Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эрик менен Эми

Жан аябас кызматчылар. Ганада

Жан аябас кызматчылар. Ганада

ПАДЫШАЛЫКТЫН жарчылары аз жерге көчүп барган бир туугандарды билесиңби? Биз көбүнчө аларды «муктаждык боюнча кеткендер» деп коёбуз. Балким, сен: «Аларга чет өлкөдө кызмат кылууга эмне түрткү берген? Кызматтын бул түрүн башташ үчүн кандай даярдыктарды көрүшкөн? Мен дагы алардай болуп кызмат кыла аламбы?» — деп ойлонуп көргөндүрсүң. Бул суроолордун жообун андай бир туугандардын өз оозунан угуп көрүүдөн өтөр эчтеке жок. Кел анда, аларга кулак төшөйлү.

АЛАРГА ЭМНЕ ТҮРТКҮ БЕРГЕН?

Эмнеден улам жарчылар аз жерде кызмат кылуу тууралуу ойлоно баштадыңар эле? 35 жаштардагы Эми Кошмо Штаттарда төрөлүп-өскөн. Ал: «Бир канча жыл бою муктаждык бар жерде кызмат кылуу жөнүндө ойлонуп жүрдүм. Бирок бул мага ишке ашпачудай сезилчү»,— дейт. Анда ага эмне жардам берген? «2004-жылы Белизде пионер болуп кызмат кылган жубайлар мени өздөрү менен чогуу бир айга пионер болуп кызмат кылып кетүүгө чакырышты. Ошентип, ал жакка бардым. Ал жерде кызмат кылуу аябай сонун экен. Ошондуктан бир жыл өткөндөн кийин Ганага көчүп барып, пионер болуп кызмат кыла баштадым»,— дейт ал.

Арон менен Стефани

30дарга келип калган, Кошмо Штаттардан болгон Стефани бир нече жыл мурун өзүнүн жагдай-шартын жакшылап таразалап көргөндөн кийин: «Ден соолугум жакшы, кам көрө турган үй-бүлөм жок. Демек, Жахабага азыркыдан да көбүрөөк кызмат кылсам болот да»,— деп ой жүгүрткөн. Ошентип, өзүн чынчылдык менен текшергендин аркасында ал Ганага көчүп барууга түрткү алган. Ал эми пионер болуп кызмат кылган даниялык Филип жана Ида деген 60 жаштардагы жубайлар жарчылар аз жерде кызмат кылууну аябай самап келишкен. Ошондуктан кыялын ишке ашыруунун жолдорун издешкен. «Мүмкүнчүлүк түзүлөр замат Жахаба: „Мына, эми жөнөсөңөр болот!“ — деп айткандай эле болгон»,— дейт Филип. Алар 2008-жылы Ганага көчүп барып, ал жакта үч жылдан ашык убакыт кызмат кылышкан.

Брук менен Ханс

30 жаштардагы Ханс жана Брук деген жубайлар учурда Кошмо Штаттарда пионер болуп кызмат кылып жатышат. 2005-жылы алар «Катрина» куюнунан жабыр тарткандарга жардам беришкен. Кийинчерээк эл аралык курулуш ишине арыз толтурушкан, бирок чакырылышкан эмес. Ханс мындай дейт: «Бир жолу региондук жыйындагы бир баяндамада Дөөтү падышанын ибадаткананы аябай кургусу келгени, бирок Жахаба ибадаткананы анын уулу кура турганын айтканда, максаттарын өзгөрткөнү тууралуу айтылган болчу. Ошондо биз рухий максаттардын өзгөргөнүнүн эч жаман жери жок экенин түшүнгөнбүз» (1 Жылн. 17:1—4, 11, 12; 22:5—11). «Көрсө, Жахаба башка эшикти да тыкылдатышыбызды каалап жатыптыр»,— деп кошумчалайт Брук.

Башка өлкөлөрдө кызмат кылган досторунан жүрөк толкутарлык сонун окуяларды укканда Ханс менен Брук да, алардай болуп, бөтөн жерде пионер болуп кызмат кылгысы келе баштаган. 2012-жылы Ганага 4 айга барып, жаңдоо тилиндеги жыйналышка жардам беришкен. Кийин Кошмо Штаттарга кайтып барууга туура келсе да, Ганадагы кубанычтуу күндөрү аларга Падышалыктын иштерин андан ары да биринчи орунга коюуга түрткү берген. Алардын Микронезиядагы филиалдагы курулуш ишине катышууга мүмкүнчүлүгү болгон.

МАКСАТЫНА ЖЕТҮҮ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛЫШКАН?

Жарчылар аз жерде кызмат кылууга кантип даярдангансыңар? Стефани мындай дейт: «Жарчыларга муктаждык чоң жерде кызмат кылууга байланыштуу „Күзөт мунарасына“ чыккан макалаларды изилдедим *. Ошондой эле жыйналыштагы аксакалдар, райондук көзөмөлчү жана анын жубайы менен сүйлөшүп, башка жакта кызмат кылгым келерин айттым. Баарынан да, максатым тууралуу Жахабага айтып, көп тиленчүмүн». Андан тышкары, Стефани андан ары да жөнөкөй жашап, чет өлкөдө кызмат кылуу үчүн акча чогулткан.

Ханс: «Жахаба бизди каякка жиберсе, ошол жакка баргыбыз келгендиктен андан жетекчилик сурап тиленчүбүз. Биз ага ойлогон оюбузду качан ишке ашыргыбыз келерин да так айтчубуз»,— дейт. Жубайы экөө төрт филиалга кат жиберип, Ганадагы филиалдан жооп алышкан. Ошентип, ал жакка эки айга барышкан. Бирок Ханс: «Жыйналыштагылар менен кызматташуу ушунчалык жагып калгандыктан, андан да көп убакытка калып калдык»,— деп кошумчалайт.

Адриа менен Жорж

40ка чукулдап калган канадалык Жорж менен Адриа Жахабанын жакшы ой-тилектерге эмес, жакшы чечимдерге батасын берерин эсинен чыгарышчу эмес. Ошондуктан максатын ишке ашырыш үчүн чечкиндүү иш-аракет кылышкан. Мисалы, муктаждык боюнча Ганага көчүп барган бир эже менен байланышып, көп нерсе жөнүндө сурашкан. Ошондой эле Канада менен Ганадагы филиалдарга кат жазышкан. Адриа: «Мындан тышкары, биз жашообузду мурдагыдан да жөнөкөйлөтүүнүн жолдорун издедик»,— дейт. Ушундай кадамдарды жасоонун аркасында Жорж менен Адриа 2004-жылы Ганага көчүп барышкан.

КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРДЫ ЖЕҢҮҮ

Көчүп баргандан кийин кандай кыйынчылыктарга туш болдуңар жана аларды кантип жеңдиңер? Жогоруда айтылган Эми бир тууганыбыз үйүн сагынган. «Бул жакта баары такыр башкача экен»,— дейт ал. Кыйынчылыгын кантип жеңгени жөнүндө болсо мындай дейт: «Үйүмдөгүлөрдүн телефон чалып, кызматымды аябай баалаарын айтып турганы бул жакка эмне үчүн көчүп келгенимди унутпаганга жардам берди. Кийинчерээк алар менен видео байланыш аркылуу сүйлөшө баштадым. Үйүмдөгүлөр менен ошентип көрүшүп тургандыктан, алар мага анчалык деле алыс сезилбей калды». Андан тышкары, ошол жерлик тажрыйбалуу бир эже менен дос болгону ага башка маданияттын өзгөчөлүктөрүн түшүнүүгө жардам берген. Ал: «Башкалардын эмне үчүн мындай же тигиндей иш кылып жатканын түшүнбөй калганда дароо эле ошол досума барчумун. Аны менен кеңешип туруунун аркасында эмне кылганым туура болорун, эмнеден качышым керектигин үйрөндүм. Бул болсо кызматымды кубанычтуу аткарууга чоң жардам берди»,— дейт.

Жорж менен Адриа Ганага биринчи жолу барганда байыркы убакка түшүп калгандай эле болушкан. «Кир жуугуч машиненин ордуна чылапчын колдоно баштадык. Тамак жасаганга мурункудан 10 эсе көп убакыт кеткендей сезилчү,— дейт Адриа.— Бирок убакыттын өтүшү менен оор жагдайларга тек гана жаңы нерседей карап калдык». Ал эми Брук: «Пионердик кызмат кыйынчылыктар менен коштолсо да, жашообуз маңыздуу өтүүдө. Ишенимибизди бекемдеген окуялардын баарын кошо келгенде, жагымдуу эскерүүлөрдөн турган кооз гүлдесте пайда болгондой сезилет»,— дейт.

КАНДАЙ БАТА АЛЫШУУДА?

Эмне үчүн башкаларга кызматтын ушул түрүнө катышып көрүүнү сунуштайсыңар? «Чындыкка суусап, Ыйык Китепти изилдегиси келген адамдарды күн сайын жолуктурган аймакта кабар айтуу чексиз кубаныч тартуулайт,— дейт Стефани.— Муктаждык чоң жерге көчүп келгеним жашоомдогу эң жакшы чечимдердин бири болду!» 2014-жылы Стефани Арон деген бир тууганга турмушка чыккан. Учурда алар Ганадагы филиалда кызмат кылып жатышат.

Германиядан болгон 30 жаштардагы Кристин деген пионер: «Кызматтын бул түрү ушунчалык кызыктуу»,— дейт. Ал Ганага көчүп барганга чейин Боливияда кызмат кылчу. Кристин мындай деп кошумчалайт: «Үйүмдөн алыс жүргөндүктөн жардамга муктаж болгондо дайыма Жахабага кайрылчумун. Мунун аркасында ага болгон ишенимим ого бетер бекемделди. Жахабанын элинин арасында биримдик өкүм сүрөрүн да өз көзүм менен көрө алдым. Бул кызмат жашоомду кадимкидей байытты». Ал жакында эле Гидеон деген бир тууган менен баш кошкон. Азыркы тапта экөө Ганада кызмат кылууда.

Кристин менен Гидеон

Филип менен Ида алар менен Ыйык Китепти изилдегендерге рухий жактан ийгилик кылууга жакшыраак жардам берүү үчүн эмне кылышканын айтып беришкен. Алар: «Мурда 15 же андан көп киши менен изилдечүбүз. Бирок изилдеп жаткандарга жакшыраак кам көрө алышыбыз үчүн ал санды 10го кыскартканбыз»,— дейт. Бул жакшы натыйжа бергенби? Филип мындай дейт: «Мен Майкл деген жигит менен изилдечүмүн. Ал күн сайын изилдегендиктен жана дайыма жакшы даярданып келгендиктен, „Ыйык Китепте эмне делет?“ китебин бир айда эле бүтүп койдук. Анан Майкл чөмүлө элек жарчы болду. Кызматка биринчи жолу чыккан күнү эле ал менден: „Мага ыйык китептик изилдөөлөрдү өткөрүүгө жардам бере аласыңбы?“ — деп сурады. Аны таң калып карап калсам, Майкл үч изилдөө баштаганын жана аларды өткөргөнгө жардам керек болуп жатканын айтты». Элестетсең, Кудайдын Сөзүн окуткандарга болгон муктаждык ушунчалык чоң болгондуктан, атүгүл Ыйык Китепти изилдеп жаткандар да башкаларды окутуп-үйрөтүп жатышат!

Ида менен Филип

Жарчыларга болгон муктаждык чындап эле чоң экенин Эми дароо эле байкаган. Ал: «Ганага баргандан көп өтпөй бир кичинекей кыштакта кабар айтып, кулагы укпаган адамдарды издедик. Ошол айылдан эле бир эмес, сегиз киши чыкты!» — деп эскерет. Кийинчерээк Эми Эрик деген ишенимдеши менен турмуш куруп, атайын пионер болуп кызмат кыла баштаган. Алар 300дөн ашуун кулагы укпаган жарчыга жана кызыгуучуларга жардам берүү үчүн жаңдоо тилиндеги жыйналышта кызмат кылууда. Жорж менен Адриа болсо Ганада кызмат кылуунун аркасында миссионердик жашоонун даамын татып көрүшкөн. Ошондуктан Гилат мектебинин 126-классына чакырылганда алар кандай гана сүйүнүшкөн! Учурда экөө Мозамбикте миссионердик кызматты аркалап жатышат.

АЛАРГА СҮЙҮҮ ТҮРТКҮ БЕРҮҮДӨ

Ар кайсы өлкөдөн болгон көптөгөн бир туугандарыбыздын жергиликтүү ишенимдештери менен чогуу оруп-жыюу ишине жигердүү катышып жатканын көргөндө жүрөгүң жылыбай койбойт (Жкн. 4:35). Ганада бир жылдын ичинде жума сайын орто эсеп менен 120 киши чөмүлүүдө. Ал жакка көчүп барган 17 бир тууганыбызга окшоп, дүйнө жүзү боюнча миңдеген ишенимдештерибиз Жахабаны сүйгөндүктөн даярдуулук көрсөтүп, муктаждык чоң жерлерде кызмат кылып жатышат. Жан аябас андай кызматчыларын көргөндө, Жахабанын жүрөгү кубанары шексиз! (Заб. 110:3; Накыл 27:11).

^ 9-абз. Төмөнкү макалаларды да кара: «Күзөт мунарасы», 2009-жыл, 15-апрель, «Муктаждык бар жерде кызмат кыла аласыңбы?» жана 2009-жыл, 15-декабрь, «Македонияга бара аласыңбы?»