бирок Перин бир чечимге келе албай жүргөн. Ал мындай дейт: «Бөтөн жерге баргандан кооптоно берчүмүн. Үй-бүлөмдү, жыйналышты, үйүбүздү, өзүбүзгө тааныш жерлердин баарын калтыргандан, көнүп калган күн тартипти өзгөрткөндөн коркчумун. Мага өзүмдүн эле тынчсызданууларым тоскоолдук кылчу. Мен аларды жеңишим керек эле». Акыры, 2012-жылы Перин кайратын жыйнап, жолдошу Луис экөө көчүп кетишкен. Ал чыгарган чечимине кандай карайт? «Өткөндү эстеп, Жахабанын бизге кантип жардам берип келгенин көргөндө ишенимибиз абдан бекемделди деп айта алам»,— деп ой бөлүшөт Перин. Луис болсо: «Элестетсеңер, биринчи эле Эскерүү кечесине биз менен Ыйык Китепти изилдегендердин ону катышты!» — дейт.

Кыйынчылыктар пайда болгондо, аларга кызматын уланта бергенге эмне күч берген? Ал жубайлар Жахабадан туруктуу болгонго жардам беришин сурап жалбарышкан (Флп. 4:13). Луис мындай дейт: «Жахабанын тиленүүбүздү угуп, жан дүйнө тынчтыгын берип жатканын сездик. Ошондой эле кызматыбыздын аркасында алып жаткан кубанычка көңүл топтогонго аракет кылдык. Өз өлкөбүздөгү досторубуз да электрондук кат жөнөтүп, кат жазып, бизди багынбаганга үндөп жатышты» (Флп. 4:6, 7; 2 Кор. 4:7).

Жахаба Луис менен Перинге туруктуулугу үчүн мол бата берген. «2014-жылы октябрда Францияда өткөрүлгөн Жубайлар үчүн ыйык китептик мектепке * чакырылдык,— дейт Луис.— Мектептен билим алуу биз үчүн Жахаба берген унутулгус белек болду». Мектепти бүтүргөндөн кийин жубайлар кайрадан Мадагаскарга дайындалышкан.

«БИЗ СИЛЕР МЕНЕН СЫЙМЫКТАНМАКПЫЗ»

Надине менен Дидиер

Дидиер менен Надине 2010-жылы Франциядан Мадагаскарга көчүп барышкан. Ал учурда жубайлар элүүдөн ашып калган болчу. Дидиер: «Жаш кезибизде пионер болчубуз. Анан үч баланы тарбиялап-өстүрдүк. Балдарыбыз эресеге жеткенде, башка жакта кызмат кылуу жөнүндө ойлоно баштадык»,— дейт. Надине болсо мындай деп ой бөлүшөт: «Балдарыбызды таштап кантип кетип калабыз деп корктум, бирок алар бизге: „Муктаждык көп жерге көчүп кетсеңер, биз силер менен сыймыктанмакпыз“,— дешти. Алардын ошентип айтканы бизге көчүп кетүүгө түрткү берди. Азыр балдарыбыздан алыс жакта жүрсөк да, алар менен бат-бат байланышып, сүйлөшүп турабыз».

Дидиер менен Надинеге малагаси тилин үйрөнүү оңойго турган эмес. Надине жылмайып: «Биз эми 20да эмеспиз да»,— дейт. Аларга эмне жардам берген? Башында ал жубайлар француз тилиндеги жыйналышка барып жүрүшкөн. Кийин малагаси тилин анча-мынча үйрөнүп калганда ошол тилдеги жыйналышка которулушкан. Надине мындай дейт: «Кабарда жолуктурган адамдардын көпчүлүгү Ыйык Китепти изилдегенди жакшы көрүшөт. Көптөрү келгенибизге ыраазычылык билдиришет. Башында түш көрүп жаткандай эле сезилип жатты. Мага бул аймакта пионер болуп кызмат кылган аябай жагат. Эртең менен турганда: „Бүгүн да кызматка чыгам, кандай сонун!“ — деп сүйүнөм».

Дидиер малагаси тилин жаңы үйрөнө баштаган кезин эстеп, жылмая мындай дейт: «Жыйналышты өткөрүп жатканда бир туугандардын эч кимисинин жообун түшүнчү эмесмин. „Рахмат“ дегенди эле билчүмүн. Бир жолу бир эжеге жооп бергени үчүн рахмат айтканымда, анын артында отургандар жооп туура эмес болгонун көрсөтүп, жаңсап калышты. Мен дароо башка бир тууганды сурадым. Ал туура жообун берди болуш керек деп үмүттөнөм».

АЛ КУБАНЫЧ МЕНЕН МАКУЛ БОЛГОН

2005-жылы жыйында Сири менен Надья «Кудайга жаккан максаттарга умтул» деген драманы көрүшкөн. Тиметей жөнүндөгү ал драма жубайлардын жүрөгүн козгоп, жарчыларга муктаждык көп жерде кызмат кылууга болгон каалоосун арттырган. Сири мындай деп эскерет: «Ошол драманын аягында, баарыбыз кол чаап жатканда, жубайыма эңкейе: „Каякка баралы?“ — дедим. Көрсө, жубайым да ошол жөнүндө ойлонуп жатыптыр». Көп өтпөй алар максатына жетүү үчүн тийиштүү кадамдарды жасай башташкан. Надья: «Буюм-тайымдарыбызды азайтып, төрт чамаданга баткыдай эле алып калдык»,— дейт.

Солдо: Надья менен Мэри-Маделин. Оңдо: Сири

Алар Мадагаскарга 2006-жылы барып, кызматты баштаган күндөн тартып эле кубаныч ала башташкан. «Кабарда жолуктурган адамдар бизге зор кубаныч тартуулайт»,— дейт Надья.

Тилекке каршы, жубайлар 6 жылдан кийин бир кыйынчылыкка кабылган. Надьянын апасы Мэри-Маделин кулап кетип, колун сындырып алган, башына да доо кеткен. Жубайлар апасынын доктуру менен кеңешкенден кийин, ага алар менен чогуу Мадагаскарга барып жашоону сунушташкан. Ошол учурда 80де болсо да, ал кубаныч менен макул болгон. Мэри-Маделин башка өлкөдө жашап жатканына кандай карайт? Ал мындай дейт: «Кээде көнүш кыйынга турат, бирок мүмкүнчүлүктөрүмдүн чектелүү болгонуна карабай өзүмдү жыйналышка керектүү сезем. Мени чындап кубандырган нерсе, бул жакта жашоонун аркасында балдарым жемиштүү кызматын улантып жатышат».

«МЕН ЖАХАБАНЫН ЖАРДАМ БЕРИП ЖАТКАНЫН СЕЗДИМ»

Райэн тадрун тилинде сөз сүйлөп жатат

Райэн — 22 жаштагы бир тууган. Ал Мадагаскардын чыгышындагы жери түшүмдүү келген Алаотра-Мангоро деген жерде чоңоюп-өскөн. Райэн мектепте жакшы окугандыктан жогорку окуу жайына тапшырууну көздөчү. Бирок Ыйык Китепти изилдегенден кийин көз карашы өзгөргөн. Ал мындай дейт: «Орто мектепти бүткөндөн кийин Жахабага: „Эгер экзаменден өткөнгө жардам берсең, пионердик кызматты баштайм“,— деп убада бердим». Мектепти бүткөндөн кийин Райэн убадасына ылайык иш кылган. Ал бир пионер бир туугандыкына көчүп барып, көп убактысын албаган жумушка орношуп, пионердик кызматты баштаган. «Бул жашоомдогу эң мыкты чечим болду»,— дейт ал.

Бирок Райэндин туугандары анын эмне үчүн мансапка жетүүгө умтулбаганын түшүнүшкөн эмес. Ал: «Атам, атамдын иниси, карындашы — баары жогорку билим алууга үндөштү. Бирок мен пионердик кызматымды такыр токтоткум келген жок»,— деп ой бөлүшөт. Көп өтпөй Райэн жарчыларга муктаждык бар жерде кызмат кылгысы келе баштаган. Эмне үчүн? Ал мындай дейт: «Үйүбүзгө уурулар кирип, буюм-тайымдарымдын көбүн уурдап кетишти. Ошондо Исанын „байлыкты асманга топтогула“ деген сөздөрү жөнүндө ойлондум. Анан рухий байлык топтоого мурдагыдан да көп күч-аракет жумшоого бел байладым» (Мт. 6:19, 20). Ал өлкөсүнүн түштүк жагына, өзү жашаган жерден 1 300 километр алыстыктагы кургакчыл келген аймакка көчүп кеткен. Ал жакта антадрун деген эл байырлайт. Райэн эмне үчүн ошол аймакка көчүп барган?

Үйүнө ууру киргенге чейин бир ай мурун ал антадрун элинен болгон эки киши менен ыйык китептик изилдөө баштаган. Ал алардын тилинде айрым сөздөрдү үйрөнүп алган жана Падышалык жөнүндөгү кабарды уга элек көптөгөн антадрун эли жөнүндө ойлонгон. Райэн: «Мен Жахабадан тиленип, тадрун тилинде сүйлөгөндөр жашаган аймакка көчүп барууга жардам беришин сурандым»,— дейт.

Ошентип, Райэн ал жакка көчүп барган. Бирок бир көйгөйгө кабылган, тагыраак айтканда, жумуш таба албай койгон. Бир киши ага: «Жумуш табыш үчүн бул жактын эли сен келген жакка көчүп барып жатса, эмнеге бул жакка келдиң?» — деген. Эки жумадан кийин Райэн региондук жыйынга барыш үчүн ал жерден кеткен. Бирок бир аз эле акчасы бар болчу. Ал эмне кыларын билбей сарсанаа болуп жаткан. Анан жыйындын акыркы күнү бир бир тууган анын костюмунун чөнтөгүнө бир нерсе салып койгон. Көрсө, чоң суммадагы акча экен. Ошол акчанын жардамы менен ал кайрадан өзү кызмат кылган аймакка барып, чакан иш баштап, йогурт сата баштаган. «Жахаба мага өз убагында колдоо көрсөттү. Ошонун аркасында мен Жахаба жөнүндө билгиси келгендерге жардам берип, кызматымды уланта алдым!» — дейт Райэн. Ошондой эле ал жердеги жыйналышта көп иштер да бар эле. Ал: «Жума сайын баяндама айтчумун. Жахаба мени уюму аркылуу окутуп-үйрөттү»,— дейт. Райэн Жахаба жөнүндө билгиси келген тадрун тилинде сүйлөгөн көптөгөн адамдарга дагы деле жакшы кабарды айтып жатат.

«ИШЕНИМДҮҮ КУДАЙДАН БАТА» АЛЫШКАН

Жахаба бизди «өзүнө бата сураган ар бир адамдын» андан бата аларына ынандырат (Ыш. 65:16). Көбүрөөк кызмат кылууга тоскоолдук кылган кыйынчылыктарды жеңиш үчүн бүт күчүбүздү жумшасак, ал бизге сөзсүз батасын берет. Макаланын башында сөз кылынган Силвиананы мисалга алалы. Анын өзүн жөндөмсүз сезип, жарчыларга муктаждык көп жерде кызмат кылуудан коркконун эстесең. Эмне үчүн корккон? Силвиана: «Сол бутум оң бутуман 9 сантиметрге кыска. Сылтып баскандыктан бат эле чарчап калам»,— деп бөлүшөт.

Силвиана (солдо) жана Силви Энн (оңдо) Дорэтин менен, Дорэтиндин чөмүлгөн күнү

Ошого карабай Силвиана 2014-жылы аны менен бир жыйналышта кызмат кылган Силви Энн деген жаш пионерге кошулуп, өзүнүн шаарынан 85 километр алыстыкта жайгашкан чакан кыштакка көчүп кеткен. Ошентип, кыйынчылыктарга кабылса да, Силвиананын кыялы ишке ашкан. Ал Жахабадан кандай гана сонун бата алган! «Жаңы жерде кызмат кылганыма бир эле жыл болгондон кийин мени менен Ыйык Китепти изилдеген Дорэтин райондук жыйында чөмүлдү»,— дейт Силвиана.

«МЕН САГА... ЖАРДАМ БЕРЕМ»

Муктаждык көп жерде кызмат кылып жаткан ишеними күчтүү бир туугандардын окуялары көрсөтүп тургандай, көбүрөөк кызмат кылууга жолтоо кылган кыйынчылыкты жеңүүгө аракет кылсак, Жахабанын: «Мен сага күч берем, жардам берем»,— деген убадасынын калетсиз экенине өз тажрыйбабыздан ынана алабыз (Ыш. 41:10). Натыйжада аны менен болгон мамилебиз бекемделет. Андан тышкары, өзүбүз кызмат кылган жердеби же башка өлкөдөбү, жан аябастык менен кызмат кыла берсек, өзүбүздү жаңы заманда бериле турган теократиялык иштерге даярдайбыз. Жогоруда айтылган Дидиер: «Муктаждык бар жерде кызмат кылуу менен келечекке жакшы даярдана алабыз»,— дейт. Мындан ары да көптөгөн жан аябас кызматчылар бул ишке кирише берсин!

^ 4-абз. Жарчылар Канададан, Чех Республикасынан, Франциядан, Германиядан, Гваделупадан, Люксембургдан, Жаңы Каледониядан, Швециядан, Швейцариядан, Улуу Британиядан, Кошмо Штаттардан көчүп барышкан.

^ 8-абз. Азыр Падышалыктын жарчылары үчүн мектеп деп аталат. Чет өлкөдө толук убакыт кызмат кылып жаткан бир туугандар өздөрүнүн өлкөсүндө же башка өлкөдө алардын тилинде өткөрүлгөн мектепке баруу үчүн арыз толтурса болот.