Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жан аябас кызматчылар Орусияда

Жан аябас кызматчылар Орусияда

ОРУСИЯДАГЫ Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине узак убакыт бою тыюу салынып келген. Ошондуктан 1991-жылы алардын ишине уруксат берилип, расмий түрдө катталганда, бир туугандарыбыз абдан кубанган. Ал кезде Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн саны он эсе көбөйөт деп эч кимдин деле оюна келбесе керек. Азыр ал жакта 170 000дей жарчы кызмат кылууда. Ошол ынталуу жарчылардын арасында оруп-жыюу ишине жардам бериш үчүн башка өлкөдөн келген бир туугандар да бар (Мт. 9:37, 38). Келгиле, алардын айрымдары менен таанышып көрөлү.

ЫНТАЛУУ АГА-ИНИЛЕР ЖЫЙНАЛЫШТАРДЫ БЕКЕМДӨӨДӨ

Орусиядагы ишибизге уруксат берилген убакта Улуу Британияда жашаган Мэтью 28де болчу. Ошол жылы өткөн жыйындын бир баяндамасында Чыгыш Европадагы жыйналыштар жардамга абдан муктаж экени баса белгиленген. Баяндамачы Санкт-Петербургдагы бир жыйналышты мисал кылып, анда жалгыз эле кызмат жардамчысы бар экенин жана бир да аксакал жок экенин, ошентсе да жыйналыштагы жарчылар жүздөгөн кишилер менен ыйык китептик изилдөө өткөрүп жатышканын айткан. Мэтью: «Ошол баяндаманы уккандан тартып Орусия такыр оюмдан кетпей койду. Ошондуктан Жахабага ал жакка көчүп баргым келерин айтып тилендим»,— дейт. Ал акча топтоп, мүлкүнүн көбүн сатып, 1992-жылы Орусияга көчүп барган. Анын чечиминин натыйжасы кандай болгон?

Мэтью

Мэтью: «Мага тил үйрөнүү абдан оор болду. Башкалар менен рухий темада жакшы маектеше алчу эмесмин»,— деп эскерет. Үй жагынан да кыйналганын айтып: «Кыска убактын ичинде батирден чыгып кетүүгө туура келген учурлар ушунчалык көп болгондуктан, эсебин да билбей калгам»,— дейт ал. Алгач ошондой кыйынчылыктарга кабылса да, Мэтью Орусияга көчүп барганы жашоосундагы эң туура чечимдеринин бири болгонун айтат. Мунун себебин ал: «Бул жакта кызмат кылуунун аркасында Жахабага көбүрөөк таянууга үйрөндүм жана анын ар кандай жолдор менен жетектегенин сездим»,— деп түшүндүрөт. Мэтью кийинчерээк аксакал жана атайын пионер болуп дайындалган. Азыр болсо Санкт-Петербургга жакын жерде жайгашкан Бейтелде кызмат кылууда.

Хиро 1999-жылы 25 жашында Жапонияда өткөрүлгөн Кызматка окутуу мектебин аяктап жатканда, нускоочуларынын бири аны чет тилиндеги аймакта кызмат кылууга үндөгөн. Орусияда жарчыларга болгон муктаждык чоң экенин угуп, Хиро орус тилин үйрөнө баштаган. Андан сырткары, Орусияга алты айга барып келген. «Ал жакта кыш катуу боло тургандыктан, суукка чыдай алар-албасымды билиш үчүн атайын ноябрь айында бардым»,— дейт Хиро. Кыштан чыккандан кийин ал Жапонияга кайтып барган да, Орусияга биротоло көчүп барыш үчүн акчасын колдон келишинче үнөмдөп, чогулта баштаган.

Хиро менен Светлана

Хиронун Орусияда жашап жатканына 12 жылдын жүзү болду. Ушул күнгө чейин ал бир нече жыйналышка жардам берди. Кээде 100дөн ашык жарчыдан турган жыйналышта жалгыз аксакал болуп кызмат кылган учурлары да болду. Бир жыйналышта жүргөндө ал жума сайын кызмат жолугушуусундагы пунктардын көбүн, Теократиялык кызмат мектебин, «Күзөт мунарасын» изилдөөнү жана беш китеп изилдөө жолугушуусун өткөрчү. Ошондой эле көп бир туугандарга кайтаруучулук жолугууга барып, бекемдеп турчу. Хиро ошол күндөрүн: «Ишенимдештериме рухий жактан бекем болууга жардам бергенден зор кубаныч алчумун»,— деп эскерет. Муктаждык чоң жерде кызмат кылганы ага кандай таасир эткен? «Орусияга келгенге чейин аксакал жана пионер болуп кызмат кылсам да, бул жакка келгенден кийин Жахаба менен таптакыр жаңыча мамиле өрчүткөндөй эле болдум. Ага жашоомдун бардык тармагында көбүрөөк таянганга үйрөндүм»,— дейт Хиро. Ал 2005-жылы Светлана деген бир тууган менен баш кошуп, экөө азыр пионер болуп кызмат кылып жатышат.

Майкл менен Ольга жана Марина менен Мэтью

34төгү Мэтью менен анын 28деги иниси Майкл Канададан болушат. Алар бир жолу Орусияга келгенде жыйналышка ушунчалык көп кызыгуучулар келерин, бирок жолугушууларды өткөргөн бир туугандар абдан аз экенин көрүп, таң калышкан. Мэтью: «Мен барган жыйналышка 200 киши келди. Ал эми жолугушууларды улгайып калган аксакал менен жаш кызмат жардамчысы эле өткөрдү. Муну көргөндө ал жакка көчүп барып, жардам бергим келди»,— дейт. Ал Орусияга 2002-жылы көчүп барган.

Төрт жылдан кийин иниси Майкл да Орусияга көчүп барган жана көп өтпөй ага-инилердин дагы деле жетишсиз экенин байкаган. Кызмат жардамчысы катары ал эсеп-кысапка, адабиятка, аймакка жооптуу болуп дайындалган. Бир туугандар андан жыйналыштын катчысынын милдетине кирген иштерди да аткарууну суранышкан. Ошондой эле ал баяндама айтчу жана жыйындарды, Падышалык залдарын куруу иштерин уюштурууга көмөк кылчу. Ал жактагы жыйналыштар азыр деле жардамга муктаж. Өзүнө тапшырылган иштер көп күч-аракетти талап кылса да, Майкл: «Бир туугандарга жардам берүү мага зор канааттануу тартуулайт. Мен үчүн мындан өткөн жакшы жол жок!» — дейт.

Убакыттын өтүшү менен Мэтью Маринага, Майкл болсо Ольгага үйлөнгөн. Төртөө тең башка көптөгөн жан аябас кызматчылар менен бирге дүркүрөп өсүп жаткан жыйналыштарга колдоо көрсөтүүдө.

ЖИГЕРДҮҮ ЭЖЕ-КАРЫНДАШТАР ТҮШҮМ ЖЫЙНООГО САЛЫМ КОШУУДА

Татьяна

1994-жылы украиналык Татьяна 16 жашта болчу. Ошол жылы анын жыйналышына Чех Республикасынан, Польшадан жана Словакиядан алты атайын пионер дайындалган. Татьяна: «Ал ынталуу пионерлер кайрылууга оңой, боорукер бир туугандар эле жана Ыйык Китепти жакшы билишчү» — деп, жылуу сезим менен эскерет. Жан аябастыгы үчүн алардын Жахабадан мол бата алып жатышканын көрүп, Татьяна: «Мен да ушулардай болсом»,— деп кыялданчу.

Атайын пионерлердин үлгүсү күчтүү таасир эткендиктен, ал каникул убагында башка жарчылар менен чогуу Украинанын жана Белорусиянын такыр иштетилбеген аймактарына барып кабар айтчу. Бул ушунчалык жаккандыктан, Татьяна көбүрөөк кызмат кылуу үчүн Орусияга көчүп барууну ойлонуштура баштаган. Адегенде ал жакка чет өлкөдөн келип кызмат кылып жаткан бир эженикинде конок болуп, пионердик кызматын аткарууга жолтоо болбой турган жумуш караштырыш үчүн барган. Анан 2000-жылы ал жакка көчүп кеткен. Жаңы жерге көнүп кетүү ага оңой болгонбу?

Татьяна мындай дейт: «Өзүнчө жашоого шартым болбогондуктан, бирөөлөрдүн үйүнүн бир бөлмөсүн ижарага алууга туура келди. Андай жерде жашоо оңой болгон жок. Кээде үйүмө кетип калгым келчү. Бирок Жахаба кызматымды уланта берүүнүн пайдалуу жактарын көрүүгө жардам берип турду». Бүгүнкү күндө Татьяна Орусияда миссионер болуп кызмат кылат. Ал сөзүн: «Башка өлкөдө кызмат кылган жылдары баа жеткис тажрыйбага ээ болдум жана көп досторду таптым. Баарынан маанилүүсү, ишенимим ого бетер бекемделди»,— деп жыйынтыктайт.

Масако

Азыр 50лөргө чыгып калган жапониялык Масако жаш кезинен бери миссионер болууну самап келген, бирок ден соолугуна байланыштуу бул ага мүмкүн эместей сезилчү. Анткен менен кийинчерээк ден соолугу бир аз жакшырганда, Орусиядагы бир туугандарга оруп-жыюу ишине жардам берүүнү чечкен. Ага ылайыктуу турак-жай, туруктуу жумуш табуу кыйын болгон. Өзүн камсыз кылыш үчүн Масако башкаларга жапон тилин үйрөткөн жана үй жыйнап иштеген. Ага кызматын уланта берүүгө эмне жардам берген?

Орусиядагы 14 жылдан берки кызматы тууралуу Масако мындай дейт: «Кызматтан алган кубанычым кыйынчылыктардын баарын жаап кетет. Муктаждык бар жерде кызмат кылуунун аркасында жашоом маңыздуу өтүүдө... Жахабанын ушунча жыл бою мени тамак-аш, кийим-кече, үй-жай менен камсыз кылып келатканын керемет деп эсептейм». Орусиядан тышкары, Масако Кыргызстанда да кызмат кылган. Ошондой эле англис, кытай, уйгур тилиндеги топторго да жардам берген. Учурда ал Санкт-Петербургда пионер болуп кызмат кылууда.

ҮЙ-БҮЛӨЛӨР КАБАР АЙТУУ ИШИН КОЛДОП, БАТА АЛУУДА

Инга менен Михаил

Бүгүнкү күндө көптөгөн үй-бүлөлөр экономикалык кыйынчылыктардан улам акча табыш үчүн чет өлкөлөргө кетип жатышат. Бирок айрым үй-бүлөлөр башка жактарга, Ыбрайым пайгамбар менен Саарага окшоп, рухий максаттарды көздөгөндүктөн көчүп барууда (Башт. 12:1—9). Буга Михаил менен Инга деген жубайлар мисал боло алат. Ал экөө Украинадан Орусияга 2003-жылы көчүп барышкан. Көп өтпөй эле алар Ыйык Китептеги чындыкка суусаган адамдарды табышкан.

Михаил мындай дейт: «Такыр иштетилбеген аймакта кабар айтып жүрүп бир жолу кары кишиге жолугуп калдык. Ал бизден: „Силер кабарчысыңарбы?“ — деп сурады. Биз кабарчы экенибизди айтканда, ал: „Акыры бир күнү келериңерди билгем. Себеби Исанын сөздөрү аткарылбай калмак эмес“ — деп, Матай 24:14тү цитата кылды». Михаил сөзүн мындай деп улайт: «Ошол аймактан чындыкка суусаган жүрөгү таза он чакты баптист аялды да кезиктирдик. Аларда „Түбөлүк жашоо“ деген китеп бар экен. Анын жардамы менен жума сайын Ыйык Китепти изилдеп жүрүшүптүр. Алардын көптөгөн суроолоруна жооп берип, чогуу Падышалык ырларын ырдап, тамактанып, бир топко чейин отурдук. Ошол күн эң эле кызыктуу күндөрдүн бири болду». Михаил менен Инга жарчылар аз жерде кызмат кылуунун аркасында Жахабага ого бетер жакындашканын, адамдарга болгон сүйүүсү өскөнүн жана жашоодон көбүрөөк канааттануу алып жатышканын айтышат. Учурда алар кыдыруучулук кызматты аткарууда.

Оксана, Алексей, Юрий

Украиналык түгөйлөр Юрий жана Оксана уулу Алексей менен чогуу 2007-жылы Орусиядагы филиалга экскурсияга барышкан. Азыр алар 35 жаштарда, ал эми уулу 13тө. Картаны карап жатып алар Орусияда дайындалбаган аймактардын абдан көп экенин байкашкан. «Картаны көргөндөн кийин ал жакта жарчыларга муктаждык чоң экенин мурдагыдан да көбүрөөк түшүнүп калдык. Ошондон тартып Орусияга көчүп барууну ойлонуштура баштадык»,— дейт Оксана. Оюн ишке ашырыш үчүн алар эмне кылышкан? Юрий: «Бизге адабияттарыбыздагы „Башка өлкөдө кызмат кыла аласыңбы?“ деген сыяктуу макалаларды окуу жардам берди *. Андан сырткары, Орусиядагы филиал сунуш кылган аймактарга барып, жашай турган жер, жумуш караштырдык»,— дейт. Алар Орусияга 2008-жылы көчүп барышкан.

Башында алар жумуш таппай кыйналгандан сырткары, улам бир жерге көчүүгө аргасыз болушкан. Юрий мындай деп эскерет: «Биз ындыныбыз өчүп калбаса экен деп көп тиленчүбүз. Анан Жахабанын колдооруна толук ишенип, кабар айта берчүбүз. Падышалыктын кызыкчылыктарын биринчи орунга койгонубузда анын бизге сөзсүз кам көрөрүнө ынандык. Бул кызмат үй-бүлөбүздү бекемдеди» (Мт. 6:22, 33). Муктаждык чоң жерде кызмат кылуу жаш Алексейге кандай таасир эткен? «Бул ага аябай жакшы таасир этти,— дейт анын апасы.— Ал өзүн Жахабага арнап, 9 жашында чөмүлдү. Жарчыларга муктаждык чоң экенин көргөндүктөн каникул сайын көмөкчү пионер болуп кызмат кылат. Уулубуздун кызматты жакшы көрөрүн, ага ынталуу катышарын көрүп, аябай сүйүнөбүз». Бүгүнкү күндө Юрий менен Оксана атайын пионердик кызматты аркалап жатышат.

«МЕНИ ӨКҮНДҮРГӨН БИР ЭЛЕ НЕРСЕ»

Оруп-жыюу ишине катышып жаткан бир туугандардын жогоруда айткан сөздөрүнөн айкын көрүнүп тургандай, көбүрөөк кызмат кылуу максатында башка жакка көчүп баруу үчүн Жахабага толугу менен таянуу зарыл. Жарчылар аз жерде кызмат кылгандар кыйынчылыктарга туш болбой коюшпайт. Бирок алар кызыккан адамдарга жакшы кабарды айтуудан зор кубаныч алышат. Сен да муктаждык чоң жерде кызмат кылып, ал жактагы түшүмдү жыйноого жардам бере аласыңбы? Эгер ошондой кылууну чечсең, көп өтпөй эле Юрийдикиндей сезимде болоруң шексиз. Ал: «Мени өкүндүргөн бир эле нерсе — кызматтын бул түрүн эртерээк баштабаганым»,— деген.

^ 20-абз. 1999-жылы 15-октябрда чыккан «Күзөт мунарасынын» (ор.) 23—27-беттерин карагыла.